Кубаныч Сатаев, ырчы: «МУРУН ЧУБАКТЫН УУЛУ ДЕШСЕ, ЭМИ САЛАМАТ CАДЫКОВАНЫН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ ДЕП КАЛЫШТЫ»

Менин дүйнөм«Атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул» деген сөз бекеринен айтылбагандыр. Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев менен баёо балалыктан тартып 3 уулдун атасы болгонго чейинки өмүр сүртүмдөрүнө кайрылдык. Каарманыбыз «Мени атам менен көп адаштырышат. «Чубак, кандай?» деп кайрылып алгандар да бар» дейт.

«АВТОБУСТУН АСТЫНА КИРИП КЕТКЕМ»

– Мен Таластын Ключевка (азыркы Боо-Терек) айылында чоңойдум. Улуу небере болгондуктан, биринчи кубанычыбыз бек болсун деп чоң апам атымды Кубанычбек коюптур. Эркелигимден такыр колдон түшчү эмес экенмин. Чоң атам менен чоң апамдын колунда өскөндүктөн, алар мага сөз тийгизишчү эмес. Тентек элем, бутумду сындырып алган, жүрүп бараткан автобустун астына кирип кеткен күндөр болду. Биздин үй чоң жолдун боюнда жайгашкан.
Бир жолу уйдун бадасы келе турган маалда эжем мени чакырып калды. 5 жашар оюнкарак баламын, чуркап барып эле кантип Икарус автобусунун астына кирип кеткенимди билбейм. Дагы жакшы, эки дөңгөлөктүн ортосунда калыпмын. Бетим дөңгөлөккө тийип сыйрылып калган. Кудай сактап, аман калгам.
Атам иним Бакытты аябай жакшы көрчү. Тилекке каршы, иним 6 жашында автокырсыктан каза болуп, атам көпкө депрессия болуп жүрдү.

«АТАҢ ЖОК» ДЕГЕН СӨЗ ООР ТИЙЧҮ»

– Атам жылына бир-эки жолу үйгө келгени болбосо жер кезип гастролдоп эле жүрчү. Апамдын ошондон көңүлү калса керек, мени «ырчы болбой бөлөк кесипти тандачы» дей берет эле. Кийинчерээк деле атам бир учурда төрт жумушта иштеп жүрдү. Ал кезде атамды түшүнбөсөм, азыр өзүм балалуу болуп билип отурам. Байкуш атам балдарын багам деп ошентип тытынып иштечү тура.
Атам 5-класс­та окуп жүргөндө кайтыш болду. Ошондон бери ата мээримин көрбөй өстүм. Такыр эсимден кетпейт, мектептерге гуманитардык жардам келчү эмес беле. Мага да «атаң жок» деп жардам беришсе жүрөгүм ооруп, аябай жагымсыз болор эле.
Бала кезден чыгармачыл адамдар менен аралашып жүрүп мен да ошол чөйрөгө тартылып кеттим. Мектепти аяктаганда Талас облустук администрациясы окуу акымды төлөп, Искусство институтунда кинооператорлук кесипке тапшырдым. Студент кезде жатаканада жашап өз алдынча жашоого үйрөндүм. Ачка-ток болдук, «дедовщина» деген нерселерди баштан өткөрдүк дегендей. Атам жок, артымдан колдогон кишим болбогондон кийин өз алдымча аракет кылып баштадым. Сабактан чыгып алып фотограф болуп иштечүмүн.
Кийинчерээк Улуттук филармониянын астындагы студияга тапшырып, 2 жыл бою биринчи турунан өтүп, экинчисинен кулап калып убара тарттым. Аттарын айтпай эле коёюн, айрым адамдар менин өтүшүмө каршы болушкан. Балким, атама байланыштуу маселелер болгонбу деп коём. Кийин Опера-балет театрынын астындагы студияда өткөн сынакка катышып, Кайыргүл Сартбаева эжекебиз «классикалык сонун үнүң бар турбайбы» деп дароо өткөрүп салды. Сүйүнгөнүмдү айтпа. Эжени ошондо аябай жакшы көрүп калгам. Ал жактан СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиев агайдан вокал боюнча сабак алдым. Окууну бүтүп алып Таласта музыкант болуп иштеп жүрдүм. Тааныш байкелер келип «бул жактан өспөйсүң, борборго бар» дешкенинен Бишкекти көздөй бет алдым.

«3 АЙ ЫРДАП 8000 ДОЛЛАР ТАПКАМ»

– 2006-жылы Бишкекке келип эле «Бахчасарай» деген чайканада Кубаныч Ажыбаев экөөбүз иштеп баштадык. Экөөбүз алгачкылардан болуп кафеде жандуу музыканы аккордеон, комуз менен аткарганбыз. Кыргыздын саясий-бизнес элитасы ошол жакка барып эс алганды жактырышар эле. Иштеп жүрүп үнүбүздү таптадык, тааныш арттырдык. 3 айдын ичинде 7-8 миң доллардан тапканбыз. Ал жактан тапкан акчамды чыгармачылыкка жумшап ыр жаздырдым, клип тарттырдым.
Азамат деген казак байке биздин үнүбүздү аябай жактырчу. Кыргыздар сый деп 2000-3000 сом кыстарса, ал ар бирибизге 200 доллардан кыстарып «ставкабызды» көтөргөн.

«КУНДУЗДУ ОЙ-БОЮНА КОЙБОЙ ЖООБУН АЛГАМ»

– Жубайым Кундузга Бишкектеги кафелердин биринде үйлөнүү сунушун киргизгем. Келинчегим «ойлонуп көрөйүн» деп бир топко жообун берген жок. Ой-боюна койбой эле макулдугун алдым. Экөөбүздүн окшош жактарыбыз көп, мен ырчынын баласы, ал ырчынын (ред. Саламат Садыкованын) кызы, сүйлөшө келсек оюбуз бир. Эки жыл ичинде бири-бирибизди сынап отуруп үйлөнүүнү туура көрдүк. Кээ бир үй-бүлөнү карасаң үйлөнгөндөн кийин чыгармачылыгы буулуп калат. Бактыма жараша, Кундуз мени бардык жактан колдоп келет.
Үч балабыз удаа төрөлүп чынында бир аз кыйналып калдык. Эркек балдар да өзгөчө тентек болот экен, пикирлери келишпей калат, үчөөнүн мүнөзү үч башка. Улуу балабыз Алишах менен Санат мушташып эле келе жатышат, бир жаштан бери атаандашып «разборкасы» бүтпөй койду. Кундуз экөөбүз тамашалап калабыз, «булар деги токтолот бекен?» деп. Кенжебиз Айкөл болсо туруш-турпаты менен мени тарткан. «Балалуу үй – базар» дегендей, балдарыбызга болгон дараметибизди жумшап, окутуп, тарбия берип келебиз.

«КЫЗЫП АЛГАНДАР АТАҢДЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮМҮН ДЕП КӨП АЙТЫШАТ»

– Мурун мени Чубак Сатаевдин баласы деп айтышса, азыр Саламат Садыкованын күйөө баласы деп айтып калышты (күлүп). Кээде аксакал кишилер өзүнө айта алышпай «кайненеңди жаш кезимде жакшы көрчүмүн, салам айтып кой» деп мага айтышат. Атамдын күйөрмандары тойлордо кызып алып «атаң «красавчик» киши эле, жакшы көрчүмүн» деп айтып калышат. Айтор, менде эки жактан тең жоопкерчилик чоң.
Быйыл 6 жыл болуптур концерт бере элегиме. Тойго кызыгып эле жүрө бербей, элге руханий азык болчу ырларды тартуулап, ырчы болгондон кийин отчёттук концерт берейин деп ойлодум. Атамдын архивдерин казып отуруп сүйүү, анан Бишкек жөнүндө элге жете элек 2 ырын таап алдым, 9-ноябрда филармонияда өтчү жеке концертимде ошол ырларды элге алып чыгам.

"Кээде тойдо "апаңды жакшы көрчүмүн" деп күйөрмандары апама менден салам айттырышат".
"2-класстын окуучусумун. Атам Таласка келген сайын Манастын күмбөзүнө барып зыярат кылчу".
"Улуу балабыз таенесин, ортончубуз чоң атасын, кичинекейибиз мени тарткан".


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кубаныч Сатаев: "Кээ бир адамдар Саламат Садыкованын кызын атайлап алып алган деп ойлошот"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Birimdik5555
2017-11-07 23:06:34
Ахамат уй-булон менен бирге бол ар дайым,оркунун осо берсин!
0
ksb
2017-11-08 02:57:22
Эми эл айтып жатат да С.Садыкованын куйоо баласы деп.С.Садыкова оңой ырчы эмес,бир эмес эки өлкөнүн эл артисти,элдин оозунда элек жок деген кеп бар. Кубаныч-жонокой,кичи пейил адам экени корунуп турат,жубайы да мыкты адамдын кызы, жакшынакай төп келишкен үй бүлөө,мончоктой балдары бар экен.Аман болгула,чыгармачылыгынарга ийгилик,кээ бирлер ойду тоону суйлой беришет
+4
erkeleim
2017-11-08 04:54:23
Азамат жигит дагы да атандын ырларын жанырта бер
+1
Nanei
2017-11-08 14:26:32
Голосу на любителя. Бирок харизма деген такыр жок. Мирбек,Султан деле красавчик эмес бирок харизмасы кучту алардын.
0
Pandora
2017-11-08 19:56:45
Жакпайт,озунун бир жаны ыры жок атасынын эле ыры менен журот.Озунон 8жаг улууга уйлогон эркекда эркекпи?
-2
Ali80
2017-11-10 11:21:46
Pandora, Супер инфого келиши эле эл оозуна алынганы да. ХХХХХ аялы озунон уулу болсо эмне экен зато биринчи аялы, Саламат эженин куйо баласы болсо эмне экен, президентин кызы болок улутка деле тийип атпайбы, харизмасы жок дейсинер, харизмасы жокторду президент кылып шайладынар го. Сындаганда чеги менен болсонор ХХХХХХХ Кубаныч алга анча мынча ХХХХХ тенелбей оз жолунду улай бер. Ийгили
+2
orxidey
2017-11-08 20:00:51
Эн туура жонокой суйлоду озунорчоле аталадан соок чыгарбагылачы кыйын болуп.
+1
Miya
2017-11-09 00:54:01
Аялы озунон чон болсо керек. Аялынын биринчи куйоосу Ким эле?
0
alben
2017-11-09 03:13:28
Балдарынын розборкасы бүтпөгөнү кызык экен )))
+2
Nora
2017-11-09 06:07:38
xa xa xaaaaaa,, maga baldarynyn razborkasy butpoi koigonu jakty, ot dushu kulup aldym.
+3
Jelezo
2017-11-09 11:35:16
Азамат ата баласы,эч нерсе эмес пайгамбар өзүнөн улууга үйлөнгөн эл оозунда элек жок капа болбо
+1
nazgul20
2017-11-09 11:58:22
Саламат Садыкованын эмес эле, Чубак Сатаевдин баласы катары таанычыбыз эми билип журобуз Саламат Садыкованын куйо баласы экенин
+2
Alin16
2017-11-09 16:50:24
Аябай сыйлай Кубаныч Сатаевди, орду менен суйлогону, озун алып жургону жагат.Ырлары да уккулуктуу.Ийгилик!!!!!!
+1
Kroxa
2017-11-10 21:47:23
8 жаш улуу болсо эмне экен озалоруно пара эле экен..менин 2 кайынсиндим 12 жаш улуу..куйоолорунон..
+1
toktogul0322
2017-11-12 00:26:57
Журналис кыз Анапия ырчы эжекебиздин кызыбы.
0
Adeli_Jasi
2017-11-12 21:33:38
Суйуу жашка карабайт дейт го.Уй булоолук бакыт каалайм!
0
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан