ЖӨНӨКӨЙ. ЭМГЕКЧИЛ. ЭЛГЕ ЖАКЫН. Жаңы ажо тууралуу эмнелерди билебиз?

Кыргызда жаңыдан шайланган президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу маалыматтар башка үлкөн саясатчыларга салыштырмалуу аз. Ал маекти өтө аз берген адам. Үгүт кампаниясында «сүйлөгөндөн көрө, иштегенди жакшы көргөн адам» деп көрсөтүү менен анын бул мүнөзүн командасы кошумча упай топтоого пайдаланышты. Эмгек жолун 18 жашында мугалимдик кесиптен баштап, 58 жашында мамлекет башчылыгына келген Сооронбай Жээнбеков тууралуу азын-оолак кеп козгоону эп көрдүк.
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда жарыялады. Ошентип, 54,22 добуш менен Сооронбай Жээнбеков жеңип чыкты. 24-ноябрда Алмазбек Атамбаев президенттик кызматты расмий түрдө Жээнбековго өткөрүп берери, жаңы ажонун кызматка киришүү инаугурациясы болору күтүлүүдө. Муну менен Кыргыз Республикасы алдына койгон эң маанилүү иштин өтөсүнө чыга алды. Тактап айтканда, бийлик тынч жол менен шайлоодон утуп чыккан адамга өткөрүлмөкчү.

АЙЫЛДАГЫ БАЛАЛЫК

Кара-Кулжанын Биймырза (Тельман) айылы Кыргыз жергесиндеги башка айылдардан көп деле айырмаланбайт. Бул айылда деле күн сайын эл мал-жанын багып, эгин сугарып, чөп чаап мээнет менен жан багып келет. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, советтик Кыргызстандагы ири колхоздун башчысы Шарип Жээнбеков менен жубайы Самаранын үй-бүлөсүндө 1958-жылы 16-ноябрда жарыкка келген Сооронбай мырза да кадимки айылдык балдардын турмушун көрүп ошол айылда өскөн. Ири колхоздун башчысы, райондук керек-жарак коомунун жетекчиси болгонуна карабай Шарип Жээнбеков балдарын эмгекке, элге жакын кылып тарбиялаганын жана өзүнүн жөнөкөйлүгү, токтоолугу, адилеттүүлүгү менен эл сыйына татыган адам болгонун айылдаштары азыр да эскерип калышат. Ал эми болочок президенттин апасы кадимки кыргыз энелери сыяктуу эле сыйчыл, жумшак, өмүрүн балдарын тарбиялоого арнаган адам болгон. Жээнбековдор көп бир тууган. 6 уул, 4 кыз. Агалары Искендер жана Кантөрө Жээнбековдор бул дүйнөдөн өтүп кетишкен.
Арасында атасы Шарип Жээнбековго токтоолугу, элге жакындыгы менен уулу Сооронбай көбүрөөк окшош дешет айылдаштары.

«ПИАР КЫЛА АЛБАЙТ»

«Чык эшикке!» деп жыйынга даярданбай келген чиновникти сыртка чыгарып салганын эске албасак, анда токтоолук Сооронбай Шариповичте анык байкалып турган сапат. Адатта өкмөт башчылыкка баргандар маалымат каражаттарына тынбай маек берип турушчу. Бирок Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматта бир жылдан ашык иштеп бир эле жолу мамлекеттик телеканалдарга маек берди. Аны жакындан билген адамдар «бул анын өзүн пиарлоону сүйбөгөндүгү» деп түшүндүрүшөт. Учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да Сооронбай Жээнбеков тууралуу: «Ал жасаган ишин айтып өзүнө пиар жасаганды билбейт»,- дейт.
Ырасында Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков бири-бирин мыкты билген адамдар. 1995-жылы Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышына депутат болуп келгенден кийин ал ошол кезде парламентте Алмазбек Атамбаев негиздеген «Реформа» парламенттик тобунун мүчөсү болуп калат. Аталган депутаттык топко ошол кездеги 29 эл өкүлү кирип, эгемендүүлүк жолунда бараткан республиканын өнүгүшүнө салым кошкон көптөгөн мыйзамдардын кабыл алынышына себепчи болушкан. Ал кезде жасалган элге пайдалуу иштердин бири катары Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү айтууга болот. Мурдагыдай 12 түрдүү эмес, айыл чарбасына бирдиктүү салык киргизилген. Муну менен дыйкан чарбада, фермалык чарбаларда иш алып барып жаткан эл жеңилдей түшкөн.
Ошол жылдардан бери чогуу иштешип келе жаткан Сооронбай Жээнбековду Алмазбек Атамбаев «саясаттан тапкан досум» деп атайт. Ал КСДП партиясынын башатында турган адамдардын бири катары саналып, дээрлик 20 жылдан ашуун убактан бери ал партиянын туруктуу мүчөсү болуп келген.

СҮРӨТТӨР, УЛАК ТАРТЫШ, МУГАЛИМДИК

Сооронбай Жээнбековдун биографиясын карап, архивдик сүрөттөрүнө көз чаптырган киши анын өмүрүнүн, ишинин көп бөлүгү жөнөкөй, карапайым адамдардын катарында өткөнүн байкайт. Бир сүрөттө ал класстагы эң бою узун окуучу, биринде жамааттын эң жаш мугалими, дагы бир сүрөттө жөнөкөй өтүкчөн кызматкер. Башкача айтканда, бардык тепкичтерди басып өткөн жетекчи.
Классташтарынын арасында боюнун узундугу менен айырмаланып турган Сооронбай мырзаны ага билим берген мугалими Вера Эшматова жөнөкөй, таптакыр конфликтке барбаган окуучу катары сыпаттайт. Бирок спорттук иш-чараларда, волейбол ойногон жерлерде, улак тартылып жаткан аймакта Шарип Жээнбековдун уулу Сооронбайды дайым көрүүгө болот эле дешет замандаштары.
Советтер союзундагы талапка ылайык, келечектеги президент дагы жогорку окуу жайына тапшырганга чейин эмгек жолун баштап, 1976-жылы мектепти бүткөн соң Өзгөн районунда бир жыл орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.

ТУРУКТУУЛУК МЕНЕН КЕЛГЕН КАДЫР-БАРК

Сооронбай Жээнбеков Cкрябин атындагы айыл чарба институтуна тапшырып, 1983-жылы зооинженер адистигин алып, ийгиликтүү аяктаган. 1983-1995-жылдар аралыгында ал жөнөкөй кызматкерден, жетекчиликке чейинки кызматтарды басып өткөн.
1995-жылды Сооронбай Жээнбековдун жашоосуна бурулуш алып келген, саясий жолу башталган жыл деп эсептөөгө болот. Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышына бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып келген Жээнбековдун президенттик кызматты көздөй кадамдары башталган. Бирок ал кезде 20 жылдан ашуун убактан кийин дал ушул жөнөкөй, популизмден алыс, унчукпай иштеп, жыйынтыкка келгенди адат кылган адамдын президент болуп каларын эч ким боолголобосо керек.
Өзүнүн саясий жолунда ал эмгекчилдиги жана мамилеге туруктуулугу менен кадыр-барк топтой алганын саясий үзөңгүлөштөрү белгилеп келишет. Мисалы, партиялашы, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов, «Азаттыкка» ал жөнүндө: «Чоң сыноолордон өттү. Кыйын кырдаалдарда башкалардай качпай, сатпай туруп берди. Мунун өзү саясий лидерге мүнөздүү позициянын көрсөткүчү»,- деп билдирген.
3 ирет катары менен бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген Сооронбай Жээнбеков 2007-жылы Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөттө айыл чарба жана өнөр жай министри кызматына келип, жарым жылдан кийин жумушун тапшырып отставкага кеткен. 2007-2010-жылдар аралыгында ал ишкерлик менен алектенет. Мамлекеттик жумушта иштебеген бул 3 жыл оппозицияда жүргөн саясатчылар үчүн оңой эмес жылдар болду. Ал жылдарда деле Жээнбеков саясий багытын өзгөрткөн жок. Партиялаштары белгилегендей, «качпай, сатпай» оппозициянын катарында жүрдү.

ҮЙ-БҮЛӨСҮ

Жаңыдан шайланган президенттин үй-бүлөсү тууралуу да маалымат аз. Сооронбай Шариповичтин жубайы Айгүл үй кожойкеси. Алардын ортосунда бир уул, бир кызы бар. Президенттин кызы Бактыгүл Кыргыз-Орус Славян университетинде окуйт. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан. Жакында эле ал Сооронбай Жээнбековго таята статусун ыйгарып, наристелүү болгону маалым. Эң аз маалымат президенттин уулу тууралуу. Анын окуучу экени гана белгилүү.


ГУБЕРНАТОР, ӨКМӨТ БАШЧЫ, ПРЕЗИДЕНТ

2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүнөн кийин Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп дайындалат. 2012-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына бекийт. Ал дээрлик 5 жыл бою өлкөдөгү ири облустун эки тизгин, бир чылбырын колго алып иштеп келди.
2015-жылы Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп барып, аз өтпөй Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлык кызматында иштеп баштайт.
Ал эми 2016-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчылык кызматына дайындалат. Белгилей кетүүчү жагдай, Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү жетишкендиктери менен мактана бербеген өкмөт болду. Деген менен коомчулукка жарыялай турган жетишкендиктер бар болчу. Мисалы, премьер Жээнбеков өкмөттүн ишин, өлкөнүн экономикасын дээрлик 7 пайызга, экспортту 30 пайызга өстүрүү менен өткөрүп берди.
Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайланды.
Жаңы президенттин эки бир тууганы саясий кызматта. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси болсо, иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаты, экс-төрагасы. Кыргыз эли көп бир туугандуу президенттердин жакындарынын мамлекеттик башкарууга кийлигишүүсүнөн жалкып калган. Сооронбай Жээнбеков үгүт маалында «мен жол туткан ишеним – «тууганчыл бийде ыйман жок» деген кыргыздын накыл кеби»,- деп туугандарын мамлекеттик башкарууга кийлигиштирбей турганын айтып, убада берип жатты.

АТА СӨЗҮ

Калың эл жаңы өлкө башчыдан стабилдүүлүктү, өнүгүүнү, жумушсуздуктун жоюлушун, чет өлкөлөрдө каруу-күчүн сатып, жанын оозуна тиштеп иштеп жүргөн мигранттарга өз үйүнө, үй-бүлөсүнө кайтып келүүгө ылайык шарттарды түзүүнү, акыйкаттуулукту күтөт.
Сооронбай Жээнбековдун: «Раматылык атам «байлык, бийликтин артынан кууба. Жараткандын буйругу болсо, сенде баары болот. Жаңы жумушка, кызматка барсаң көп сүйүнө бербе, андан көрө ошол жумуштан кандай акыбалда кетесиң, баш көтөрүппү же басыныппы, ошону ойло. Мамлекеттин колу узун. Бир күн болбосо, бир күнү күнөөлүүнү табат. Уурдаба. Ак иште» деп айтчу. Анын бул сөздөрү менин жашоо принциптериме айланган. Мен дайым аны сактаганга аракет кылам»,- деп айтканы бар.
Демек, макаланы жаңы өлкө башчы элдин үмүтүн жана ата сөзүн актаган инсан болсун деген тилек менен жыйынтыктоо максатка ылайык болот.


Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан