Ырчы Бактыгүл Бадыева акыркы учурда мода дүйнөсүнө сүңгүп кирип, орусиялык мода жана сулуулук боюнча эксперт, телеалпаруучу Эвелина Хромченконун курстарына катышып билим алууда. Бүгүн Бактыгүл кыздар үчүн кышкы образдарды сунуштайт.
КӨЧӨ СТИЛИ
ЭКИ ИЙИНИ АЧЫК КИЙИМДЕР
– Эки ийини ачык свитерлер 2016-жылдан тарта актуалдуу болду. 2018-жылы да модадан түшпөйт. Азыр ийиндери ачык футболкалар, кече көйнөктөр, кофталар да модада. Жүндөн токулган свитерлерди ар кандай жынсы шымдар, жүндөн токулган юбкалар менен кийүүгө болот.
КОЧКУЛ КЫЗЫЛ ТҮСТӨГҮ КӨЙНӨКТӨР АЯЛДАРДЫН АЖАРЫН АЧАТ
– Кызыл менен күрөң түстүн кошулушунан келип чыккан кочкул кызыл түс – айымдардын сүйүктүү түсү. Бул өң көзгө толумдуу, көрктүү болуп, айымдардын ажарын ачып тургандыктан колго, моюнга чынжырча, шуру сыяктуу аксессуарларды тагынуунун кажети жок. Бир гана кулакка алтын түстөгү сөйкө жетиштүү. Андан сырткары бул өң чачы кара, күрөң кыздарга жакшы жарашат.
ВЕЛЬВЕТ, БАРКЫТ – КЫШТЫН ТРЕНДИ
– 2017-2018-жылдын модасында баркыт, вельвет жана велюрдан тигилген кийимдер өтө популярдуу. Кызыл, көгүш, ачык сыя түстөгү баркыт кийимдер модага кызыккан ар бир айымдын гардеробунда болот.
КЕҢСЕДЕ ИШТЕГЕНДЕР ҮЧҮН
– Кеңседе иштеген айымдар үчүн шым-костюмдар өтө ыңгайлуу. Чатыраш кездемеден тигилген кийимдер учурдун эң популярдуу кийимдери. Андыктан баш кийимден байпакка чейин чатыраш кийинүү мода, тренд, көркөмдүү. Бутту узун көрсөтүү үчүн эгер шымың кара болсо кара, күрөң болсо күрөң бут кийим кийүү зарыл.
КАРА ПАЛЬТО – БУЛ КЛАССИКА
– Классикага айланган кара пальто ар бир айымдын гардеробунда бар. Кара пальто каалаган түстөгү кийим, бут кийимдер, менен жарашат. Ачык өңдөгү жоолук, шарф, алынып, кайра тагыла бере турган мех жакалар менен кооздоо адамды көркүнө чыгарат.
БУЛГААРЫ КОШУЛГАН КҮРМӨЛӨР
– Ар бир айым жашоосун күрмөсүз элестете албайт. Бул кышта баркыт, чий баркыт, булгаары кесиндилери кошулган күрмөлөр модада. Андан сырткары ачык түстөгү күрмөлөр актуалдуу.
БОТФОРТЫ
– 2017-2018-жылы калың такалуу бут кийимдер модада. Тизени жапкан ботфорты кийсеңиз, модадан калбаган болосуз. Көйнөк, юбка менен кийүү айымдарды саркеч көргөзөт.
ЗАМША БУТ КИЙИМДЕР
– Замшадан тигилген жана өтүктүн башынан учуна чейин боосу бар бут кийимдер бул кыштын тренди. Эгер айым модага кызыкса, ачык түстөгү, ал эми 4-5 жыл кием десе кара, күрөң, боз, кочкул кызыл түстөгү бут кийим сатып алганы оң.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg