Бут кийим – гардеробдогу негизги кийим. Андыктан алдыдагы 2017-2018-жылдагы кышта мырзалар үчүн кандай бут кийимдер актуалдуу экенин байкап көрөлү. Булгаарыдан, замшадан, нубуктан тигилген классикалык кончу узун өтүктөр, спорттук бут кийимдер модада болот. Ошондой эле жылдын актуалдуу түстөрү – кара, күрөң, хаки, кара-көк, кочкул кызыл.
БОТИНКА.
Кончу узун милитари же кэжуал стилиндеги (боосу бар) ботинка бул сезондо модада.
ЧЕЛСИ.
Эң ыңгайлуу бут кийимдердин бири. Эки капталында резинасы бар болгондуктан, кийип-чечкенге ыңгайлуу.
ДЕРБИ.
Быйыл дагы трендде болмокчу. Бул бут кийимди сүйүүчүлөр аны күз, кыш мезгилдеринде кийип жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анткени кончу узун, ичи жылуулатылган түрү катуу суукта сиздин модалуу болушуңузга шарт түзүп, бардык кийимдин түрлөрү менен кийүүгө болот.
СНИКЕРС.
Активдүү жашоо образындагы мырзалар суу өткөрбөгөн, бышык спорттук бут кийимдерге басым жасашат. Таманы платформа болгон сникерс бут кийим кийүү менен жылдын модалуу мырзасы боло аласыз.
ӨТҮК.
Табитиңиз классикалык стилге ыктаса, анда эки капталында сыдырма, башында темири же саймасы бар өтүктү тандасаңыз жаңылбайсыз.
МОКАСИНЫ.
Кыштын актуалдуу бут кийимдеринин катарында. Ичи мех, материалы – булгаары, замша. Кургак аба ырайында көчөгө кийип чыксаңыз жеңил, ыңгайлуу. Мокасины спорттук же классикалык деп бөлүнбөйт. Андыктан кийимдер менен айкалыштырууда этият болуңуз.
Мындан тышкары көрүнүшү сойлоп жүрүүчүлөрдүн (рептилия) терисин элестеткен бут кийимдер өз актуалдуулугун жоготпой, модада.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg