ЭЛСОМ менен мега шоппинг: ДУБАЙ, ТОСУП АЛ!

«Дубай, тосуп ал!» – бул жеңиштин ураанын cиз айта аласыз. Кантип? Ал үчүн 2017-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин өтчү өзгөчө сынакка катышуу керек.
Акцияларга катышып, жеңүүчү болуп келген ЭЛСОМдун колдонуучулары билишет: ЭЛСОМ ар дайым таң калтырганды билет. Бул жолу да биздин команда сиздер үчүн эң сонун белек даярдады – Дубайда шоппинг кылуу мүмкүнчүлүгү. Ушул эле шаарда чоң масштабдагы "Dubai Shopping Festival-2018" фестивалы өтөт, бул сыйкырдуу фестивалга катышууну көпчүлүк кыялданат эмеспи. ЭЛСОМ бул кыялды орундатат!

Сынактын шарттары эң жөнөкөй:
ЭЛСОМ капчыгы аркылуу 500 сомдон жогору суммага соода кылып, сынактын катышуучусу аталасыз.

БАШКЫ БАЙГЕ – "Dubai Shopping Festival-2018" фестивалына жолдомону бир нече жолу ЭЛСОМ капчыгы аркылуу 5000 сомдон жогору суммага соода кылган адам алат. Кошумча жолдомодон сырткары шоппинг үчүн 500 долларга ээ болот!

ЭКИНЧИ БАЙГЕ – «Бишкек Парк» СБда шоппинг кылууга 30 000 сомго ЭЛСОМ капчыгы аркылуу 2000 сомдон 5000 сомго чейин соода кылып келген колдонуучу ээ болот.

ҮЧҮНЧҮ БАЙГЕ – тиричилик техникаларын алуу үчүн 10 000 сомдук сертификат – ЭЛСОМ аркылуу 500 сомдон 2000 сомго чейин соода кылган 10 бактылуу колдонуучуга ыйгарылат.
Эске салчу нерсе, электрондук капчык аркылуу товар сатып алуу жана тейлөө кызматы гана эсептелет. Ал эми капчык аркылуу жүргүзүлгөн башка кызматтар эсепке алынбайт.
Акция 1-ноябрда башталып, 31-декабрда соңуна чыгат. Дал ушул убакыт аралыгындагы транзакция статистикасы эсептелинет. Сынактын жыйынтыгы 2018-жылдын 15-январында чыгып, белектерди тапшыруу аземи 26-январда болот. ЭЛСОМдун ар бир колдонуучусунда супер байгелердин бирин жеңип алуу мүмкүнчүлүгү бар – ал үчүн жөн гана электрондук капчыкты активдүү колдонуу керек.
ЭЛСОМдо ыңгайлуу көптөгөн тандоолор бар: уюлдук телефондун балансын толтуруу, коммуналдык кызмат акыларын төлөө, интернет, телевидение, турак жайдын ижара акысын төлөө. Электрондук капчык аркылуу дагы насыя, балдардын окуу акысын төлөп, VISA KICB, UnionPay KICB, Элкарт KICB жана Элкарт карталарын толуктай аласыз. Ошондой эле өзүңүздүн капчыктан башка электрондук дарекке акча которууга болот. ЭЛСОМ КМШ өлкөлөрүндө акча которуу, толуктоо кызматтарын да аткарат.
ЭЛСОМдун дос-өнөктөштөрү көп: ири соода борборлору, супермаркеттер, бутик, кафе, кофейня, сулуулук салондору, химчистка, туристтик агенттиктер. Булардын бардыгы ЭЛСОМдун колдонуучуларына жагымдуу бонустарды сунуштап турушат.
Эгер сиз дагы деле электрондук капчыкты колдоно элек болсоңуз, ЭЛСОМ колдонуучуларынын чоң үй-бүлөсүнө кош келиңиз!

ЭЛСОМго катталуунун жолдору:

*900# командасын тересиз («Билайн» жана «Мегакомдун» абоненттери үчүн)
«ЭЛСОМ» тиркемеси аркылуу (Android жана IOS операциондук системдеринде жеткиликтүү)
elsom.kg сайтындагы өздүк кабинет аркылуу

Ар бир адам электрондук капчыктын колдонуучусу боло алат. Катталуу учурунда төмөнкүлөрдү так көрсөтүүнү унутпаңыз:

1. Атыңыз
2. Фамилияңыз
3. ИНН (паспортто көрсөтүлгөн 14 сан)
Акция же ЭЛСОМго катталуу тууралуу кошумча маалыматтарды 0312 986 000, 0775 98 60 00 (WhatsApp) телефондору аркылуу жана www.elsom.kg сайтынан таба аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан