Курал Чокоев, Ильяз Андаш: «БИЗ ШОУ ЧӨЙРӨГӨ АКЧАСЫ ЖОК КЕЛИП ЫРЧЫ БОЛГОНБУЗ»

SUPER.KG порталынын салтка айланган түз эфиринин кезектеги меймандары ырчылар Курал Чокоев жана Ильяз Андаш болушту. Ырчылар менен болгон эфир тамаша-күлкүгө, кызыктуу жоопторго жана жандуу ырларга бай өттү. Позитивдүү мырзаларга эфир аркылуу сүйүүлөрүн, каалоо-тилегин билдирген күйөрмандар да көп болду.

– Салам, мырзалар? Силер аткарган «Сейдакматтын ыры» аябай хит болду эле. Эми качан дагы дуэт аткарасыңар?
Ильяз: – Ушул ырды аткарып чыккандан кийин күйөрмандар бизди дуэт катары таанып калышты. Бирок экөөбүз жеке ырчыларбыз. Ал эми алдыда дуэт аткарууга ылайыктуу чыгарма болсо аткарып чыгабыз.
Курал: – Чынын айтсам, Ильяз «эгоист» адам. «Сейдакматтын ырынан» кийин дагы дуэт жазалы десем, көнбөй койгон (күлүп).

– Дуэт жазуу кимдин идеясы?
Ильяз:
– Тойлорго көп баргандыктан, чогуу ырдаган учурлар болгон. Ошондон кийин дуэт жаздырбайлыбы деген сунушту мен киргизгем. Ырды Курал таап, угузганда «бул хит, мындай чыгарма биздин эстрадада жок» деп макул болгом.
Курал: – Анда мен Ысык-Көлдө иштечүмүн. Бош убактымда кыргыздын эски тасмаларынын бири «Ак кемени» көрүп, ырдап чыгуу идеясын ошондон алгам. Уккулуктуу чыгарма, жакшы алынып кетет деп ойлоп, Ильязга чалдым. Ильяз макул болуп, ошол эле күнү авторуна барып уруксат алганбыз.

– Курал, сенин модель болууга мүмкүнчүлүгүң бар. Мода көргөзмөлөрүнө, жарнамага тартылып, кошумча каражат табайын деген оюң жокпу?
– Оо, комплиментиңизге рахмат. Ар кайсы чөйрөдө өзүмдү сынаганды жакшы көрөм. Андыктан модель деле болуп калармын.

– Силерди тойго өз-өзүнчө чакырган учур көп болобу же чогуу чакырган учурларбы?
Курал:
– Өзүнчө чакырышат. Телефон чалып той күнүн, убактысын айтышат. Барсаң, Ильяз же мен отурган болом. Анан экөөбүздү тең чакырган турбайбы деп, чогуу ырдап кетип калабыз. Кээде экөөбүздү тең чакырып, Ильяз менден биринчи барып "Сейдакматтын ырын" аткарып коёт. Мындан улам Ильяздан биринчи барып, мен биринчи ырдаганга аракет кылып калам (күлүп).

– Чогуу жаздырган ырыңар талаш болот турбайбы?
Курал:
– Талашпайбыз деле. Бирок экөөбүздүн ортобузда кичине атаандаштык бар (күлүп).
Ильяз: – Курал менден биринчи барып ырдап кетип калат. Мен барып 2 ыр ырдасам, үчүнчүсүнө «Сейдакматтын ырын» суранышат, кайра ырдасам, кайра эле бийлей беришет.

– Ильяздын «аялым менин акчамды санабайт» дегенин уккам бир маегинде. Сен да анын акчасын санабай, аялдын ишине кийлигишпейсиңби?
– Биринчиден, менин аялым акча таппаса эмнени санайм? Ал акча тапкан күндө деле акчасы мени кызыктырбайт. Тапкан акчасын өзүнө жумшап, керектүү буюмун алса ошол пайда. Экинчиден, аялымдын ишине аралашканга убактым жок. Эртең менен жумушка чыгып кетем, бош убактым болуп калса Курал менен чогуу машыгуу залына барам. Жубайым дагы мен канча сом тапканыма кийлигишпейт.

– Курал чолпон-аталык кыз менен сүйлөшүп жатам дегенден бери жакшы эле убакыт өттү. Ал кыз менен мамилең уланбай калдыбы?
– Эмнеге уланбай калды? Баары жайында. Жакшынакай болуп сүйлөшүп жүрөбүз.

– Досторум Куралды эстраданын эң саркеч мырзасы дешет. Мен шляпаңыз эле салмак кошуп турат деп ойлойм. Өзүңүздү саркеч кийинем деп эсептейсизби?
– Негизи табитиме жаккан кийимдерди кием. Интернеттен эмнелер мода болуп жатканынан кабар алып турам. Голливуд жылдыздарынын кийгендерине көз салып, салыштырам. Азыр мага мушкер Конор Макгрегордун кийинүү стили жагып жүрөт. Ошого окшош кийингенге аракет кылам.

– Ильяз, «тойго ырдаганы барсам эле салык кызматкерлери келип алышат. Менимче, патентти иштегиси келбеген бир чиновник ойлоп таап, ак эмгеги менен ийгиликке жетишип, акча таап жаткандардан каражат таап алуу максатында жасаган иши. Салык төлөөгө каршымын» деген пикириңизди социалдык баракчаңыздан окудум эле. Ушул сөздөн кийин сизге карата коркутуулар болгон жокпу?
Ильяз:
– Жок, эч кандай коркутуу болгон жок. Бизде демократия бар, ошондуктан каалаганымды айтам. Ал эми патент боюнча маселе азыр чечиле элек. Кандай деп чечим чыгарса ошого макул болобуз.
Курал: – Ушул патент боюнча жакында мындай окуя болду. Нарынга тааныш агаларымдын чакыруусу менен тойго барсам, салык кызматкерлери келип «ырдаганы келген турбайсыңбы» дейт. Мен тууганым экенин айтып, акча бербейм деп колундагы кагазын алып окудум. Анда тамада менен фотограф салык төлөш керек деп жүрүптүр. Бул жерде ырчы деген жок экен, мен деле катардагы мейманмын, андай болсо келгендердин баарынан салык алгыла деп бербей койдум. Ачык эле айтып кетейин, ал киши ошентип той болгон жерге барып 200 сомдон чогултуп кетет экен.

– Курал, 16 жашыңда үйлөнгөнүңдү айткансың. Бул өспүрүм курактагы кокустук болгонбу же чын эле катуу сүйүүгө кабылдың беле?
– Сүйүү болгон. Жаштык кылып, адашып, түшүнбөстүктөр орун алды. Ошондон улам эки жолго түшүп кеткенбиз. Ортодо уулубуз бар, жашы 13тө. Мамилебиз аябай жакшы. Сүйлөгөнү, ой жүгүртүүсү чоң кишидей. Жакында мени чоң ата кылып койбосо эле (күлүп).

– Курал, жакында «Кара-Балта–Кайыңды» деп обон созуп калдың. Той жакын калган өңдөнөт?
– Үйлөнөйүн деген ниетим бар. Акыркы күндөрү «качан үйлөнөсүң?» деп аябай көп сурашчу болду. Жадакалса көчөдөгү иттер жөн үрбөй «качан катын аласың?» деп үрүп калды. Жашым 30да, буюрса, 31ге чыкканча үйлөнөм деп жатам.

– Курал байке, Инстаграм баракчаңыздан мурдуңуз канталаган сүрөт көргөм. Анчалык сизди ким сабап кетти же жөн эле грим беле?
– Менин Инстаграм баракчама жазылгандардын жарымына менин жашоом кызык. Ал жөн гана грим. Орустардын сериалына тартылгам, ошондогу бир образым болчу. Ал эми кандай тасма экенин айтууга болбойт, ортодо келишим бар. Түшүнбөгөндөр «чала болду, ошону көрмөксүң» деген пикирлерин билдирип жатышты.

– Ильяз, жубайың кош бойлуу кезинде ичин көрсөтүп сүрөткө түшүп, элге жарыялаган. Бул үчүн кандай сын-пикир уктуңар эле?
– Мен адамга жок деп айта албайм. Жубайым ошентип сүрөткө түшкүм келип жатат дегенде да каршы болгон эмесмин. Бирок аны социалдык тармакка жүктөй турганын билген эмесмин. Сүрөт элге тарап кетери менен ата-энебиз аябай катуу урушуп, дароо бардык жактан өчүрткөнбүз.

– Курал мырзанын "сулуу кыз көргөндө мээм 3-4 секундга токтоп калат" дегенин билем. Азыр деле ошондойбу?
– «Сулуу кыз менен күлүк атка суктанбаган эркек – эркек эмес» деп коёт. Көз артып коюш парз, анын үстүнө бойдокмун. Азыр жаш эмеспиз, ошондуктан андан көп секундга деле токтоп калышы мүмкүн.

– Курал Чокоев эмнеге шляпа көп киет? Ак калпак деле жакшы жарашат го?
– Кыргыз эстрадасында ак калпак кийгендер өтө аз. Бир убакта аябай калпакты түшүрбөй кийип калгам. Мактангандай болбоюн, бирок үстү жапыз калпакты буюртма менен тиктирип кийгенден кийин базарларда ошондой үлгүдөгү калпак жайылып кетиптир. Менимче, калпактын жайылышына салым кошкондордун арасында мен да бармын.

– Ырчы жигиттердин арасында интрига барбы? «Элита же колхоз ырчысы» деп бөлүнүшөт экен, ошонун кайсынысына киресиңер?
Ильяз:
– Чыгармачылыкта интрига болот. Анан тигинисине барып кошулуп, мунусуна кошулуп ортодо чуркап жүргөндөрдөн эмеспиз. Биздин өзүбүздүн чөйрөбүз бар, ал жакта интригага орун жок. Экөөбүз колхоз ырчыларына кирбейбиз, анткени колубузда дипломубуз бар. Базарда соода кылып же чыгармачылыкка такыр тиешеси жок чөйрөдөн келип алып жылдыз болуп жатышпайбы. Биз шоу чөйрөгө акчасы жок ырчы болуп келгенбиз.


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Курал Чокоев, Ильяз Андаш: "Ортобузда атаандаштык бар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Uzakova.Z.A
2017-11-07 13:31:41
Курал красавчик да.
+1
bond02
2017-11-07 16:31:34
Акчасы жоктор акча табуу учун келишет бул деген шоу бизнес.
0
Edelveis929317
2017-11-07 16:56:19
"чоң ата кылып койбосо эле жакында"деп шектенсеңиз демек атасын тартыптыр да.
+7
Nevestkaa
2017-11-07 20:34:40
Колхоз элита деп бөлүнбөй эле койбойсуңарбы,4-5ырчысыңар өзүңөр.Тим эле өзүңөр жөнүндө оюңар бийик го.Шоу бизнесте дипломуң болбосо да талантың болсо болду.
+2
erkeleim
2017-11-08 04:44:56
Nevestkaa,колхоз элита эмес уну бар уну жок болуп болунгуло ошондо жарашат уну жогун деле элита болуп албай
+2
ksb
2017-11-08 02:47:07
Куралдын сүйлөгөнү тимеле сонун,бүгүн Санжырада да сүйлөп жатыптыр,тимеле тили буудай кууруйт,так,сылык,маданияттуу жооп берип жатты баарына.Кээ бир ырчылар жакшы ырдаганы менен сөз байлык деген нөл. Ильяз экөө тең мыкты ырчылар,талыкпай эмгектене бергиле!
+1
Gulnaz.GS
2017-11-08 08:32:57
иляз аялын жамандап отуптур.
-2
Shahrizaada
2017-11-08 11:52:58
Ата-энелеринде кудайга шүгүр ыйман бар экен,сүрөттөрүн алдыртыптыр. Азыркы кезде кээ бир ата-эне балдары кочого жылаңач чыкса кайра кубатташат.
А аялы не ойдо киргизди экен сүрөттөрүн,кызык.Жаман оюнда голливудту туурайм деген го, кякта жашаганын унутуп.))
+1
Djumaev0mur
2017-11-08 13:42:46
Бул экоону ким ырчы беа эсептейт? Оздорун жон эле асмандагы ырчы кылышатго
+1
Taalaibekov.ch
2017-11-09 11:32:10
Курал ХХХХХ ХХХХХХ
-1
Pandora
2017-11-09 11:39:52
Taalaibekov.ch,Жогоруда кыздардын кобу Куралга суктанып отконун коруп ХХХХХХ
-2
admin_media
2017-11-09 12:02:02
Pandora, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
-1
admin_media
2017-11-09 12:01:17
Taalaibekov.ch, кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
0
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан