СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ 24-НОЯБРДА КЫЗМАТКА КИРИШЕТ


30-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, Сооронбай Жээнбеков 920 миң 626 добуш (54,22 пайыз) алганын билдирди. Мыйзам боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жаңы шайланган президенттин инаугурациясы өтүүсү шарт. Шайлоодо жеңишке жетишкен Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи ушул жылдын 24-ноябрына дайындалды. Салтанаттуу иш-чара бул ирет Ак үйдө же филармонияда эмес, Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтмөкчү.
Расмий жыйынтыктар жарыяланганы менен, шайлоонун ачык-айкын, таза өткөндүгү бүдөмүк ойлорду жаратпай койгон жок. БШКнын билдиргенине караганда, добуш берүүнүн электрондук түрдөгү бөлүгүндө 20 миңден ашык хакерлик чабуул жасалган. Мындан тышкары «Самара» чуусу чыкты. Кloop.kg сайты журналисттик иликтөө жүргүзүп, Мамлекеттик каттоо кызматына тийиштүү серверде бир ай бою, тактап айтканда, 2017-жылдын 13-сентябрынан 14-октябрына чейин «Самара» деп аталган мамлекеттик эмес сайт жайгашып, жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып тургандыгын айтып, далилдери менен жарыяланды. Бул серверде бардык Кыргыз жарандарынын жеке маалыматтары сакталган. Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматтарды жалган деп, макала чыккан сайт менен соттошорун билдирди. Бирок журналисттик иликтөөнүн жалган экендигин далилдөөчү фактыларды жарыялап, коомчулукта жаралган күмөндүү ойлорду жойгон жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан