28-октябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Буга чейин анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети жактырган. Анда Кылычбек Султандын Малайзияда элчи болуп кызмат өтөгөн маалдагы жумуштары артыкчылык менен бааланып, депутаттар анын талапкерлигин бир добуштан колдоого алышкан.
Кылычбек Султан 2014-2016-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси болуп иштеген. 2016-жылдын 5-декабрынан тартып өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи-тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg