8-МАРТТА АЛГАН ЭСИҢИЗДЕ КАЛГАН БЕЛЕГИҢИЗ...

Жадыраган жаз айы менен кошо аялзатынын 8-Март майрамы кирип келет эмеспи. Аялзатынын аруулугун даңазалаган бул майрамда айымдарга түрдүү белектер берилип келет. Биз дал ушул 8-Март күнү белгилүү айымдардын эсинде калган унутулгус белектери тууралуу билүүгө кызыгып, өздөрүнө кайрылган элек.

Гүлшайыр Садыбакасова:
– Мен белекке гүл алганды аябай жакшы көрөм. Жылда 8-Мартта топтогу кыздарымдан кучак-кучак роза гүл алып, гүлгө оролуп эле жатып калам. Ал эми өзгөчө эсимде калганы: 1997-жылы 8-Мартта жумуштан келип, үйгө кирейин деп эшикти ачсам эле бир кучак роза гүлү турат. Гүлдүн көптүгүнөн артындагы адамдын өзү көрүнбөйт да, чачы менен эле бантиги көрүнөт. Жакшылап карасам, беш жаштагы кызым Сайкал быйтыйып гүлдөрдү көтөрө албай турат. Ошондо кызымды көрүп, кубанганымдан ыйлап жибергем. Анан эле ички үйдөн топтогу кыздарым чуркап чыгып жатышпайбы. Көрсө, алар «сюрприз кылабыз» деп жумуштан келээр убактымда Сайкалга бир кучак гүлдү карматып коюп мени күтүп отурушкан экен.

Гүлнара Тойгонбаева:
– 8-Мартта белексиз калган учурум боло элек. Жылда түрдүү белектерди алып келем. Алардын ичинен эсимде калган эң сонун белек бар. Мындан сегиз жыл мурун 8-Март майрамында белекке күтүүсүздөн Ысыккөлгө жолдомо алгам. «Акбермет» деген пансионатка барып, көнүлдүү эс алып келгем. Бул мен үчүн өзүнчө оригиналдуу белек болгон.

Шайыр Касымалиева:
– Мурдагы жылы 8-Мартта жакын курбум күйөөсү экөө алтын сөйкөнү шакеги менен белек кылышкан. Бул белек эсимде алтын болгондугу үчүн эмес, күтүүсүз жана курбумдун мага көңүл бургандыгы менен эсимде калган белектердин бири болгон. Дагы бир эсимде калган белек бар. Мындан бир нече жыл мурда 8-Мартта бир күйөрманым жаш баладан бир кучак гүл берип жибериптир. Азыркыга чейин ал гүлдү ким бергенин билбейм, балким, сиздердин газетадан окуп, ошол гүлдү жиберген адам эстээр. Ошол гүл мен үчүн табышмактуу белек болгон.

Гүлзат Байзакова:
– Бардык белектерден да жолдошумдун 8-Мартта берген белеги эсимде. Анда жолдошум экөөбүздүн кыз-жигит болуп жүргөн кезибиз болчу. 8-Мартта койнуна гвоздика гүлүн катып келип мага берген. Ошол гвоздика гүлдөрү дагы деле көз алдымда.

Дилшат Кангелдиева:
– Жылда 8-Мартта түркүн белектерди алам дечи. Ошентсе да 8-Мартка байланыштуу бир окуя эч эсимден кетпейт. Анда студент кезим болчу. Бир жигит мени сыртымдан жактырып жүрчү экен. Ошол жигит 8-Март күнү жасанып алып, досу менен колуна гүл, торт көтөрүп алып мен жашаган жатаканага келиптир. Анан мени менен чогуу окуган бир жигит аларды экинчи мага келгис кылып узатып коюптур. Ошол экинчи келгис кылып узатып койгон жигит – азыр менин жолдошум. Көрсө, ал дагы мени сыртымдан жактырып жүргөн экен.

Динара Акулова:
– Мындан 5-6 жыл мурун көлдөгү гастролубуз аяктап, 7-март күнү Бишкекке келе жатканбыз. Балыкчыга жеткенде тобумдагы балдарым чоң балык белек кылышкан. Балыктын узундугу 1 метр экен. Көрсө, көлдүн кызына балык белек кылыш керек деген идеяны Курманбек деген иним ойлоп тапкан экен. 8-Марттагы белек кылынган ошол балык эсимде сакталып келет.

Клара Алибекова:
– Мектепте 8-класста окуп жүргөн кезимде мени жактырып жүргөн күйөрман жигит мага алтын шакек белек кылган. Ал кезде мектеп окуучусу үчүн алтын шакек чоң белек болуп саналчу. Анын үстүнө, белекке биринчи жолу ошондо алтын алгам. Бул мен үчүн кү­түүсүз белек болгондуктан, абдан сүйүн­гөнүм эсимде.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 226, 2-8-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан