ЧЕК АРАДА ЗЫЯН ТАРТКАН ИШКЕРЛЕРГЕ ЖЕҢИЛДИКТЕР БЕРИЛЕТ

Кыргыз-Казак чек арасындагы абалдан улам зыян тартып жаткан ишкерлерге социалдык, салык жана бажы төлөмдөрүн төлөө убактысы узартылат. Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин айтымында, ишкерлер үчүн жеңилдетүүлөр каралып, кредити бар ишкерлердин төлөө убактысы 60 айга чейин узартылды. 1-ноябрга карата «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда 500дөн ашык жүк ташуучу унаалар турат.
Чек ара боюнча эки мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүүлөр жакын арада уланышы мүмкүн экендиги айтылууда. 2-ноябрь күнү премьер-министр Сапар Исаков иш сапары менен Ташкент шаарында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышууга барат. Азырынча Казакстан премьер-министри Сагинтаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болор-болбосу айтыла элек.
Чек аранын бир жагы көйгөй жаратып жаткан учурда экинчи жагында жаңы багыт ачылды. 30-октябрда "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалар үчүн Өзбекстан-Кыргыз-Кытай каттамы ачылды. Аталган пилоттук долбоор үч өлкөнүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин ишке кирип, үч өлкөнүн жарандарына ыңгайлуу шарттарды түзөт. Алгачкы каттамда 9 оор жүк ташуучу унаа "Достук" чек ара бекетинен өтүп, Кытайдын Кашкар шаарына багыт алышты.
 
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан