Бир бүркүм. СЕГИЗБАЕВ МЕНЕН ИСРАИЛОВГО ГЕНЕРАЛДЫК НААМДАР ТАПШЫРЫЛДЫ...
30-октябрдан тарта президент Алмазбек Атамбаев эмгек өргүүсүнө чыкты. ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮНДӨ өлкө башчы Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки улуттук өнүгүү стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантынын үстүнөн иштээри айтылды.
Кыргыз өлкөсү жолдордун сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде 122-ОРУНДУ ээледи. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун расмий сайты жазып чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министри билдиргендей, жыл башынан бери жаратылыш кырсыктарынан улам келтирилген чыгым 896 МИЛЛИОН сомду түздү. 9 айда 318 өзгөчө кырдаал катталып, анын ичинен 104ү кар көчкү, 67си жер көчкү, 46сы сел жана 12 жолу катуу шамал болгон.
Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловго, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге жана ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровго ГЕНЕРАЛ-МАЙОРУ НААМДАРЫН тапшырды.
Социалдык фонд билдиргендей, өлкөдө 1009 адам 20 миң сомдон ПЕНСИЯ алат. Пенсиянын орточо өлчөмү 5 520 сомду түзөт.
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти болуп академик, техника илимдеринин доктору МУРАТ ЖУМАТАЕВ шайланды.
Бишкек шаарындагы Түштүк магистралда «НЕФТИЧИЛЕР АЛЛЕЯСЫ» ачылды.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсү бизнес жүргүзүүдөгү жеңилдиктер индексинде 190 мамлекеттин ичинен 77-ОРУНДУ ээледи.
БУУнун билдирүүсү боюнча, өлкөдөгү балдардын 57 пайызы үй-бүлөдө ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА дуушар болот.
ИИМдин билдирүүсү боюнча, 2017-жылы 9 ай ичинде АДАМ САТУУ боюнча 4 кылмыш катталган.
2016-жылы АРАКЕЧТИКТЕН 24 адам көз жумган. Бул тууралуу Республикалык наркология борбору билдирди.
КСДП фракциясынын депутаты АСЕЛЬ КОДУРАНОВА вице-спикерликке дайындалды.
7-8-НОЯБРЬ – Ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнү катары белгиленет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.