31-октябрь күнү корей сериалдарынын күйөрмандары үчүн жагымдуу, көптөн күткөн окуя болду. «Күндүн мураскерлери» сериалынын баш каармандары Сон Чжун Ки менен Сон Хе Гёнун үлпөт тою Сеулдагы эң кооз мейманканалардын бири «Шиллада» өттү. Алардын үлпөт тоюн журналисттер «Жылдын тою» атап, интернет түйүндөрүндө #SongSongCoupleWedding хэштеги менен тойдон сүрөт, видеолор жайылып кетти.
ЖАШЫНГАН ТҮГӨЙЛӨР, АҢДЫГАН КҮЙӨРМАНДАР
Жакшылыгын үй-бүлө жана жакын досторунун курчоосунда гана өткөрүүнү каалаган эки жаш тойду жабык форматта өткөрүүгө аракет кылышкан. Бирок мындай чоң жаңылыкты журналисттер көз жаздымдан кетиришпейт да. Көптөгөн күйөрмандар алдын ала той өтчү жерге кумирлерин куттуктоо үчүн кезекке тизилип калышкан. Массалык маалымат каражаттары болсо кошуна имараттардын терезелеринен сүрөткө тартып жатышты. Ал эми асманда учкан дрондорду айтпай эле коёлу. Экөөнүн ар бир кадамы, эмоциялары, гүлү, шакегинен тартып камерага илинип, ошол замат интернетке жарыяланып жатты. Эки жаштын жакшылыгына белгилүү түштүк кореялык актёрлор Пак Хён Шик, Пак Бо Гом, Ким Мин Сок, Чо Сон Ха, Ким Чжи Вон, Пак Бо Ён жана башкалар келишти. Ошондой эле атактуу Кытай актрисасы Чжан Цзыи да сыйлуу коноктордун катарын толуктады.
ТАСМАДАГЫ СҮЙҮҮ ЖАШООГО АЙЛАНДЫ
Сон Чжун Ки менен Сон Хе Гёнун 2016-жылы элге көрсөтүлгөн «Күндүн мураскерлери» сериалындагы сүйүүсү жашоодо уланып, баш кошуп отурганына күйөрмандары аябай кубанышууда. Актёрлордун сүйүү мамилеси тууралуу көп жолу айтылып келген. Күйөрмандары колдорундагы окшош браслеттерин кеп кылып, Балиге эс алууга чогуу баргандарын, Нью-Йоркто шоппинг кылып жүргөндөрүн байкашканы менен, актёрлор маалыматты четке кагып коюшчу.
«ҮЙЛӨНҮҮ СУНУШУН КИРГИЗГЕНДЕ АБДАН КАБАТЫРЛАНДЫМ»
Ушул жылдын август айында Сон Чжун Ки шоу программада Сон Хе Гёго үйлөнүү сунушун кантип киргизгенин айтып берген. «Экөөбүз тууралуу жагымсыз, такталбаган ушактар көп айтылып кетти. Ошондуктан мамилебизди ачыктоону туура көрдүк. Эсимде, үйлөнүү сунушун киргизген күнү аябай кабатырлангам. Албетте, актёр катары күйөрмандардын көңүл борборунда көп болом. Бирок сүйүү тууралуу кеп болгондо биз башка түгөйлөрдөн эч айырмаланбай калат экенбиз». Бул маектен кийин актёр жеке баракчасына күйөрмандарына кубанычтуу кабарды сүйүнчүлөгөн.
«Дорамага тартылуу мага жакшы тажрыйба болду. Ал жактан алтын курбумду, кийинчерээк сүйүктүүмө айланган адамымды таптым. 2017-жылы экөөбүз бири-бирибизге калган өмүрүбүздү чогуу өткөрүүгө сөз бердик. Жаңы жашоодогу кыйынчылыктарды чогуу жеңели деп, Хе Гё экөөбүз үйлөнүүнү чечтик».
Мындай кубанычтуу кабарды күйөрмандары, албетте, жылуу кабыл алышты. Көп күттүрбөй Сон Хе Гё да күйөрмандарына жеке жашоосун ачыктады:
– Көпчүлүгүңүздөр күтүлбөгөн кабар үчүн таң калып жатсаңыздар керек. Башында Чжун Ки мен үчүн жөн гана кесиптеш болчу. Чогуу сериалга тартылып жүрүп экөөбүздүн жашоого көз карашыбыз, баалуулуктарыбыз бир экенин жана ар кайсы темада кенен сүйлөшө аларыбызды билдик. Ошентип ал мага эң жакын дос болуп калды. Тартуу иштери бүткөндө да байланышыбызды үзгөн жокпуз. Бара-бара мага болгон мамилеси, ишеними менин аны менен келечегимди көрө алышыма жардам берди.
ТОЙГО СОН ЧЖУН КИНИН АТАСЫ КАРШЫ БОЛГОНБУ?
Жылдыздуу түгөйлөрдүн мамилесине актёрдун атасы каршы экен» деген маалымат тараган. "Актрисанын Сон Чжун Киден жашы улуу экендиги жана актёрго чейин жигиттери көп болгону ага себеп" деп жазышкан. Бирок 11-июлда Сон Чжун Кинин атасы журналисттерге маек берип, «Ата-энеси катары биз Чжун Кинин чечимин сыйлайбыз. Мени алардын никесине каршы болгон деп айтып жатышат. Ал болбогон кеп» деп билдирген.
Сон Чжун Ки 1985-жылы 19-сентябрда Түштүк Кореянын Тэджон шаарында жарыкка келген. Ал «Сонгюнгвандагы чыр» сериалы жана «Чуркап бараткан адам» телешоусу аркылуу калың журтка белгилүү болгон. Алгачкы жолу 2012-жылы «Жакшы жигит», андан соң «Кубулма жигит» сериалдарында башкы каармандын ролун жараткан. Аскер кызматын өтөгөн соң кинематографияга кайтып, 2016-жылы чыккан «Күндүн мураскерлери» телесериалында башкы ролду ойногон.
Сон Хе Гё – актриса, модель. 1981-жылы 22-ноябрда төрөлгөн. Айрым жерлерде аны 1982-жылы 26-февралда туулган деген маалымат көрсөтүлөт. Актриса өтө алсыз болуп төрөлгөндүктөн ата-энеси анын жашап кетишине ишенишкен эмес. Качан гана биротоло жакшы болгондо туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алышкан. Хе Гёго «Ва-банк» сериалы атак алып келген. Андан сырткары «Жүрөгүмдөгү күз», «Куттуу үй», «Ушул кышта шамал согот» сериалдарына да тартылган.
БАКЫТ ҮЧҮН МИЛЛИОНДОР КЕП ЭМЕС
ТОЙГО КЕЛГЕН ЖЫЛДЫЗДАР
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg