БЕТ КАПЧАН КЫЛМЫШКЕРЛЕР АЙЫЛ ТУРГУНУНУН ҮЙҮНӨ КИРИП КАРАКТАП КЕТИШКЕН


Жакында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда бет капчан белгисиз кылмышкерлер бирөөнүн үйүнө кирип, үй ээлерин коркутуп акча, баалуу буюмдарын карактап кетишкен. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип ошол эле райондун 4 тургуну кармалды.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП 4 АДАМ КАРМАЛДЫ»

Бул кылмыш тууралуу Ош ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү билдирди
:
– 2017-жылдын 19-октябрынан 20сына караган түнү болжол менен саат 12лер чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Падаван айылында каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бет капчан белгисиз кылмышкерлер аталган айылдын тургунунун үйүнө кирип, уктап жаткан үй ээлерин сабап, коркутуп
24 700 сом акча жана баалуу буюмдарын карактап кетишкен. Бул факт боюнча Кара-Суу РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Ош ОИИББинин жана Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 28-31 жаштардагы 4 адам колго түшүрүлгөн. Алар: 1989-жылы туулган К.А. аттуу Кара-Суу районунун Мачак айылынын тургуну, 1988-жылы туулган А.А. аттуу Кара-Суу районунун Тельман айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Ж.Р. аттуу Кара-Суу районунун Савай айылынын тургуну жана 1986-жылы туулган М.У. аттуу Кара-Суу районунун Мачак айылынын тургуну кармалган. Алардын кылмыш кылган учурда кийип жүргөн кара түстөгү бет каптары Ош шаарынын Ахмедова көчөсүнө таштаган жеринен табылды. Төртөө тең Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛГЕНДЕРДИН ҮЧӨӨСҮ МУРУН СОТТОЛГОН»

«Шектелип кармалгандар кылмыштарын моюнуна алышты, бул ишке атайын даярданып барышканын айтышууда»,- дейт Кара-Суу РИИБинин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Мурат Ормонов:
– Каракчылык кылмыш болгондугу тууралуу маалымат түшөр замат ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке бардык. Барганыбызда үй ээлери коркуп калышыптыр, нес абалда болушчу. Үй ээси, аялы, апасы жана
2 баласы болуп жалпысы үйдө 5 киши болгон. Бет капчан кирген белгисиз кылмышкерлер өздөрүн УКМКнын кызматкерлери болобуз деп тааныштырып, үйдү тинтишиптир. Үй ээлерине «үйүңөрдө тыюу салынган диний китептер, баңгизаттар бар экен, ошолор кайда?» деп коркутуп жатышып, улам-улам «акча кайда?» деп сурашыптыр. Анан үй ээлерин сабап, бычак менен коркутуп, акча, алтын буюмдарын алып кетишиптир. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү деп 4 кишини кармадык. Төртөө тең эч жерде окубайт, иштебейт. Үчөөсү мурда тоноо, каракчылык сыяктуу кылмыш жасап, абакта отуруп чыгышкан. Бул сапар да каракчылык кылуу үчүн алдын ала макулдашып, даярданышкан. Базардан бет кап сатып алышкан.


«КОРКУТКАНДА АКЧА ТУРГАН ЖЕРДИ КӨРСӨТҮП БЕРҮҮГӨ МАЖБУР БОЛДУМ»

Жабырлануучу Исламбек Турсунов «ошол маалда үйгө кирип коркуткандарды чыныгы УКМК кызматкерлери же каракчылар экендигин билген эмесмин» дейт:
– Ошол күнү үйдө келинчегим, 71 жаштагы чоң энем жана карындашым менен иним бар болчу. Уктамакчы болуп жатып, бирок уктай элек болчумун. Түнкү 12лер чамасында белгисиз бирөөлөр үйгө кирип, алгач чоң энем жаткан бөлмөгө киришиптир. Алар чоң энеме «УКМКнын кызматкерлери болобуз. Рейд болуп жатат. Диний-экстремисттик китеп, курал-жарак, баңгизаттарын издеп жатабыз» дешиптир. Ашканага кирип, ичинде героин жокпу деп идиштеги тузду столдун үстүнө төгүп текшеришиптир. Андан соң иним менен карындашым жаткан бөлмөгө, биз жаткан бөлмөгө кирип коркутуп киришти. Экөөсү кара бет капчан, экөөсү медициналык ак бет капчан, бардыгы жарандык кийимчен болчу. Экөөнүн колунда бычак бар эле. Алардын чыныгы УКМКнын кызматкерлери же каракчылар экенин деле билген жокпуз. Бизден акча талап кылышканда алгач «акча жок» деп жатканмын. Уруп, тепкилеп, бычак менен саябыз деп коркутушканда акча катылып турган жерди көрсөтүп берүүгө мажбур болдук. 24 700 сом акча, шакек, сөйкө сыяктуу алтын буюмдар салынып турган кутуну көрсөтүп бердим эле анын баарын алышты. Бирөөсү чүпүрөк менен менин колумду байлап койгон эле, кетерде колумду чечип, «от души» деп кол алышып кетти. Алар кеткенден кийин милиция кызматкерлерине чалып билдирдим.
Бизди коркутуп, тоноп кеткен деп 4 адам кармалыптыр. Алардын экөөсү биздин айылдан болот экен. Бирөөсүн тааныбайм, экинчисин көрүп жүрчүмүн. Ал көчөдө лотерея ойнотчу, саламдашып эле койгонубуз болбосо экөөбүз мамиле деле кылган эмеспиз.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nibiru.
2017-11-07 17:37:31
Ошол жыйырма торт мин жети жуз сом менен эмне жумуш бутурдунор экен жарыбагырлар? Алтын сойко-шакеги менен баары биригип,баш-аягы кыр мин сом болгондур. Ар бирине он мин сомдон тийиптир. Ошол он мин сомду азыр айыл-чарбада иш кучоп турган учуру,жакшылап иштесенер он кундо тапмаксынар да келесоолор. Анын оордуна бечералардын биртке акчасын тонобой. Чыныгы долларовый миллионер болсо да макул эле. Эми ошол биртке тыйын учун жок дегенде он жылдан аласынар.
+6
aytkulova
2017-11-07 21:06:34
Акмактар экен го. "От души" дегенине айласыз кулдум))
+5
nurhan2702
2017-11-08 12:45:07
aytkulova,мен дагы
0
nurhan2702
2017-11-08 12:46:14
Мурда соттолуп, кайра эркиндикте журсо ушундай окуялар кайталанат да. Камап салыш керек
0
Shahrizaada
2017-11-10 02:48:06
От души камалгылачы эми
+3
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан