Ушул жылдын май айынын башында Чүй облусундагы тоого барган эс алуучулар таанылгыс болуп калган кишинин өлүгүн таап, милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Маркумдун ким экендиги аныкталып, ал 25 жаштагы Сокулук районунун тургуну экендиги билинген. Көп өтпөй анын өлүмүнө шектүү катары маркумдун жигити кармалган эле. Бул кылмыш боюнча тергөө аяктап, Москва райондук сотуна өткөрүлгөн. Маркумдун апасы Рахат айым Москва райондук соту тарабынан чыгарылган чечимге нааразы экенин билдирди.
КЕЛИНДИН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП ЖИГИТИ КАРМАЛГАН
Эсиңиздерге салсак, 2017-жылдын 8-май күнү болжол менен 12:30дарда Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Тепши капчыгайында жансыз аялдын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жерге барган ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери жашы 25-30 чамасындагы аялдын жансыз денесин чала көмүлгөн абалда жаткан жеринен табышкан. Анын өлгөнүнө көп убакыт өтүп, дене чирий баштаган экен. Соттук-медициналык экспертиза анын киши колдуу болуп каза болгондугун аныктаган.
Маркумдун өздүгү такталып, ал 1991-жылы Сокулук районунда туулган Мунара деген аял экендиги аныкталган. Анын өлүмүнө шектелип 13-май күнү 1991-жылы туулган У.А. аттуу ушул эле райондун Беловодское айылынын тургуну кармалган. Ал сурак учурунда «Бул окуя 2016-жылдын ноябрь айында болгон. Мунара экөөбүз жакшы тааныштардан болчубуз. Ошол күнү талаада ичимдик ичип отурганыбызда ортодо түшүнбөстүк болуп, уруш чыгып кетти. Ал «үйгө кетем» деп баштаган. Арыраак барып менин унаамдын дөңгөлөгүнүн жанына отуруп алган экен. Мен билбей унааны айдаганда аны тебелетип алдым. Мунара ошол замат эле каза болуп калыптыр. Коркуп кетип Тепши капчыгайына алып барып денесин жерге көмүп салгам. Мунаранын жакындары ал тууралуу менден сураганда, аны "Москвага иштеп келгени кеткен" деп айтып койгом» деп көрсөтмө берген.
«СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ НААРАЗЫМЫН»
Бул кылмыш иши боюнча Москва райондук соту жакында чечим чыгарган. Маркум Мунара Сагынбек кызынын апасы Рахат айым болсо соттун чечимине нааразы. Себеби кызын өлтүрүп, көөмп койгон адамды сот 30-октябрда 9 жылга жатак абакка кескен:
– Бул жерде адамды өлтүрүп, көмүп салып жатса дагы сот тарабынан акыйкат чечим чыкпай калды. Өлгөн адам баарына күнөөлүү болуп калат турбайбы. Мен соттун бул чечимине нааразымын. Киши өлтүргөн адамды жатак абакка кесип койгону туура эмес. Балким, чын эле ал машинасы менен тебелетип кызымды өлтүрүп алгандыр, бирок эмнеге тоо-ташка алып барып көмүп салат, бул эмне кылмыш эмеспи? Мен чыркырап кызымды 6 ай издедим. Башында бул иш боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жаткан. Эмнегедир кийин берилгенде транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу болуп өзгөртүп салышты. Мындайча айтканда, анын байкабай кызымды автоунаа менен тебелеп алганы айтылды. Кызымдын өлүмү, анын кылмыштын изин жашырыш үчүн көмүп койгону айтылган жок. Жок дегенде сот аны 5-6 жылга эркинен ажыратышы керек эле да.
Мага материалдык да, моралдык да чыгымдар толук төлөнгөн жок. Кызымдын кичинекей кызы менин колумда калды. Эртеңки күнү мен бир нерсе болуп кетсем, аны ким карайт, каякка барып корголойт? Аны эч ким ойлогон жок.
Биз Москва райондук сотуна бул иш боюнча кайрылып, «чечимдин чыкканына 2 гана күн болду. Чечим канааттандырбаса жабырлануучу тарап 10 күн ичинде жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылууга укугу бар. Азырынча биз өкүмдү айта албайбыз» деген жооп алдык.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg