Тамаша тор
Адамдын ууртунан күлкү кетпей турса, турмушу жакшы деп билебиз. Бул жолу “Тамаша торго” дайыма жайдары күлүп жүргөн ырчы айым Гүлнара Тойгонбаева түштү. Аскар аттуу мырза өзүн ийгиликтүү ишкер деп тааныштырып, Гүлнара эжекебиздин колун сурамак болду.
– Саламатсыңбы, Гүлнара?
– Саламатчылык.
– Иштериң кандай болуп жатат?
– “Нормально”. А бул ким болду экен?
– Аскар деген сенин бир “поклоннигиң” болом.
– А-а, ошондойбу, анда жакшы.
– Гүлна-ара...
– О-у...
– Сенин телефонуңду сураштырып жүрүп араң таптым. Эми көп алыстабай, сөздүн ток этер жеринен баштайын. Мен сени бир тойдон көргөм. Ошондон баштап санаам санга, оюм онго бөлүнүп калды. Кыялымда сени менен гана жашап калдым!
– Ха- ха-ха!.. Чын элеби?!
– Ой, күлкүңдөн сенин! Күлкүңдөн эле ичиңде бир кир жок жадыраган жан экениңди туюп турам да, мен.
– Мейли эми, айтчу сөзүңүздү айтыңыз, шашып жатам.
– Гүлнара, сенин башыңдын бош экенин билем. Өзүм да турмуштан бир жолу жаңылдым. Бир жерге отуруп шашпай сүйлөшсөк кандай болот?
– Мен бир жакка шашып жатам. Тынара аттуу курбумдун туулган күнү эле, ошол жакка барам. Саат алтыга барып калышым керек.
– Ай, Гүлнара, бүгүн сени менен жолугам деп гүлдестемди да даярдап алган элем. Алтыга чейин деле жолукпайлыбы?
– Жок, мен курбума белек алып, даярданышым керек.
– Кел анда, белек-бечкегиңди алышып, сени ошол барчу жериңе жеткирип коёюн. Кайсы ресторанга барасыңар? Курбу кыздарың менен сүйлөшүп, бир жерди тандабайсыңарбы, туулган күнүңөрдү өткөрүп берейин.
– Жок, ай, курбум үйүнө чакырып жатат.
– Гүлнара, мен сени коштоп барайынчы?
– Ал жерде “узкий круг” эле чогулат. Келиңиз, эртең бир убакыт таап кезигели?
– Гүлнара, мен өзүм машина сатып иштейм. Эртең убактым өтө тар, бүгүн жок дегенде 15 мүнөткө жолукпайлыбы?
– Анда эртең эмес, бүрсүгүнү жолукпайлыбы?
– И-и, баса, Гүлнара, кандай машина айдап жүрөсүң?
– Азыр машинам жок.
– Ий, жаман болуптур. Сага кандай машиналар жагат? Эртең машиналарым келгенде бир көрүп кетпейсиңби? 8 машина келди, бирөө жагып калар.
– Мага “японский” машиналар жагат. Силер эртең “растаможка” кыласыңар да... Мен айттым го, азыр убактым жок.
– Кечинде кездешсек кантет?
– Ну ладно, вы так убедительно говорите.
– Ой, Гүлнарочка, манжаңдын өлчөмү канча?
– О-уу, дароо эле шакекпи? Өтө шашылбаңыз. Азырынча гүлүңүздү гана даярдаңыз.
– Мейли, мейли, дароо эле нике шакекке шашылбайлы. Сен канча жаштасың?
– А сизчи?
– 54-жылкы болом. Эки балам бар. Кызым энесинде, уулум өзүмдө. Жакында үйлөнтөйүн деп жатам. Эми келинге кайнене керек дегендей...
– Албетте, кайнене деген жакшы нерсе. Анда сүйлөштүк, калган сөздү жолукканда сүйлөшөбүз.
– Гүлнара эже, сиз “Супер-Инфонун” “Тамаша торуна” чалындыңыз.
– Ха-ха-ха!.. Актёруңар тим эле ишендирип салды го... Ойлонуп да кеттим. Негизи, мени тамашага көп салышат. Жакшы маанай тартууладыңар, бир күлүп алдым.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg