«КҮНДҮ, АНАН ШИРИН АПАБЫЗДЫ САГЫНДЫК»


– Ар бир айылда эмчи-домчу аялдар, колунан көөрү төгүлгөн байбичелер, акыл-насаатын айтып калыстыгынан тайбаган даанышмандар, ошол эле учурда бир да окуяны көз жаздымда калтырбаган ушакчылар болот эмеспи. Булар болбосо жашоо кунарсыз болуп калбайбы. Мен кеп кылчу Ширин апасыз айылда эч нерсе өтчү эмес. Кимдин кызы күйөөгө кетпесин анын катышуусу жок сеп даярдалбайт эле. Шырдакты шырып, жуурканды каптап, шейшепти тигип, баарын мизилдетчү. Өзү жасабаган күндө да баш-көз болуп келиндерди иштетип, жууркан-төшөккө деген кездемени бычып жатканын көрчүмүн.
Күн-түнүн алмаштырып алган, кирене кирген, далысы жабышып калган, кыскасы, чыргоолонгон ымыркайларды эмдеп бир заматта айыктырып койчу. Ал гана эмес, «баланча кайнаганын, түкүнчө жеңемдин аруусу кармады окшойт, төшөгүнө отуруп койдум эле» дешип кусуп, алы кетип жаткан чоң кишилерди бир заматта өзүнө келтирчү. Бир жолу «аруу деген эмне?» деп сурасам Ширин апа «көзү өтүп кеткен адамдын арбагы» деп койгон. Жүрөгүмө жакын кабыл алган окшойм, ошондон бери көзү өтүп кеткен адамдын төшөгүнө отургандан, кийимин кийгенден сестенип турам.
Кадимки бир калыпта кетип бара жаткан жай турмушубузда бир күнү будуң-чаң болду. Ойго келбеген жерден жаман кабар уктук. Баарыбыз жакшы көргөн Ширин апабыздан тирүүлөй ажырап калдык.
– Апеей эмне дейт, Ширин апа кетип жатыптыр го?..
– Ооба, инилери көчүрүп кеткени келишиптир.
– Кокуй, эмне дейт?! Кантип ошондой болсун?!- деп жаңы угуп, алаканын шак коюп чочугандар мындан көп.
Келин-кесектер шолоктоп ыйлап Ширин апасыз калып жаткандарына ичи ачышса, аксакалдар сакалдарын сеңселтип апанын көчөгө чыгарылган эмерек, буюм-тайымдарын кайра үйгө ташып, инилери менен кызаңдап мушташканга чейин барып жатышты. Мага окшоп ак-караны түшүнүп калган жаштар ачык эле болкулдап ыйлап жаттык. Анткени ага аябай жакын элек, бутубузга тикенек кирсе тыз дедирбей, көзүбүзгө бир нерсе кирсе да тили менен алып койчу Умай энебиз эле да. Кошуна жашагандар эле эмес, көчөнүн тигил башынан бери келишчү.
Апабызды алып калууга жумшаган аракеттерибиздин баары текке кетти. Окуянын аягына чейин көзүнөн мончок-мончок аккан жашты жоолугунун учу менен аарчыган Ширин апабыз эч үн каткан жок. «Бул маселени мен чечпейм» дегендей шалдырап отурду да, айры-тырмоогуна чейин машинага жүктөп төркүнүнө (кошуна айылга) көчүп кетти. Бул аралыкта эч нерсе менен иши жок көчөдө ойноп жүргөн чыт курсактарды эсептебегенде бүтүндөй айыл тургундарынын маанайы жок болду. Ал гана эмес, айылыбыздын асманында каалгып жүргөн булуттар да кайгырып жаткансыды. Көпкөк асманды ак булуттар каптап, бир жума бою шатырата жамгыр төктү. Ошондо биз кадимкидей күндү, анан Ширин апабызды сагындык.
Көрсө, апабыздын көчүп кетиши балдарына байланыштуу болуптур. Үч баласы болгону менен, үчөө тең абышкасынын мурунку аялынан экен. Ширин апа жаш кезинде аялы өтүп кеткен биздин атабызга турмушка чыгат, бирок согончогу канабаптыр. Абышкасынын мурунку аялынан калган үч эркек баланы кичинесинен энелик сүтүн бербесе да, элик сүтүн берип багыптыр. Балдардын атасынын көзү өткөндө да билинбеген өгөйлүк кайсы күнү от алганын ким билсин, акыры өгөй энени карыганда уулдары батырбай, «ары тур, бери тур» болуп отурушуп төркүнүнө айдап жиберишиптир.
– Карыганда төркүнгө кор кылбасын, кокуй.
– Жаштыгын, ал-күчүн пайдаланып, өздөрү чоңоюп алгандан кийин анан картайганда кубалап жиберишкени Кудайга да жакпайт.
– Абышкасы тирүү болсо мындайга барышмак эмес,- деп кемпир-кесектердин шыпшынганы ошондон экен.
Апаны сагынгандар, сүйлөшкүсү келгендер, анын эмдеп-домдогонуна көнүп алгандар төркүнүнө издеп барып жүрүштү. Бирок убакыт, көр-тирилик баарын унуткарат экен, Ширин апага каттагандардын аягы бара-бара тыйылды. Эң өкүнүчтүүсү, көчүп кеткенден көп өтпөй апабыздан биротоло ажырадык. Топурак салуу үчүн айыл апага кошулуп баягы үч уулу да барышыптыр. Апанын өлүмүнө өздөрүн күнөөлүү сезиштиби, өпкө-өпкөсүнө батпай катуу ыйлашыптыр. Алардын бышактаганы, буурчактаган көз жашы апабыздын куулганын актап да, жаап да коё алган жок.
– Бир айлык жашоосу калган экен да, чыдай турушса болмок...
– Байкуш, арманда эле кетти, биздин айылга бармактайында келди эле, балдары эстүү болсо сөөгү ошол үйдөн чыкпайт беле...
Эл болсо ушул сыяктуу сөздөрүнүн аягын жыя албай Ширин апанын өлүмүнө өгөй балдарын гана күнөөлөп «ушулар болбосо дагы жашамак» деп жатышты.

Керим

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aytkulova
2017-11-07 11:48:34
Жакшы чыгарма экен. Бөрү баласы ит болбойт деп бекеринен айтышпайт да. Мээрим төгүп бакса дагы, өгөй балдар өгөйлүгүн кылышыптыр((
+8
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан