«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)


(Башталышы өткөн сандарда)

Кетти. Ишендиби же ишенбедиби? Сүйбөй калдыбы же ооруп жаткан жүрөгү бир аз эс алдыбы? Бул Алибекке гана белгилүү. Бул туңгуюктан чыкканга таптакыр акылы да, күчү да келбеди. Учакта баратып уктай албады, ойлонгонго да алы жок эле.
Айылга келип көчөсүнө бурулганда үйүнүн жанында тигилип турган боз үйдү, дүрбөгөн элди көрдү. Кадам шилтей албай туруп калды. Элейип караган кошуна бала аны тааный коюп кыйкырып жиберди.
– Алибек байкем келди! Карасаңар, Алибек байкем.
Сыртта турган адамдар дүрбөп ага чуркап калды.
– Атаңдан айрылып калдык...
– Сабыр кыл эми, каралдым...
Туш тарабынан кучактап бир нерселерди айтып жаткан адамдарды тиктеп нес болуп тура берди Алибек. Акылына уккан нерсе чүргөлбөй турду. Атасынын ден соолугу жакшы эле. Өтө деле карып кете элек болчу. Боз үйгө кирип кара кийип отурган апасын көргөндө гана бул окуя чындык экенине ишенди.
– Апа...
– Каралдым, келдиңби? Атаңдан айрылдык, балам,- деди апасы бооруна кысып.
Эки кулагын жапса да, уккусу келбей башын чулгуса да болбой кайгынын кара туманы басып турду. Атасын жерге бергенде да, каза болгон учурунда да Алибек ыйлай албай койду. Эртеси күнү куран окутканы барганда гана жанындагы адамдарды кетирип жиберип, атасы менен жалгыз калды.
"Ата, сен мени кечирбейсиң. Азыр да кечирбейсиң. Мен сени таштап Жамилянын аркасынан кеткеним үчүн өзүмдү-өзүм кечирбейм. Мен жазамды алдым, ата. Сен дагы, ал дагы мени мындан артык жазалай албайсыңар. Эмнеге мындай кылдың, ата? Ата..."
Кара топуракты мыкчый кармап отуруп өксүп ыйлады. Ушул топуракка кошулуп эзилип кетүүнү каалап турду. Өзүн, Жамиляны, жашоонун акыйкатсыздыгын, баарын кошуп сөгүп, жектеп, боктоп жатты. Көпкө ыйлады. Көкүрөгү бошоп калган экен.
"Мен сага сөз берем! Экинчи менин жашоомдо Жамиля болбойт. Аны жашоомдон, эсимден, акылымдан өчүргөнгө аракет кылам. Мен сага сөз берем, ата!"
Ошол күнү мүрзөнүн жанында отуруп мындан ары жашоосу кандай болорун ойлоп жатты. Акыл жүгүртүп эми эмне кыларын, жашоосун кантип баштаарына башын катырды. Анан чечкиндүү турду да, үйүнө бет алды.
Атасынын кыркын берди. Баш-аягын жыйнап, көкүрөгү бир аз сууп калды. Бир күнү отуруп апасынан капысынан сурап калды.
– Мурат байке көрүнбөйт го? Кайда кеткен ал?
– Ал шордуу кайда жүргөнүн ким билсин? Тиги кызы түрккө эрге кеткенин уккандан кийин башы ооган жакка кетип калыптыр дейт. Дайынын билген эч бир адам жок имиш. Катыны болсо түрк күйөө баласы жиберген акчага марып эле жатып калды. Эски үйдү түрттүрүп салып, жаңы үй салып жатат. Машина миниптир. Ырысы жоктор.
Алибектин көкүрөгү тикен сайгандай тызылдап жатты. Энеси ого бетер ар бир сөзүн баса-баса айтып, жарасына туз сепкендей сүйлөй берди.
– Макул, апа, мен жөн эле сурадым,- деп туруп кетти Алибек. Баягы учакта кезиккен Данияр деген байкесине чалды.
– Байке, кандайсыз, сизге берип жиберген сүрөттөрдү алдыңызбы?
– Алдым, Алибек. Эми чалайын деп жаткам. Сүрөттөр мыкты монтаждалган экен. Ишин мыкты билген адамдарга көрсөтүп көрдүм. Сүрөттөр оригинал эмес, баатырым.
Алибек эч нерсе дей албай тура берди. Трубкадан гудок келгенде гана өзүнө келди. «Демек, жалган экен, Жамиля андай нерсе кылбаптыр. Мага залал келбеши үчүн кылган экен». Дилинин түпкүрүндө сүйүнүп жатканын билди. Эң азында анын Керем менен эч кандай мамилеси болбогонун билди. Болгону ошол. Эми кайра ага жол жок! Аалам алмашып, алаамат болуп кеткен күндө да экинчи Жамиля анын жашоосунда болбойт! Анткени ал атасына сөз берди.
Кайра телефон чалды.
– Данияр байке, мен шаарга бир жолу көчүп кетейин деп жатам. Мага иш таап бере аласызбы? Мен бул айылда кала албайм.
– Кел, иним. Дагы сүйлөшөрбүз, сен азыр демиңди бас. Апаң менен акылдаш. Шаарга келем десең, мен ар дайым сага жардам берем.
Алибек үчүн апасына оюн айтуу оор эле. Ошентсе да арга жок бул сөздү баштады.
– Апа, биз жаңы жашоо башташыбыз керек. Мен бул айылда мындан ары жашай албайм. Шаарга кетели. Кандай дейсиң?
– Билип жатам, уулум. Сага оор болуп жатканын көрүп турам. Бирок эркек көтөрүмдүү болуусу керек. Сен го шаарыңа көнүп кетесиң. Мен бул жашымда шаарга көнө албайм. Атаңдан көп эле мал, чоң чарба калды. Өзү деле сени окутсам дегенде эки көзү төрт болчу. Сен оку. Адам бол. Сен жокто үйүңө, малыңа, баарына мен көз болуп турам, балам. Тарс деп экөөбүз тең кетип кала албайбыз. Сени да окутпай жаныма алып кала албайм.
– Апа, мен сенсиз кантип?.. Атамдан минтип айрылдым. Сенден алыс мен кантем? Андан көрө жүрө берейин.
Алибек көз жашы ирмелип баратканын апасына көрсөтпөй качып чыкты. Акылдуу жан эле, апасы өзү түшүнүп турду. Анан калса жалгыз уулун шаарга жалгыз жибере да албайт эле. Ушул окуядан кийин бир топ убакыт өткөн соң апасы өзү эле даярданып кирди.
– Апа, сен кайда жыйналып эле?
– Шаарга.
– Эмнеге?
Сени минтип бозортуп айылга камап коё алмак белем, өлгөндүн өз шору, тирүүлөр тиричилигибизди эптешибиз керек. Сени менен шаарыңа кетейин деп чечтим.
– Үй-жай, малды кантебиз?
– Аздап сатабыз. Жаңы жашоо баштайбыз, балам.
Алибек кудуңдап энесинин бетинен чоп эттире өөп алды.

ххх

Жамиля кыйналып жатты. Өзүм төрөйм деп болбой койгон. Минтип палатада басып жүрөт. Жаны көзүнө көрүнүп баратканда гана онтоп албаса үнсүз чыдап жатты. Өзүнө-өзү кыйноо тилеп алгандай, өзүн-өзү жазалап жаткандай тиштенет.
– Суу ичесиңби?- деген медайымга башын чайкады. Көздөрү чоңоюп толгоо келип, жанган сайын бакыргысы келет. Сыртта турган Керем укпасын деп, кыйналып жатканын билбесин деп тиштенип жатты.
Ал тынчсыз ары-бери басып жатты. Улам саатын карап коёт. Жанына эч кимди жакындатпай турганын жакшы билет. Жамиляны аздыр-көптүр таанып калбадыбы. Өзүнүн кыйналуусу менен өзү калганын оң көрөт. Ары жакта энесинин келе жатканын көрдү.
– Кандай? Төрөлдүбү неберем?- деди ал да демин баспай.
– Жок, эч кимдин кирбесин каалады. Мен да күтүп жатам.
– Аз калгандыр...
Экөө күбүрөшүп турду.
Ичкериде баланын бакырган үнү угулду. Экөө тең селт эте түшүп бирин-бири тиктеп калышты.
– Төрөлдү...- деди шыбыраган Керем. Кубаныч, капыстан келген бир жаңылык адамдарды жакындатып жиберет окшобойбу. Эчен жылдар бою экөөнүн ортосундагы муз эрип түшүп, эне-бала кучакташып калышты.
– Эне, уулум келди. Сенин неберең.
– Менин неберем.
Ыйлап жатышты. Көп жылдардан берки биринчи кубанычы эле экөөнүн.
– Кечир мени, бардыгы үчүн кечир, эне. Мен эми жакшы адам болом. Эч кимге зыян тийгизбейм. Ахмедге да жамандык каалабайм. Мен эми башка адам болом,- деп жатты Керем ый аралаш. Палатадан чыга калган дарыгер экөөнүн абалына көңүл бурбады. Энтиге төмөнкүлөрдү айтты.
– Наристенин абалы начар. Өмүрүн сактап калганга аракет кылабыз...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Kuba-savai87
2017-11-07 09:03:40
Мен деле биринчи окуйт экем ээ
+3
Mederbek1992
2017-11-07 20:52:30
Kuba-savai87,ооо куттуктайым
0
Kuba-savai87
2017-11-07 09:10:56
Мен биринчи
0
ilgis1991
2017-11-07 09:38:44
Kuba-savai87,биринчи болсон молодец,медаль беребиз.
+7
nurhan2702
2017-11-07 09:33:50
Азыр муйуз чыгат карап турсан башыны
+15
nurhan2702
2017-11-07 09:44:12
Алибекке аябай боорум ачып кетти.
+4
aytkulova
2017-11-07 10:03:13
Иштесең акча табылат.
Кыдырсаң кыз табылат.
Жакшы болсоң дос да табылат.
Бирок канча издебе, жакшы болбо, Ата-Эне деген табылбайт!
Ата-энелерибизди көзү барда сыйлай жүрөлү... Кийин Алибекке окшоп өкүнүп калбай.
+13
mirana9395
2017-11-07 10:51:33
байкуш наристе Аман калса экен
+2
tram-lam
2017-11-07 11:03:57
Мен биринчи дегендерди неге жаман коросунор? менин кулкум эле келгени болбосо
+5
love_you
2017-11-07 11:31:57
tram-lam,кыргыздар качан алдыга озгондорду жакшы корчу элек)))) урушпагыла тамашаладым. просто маанайым жакшы.)
+3
Bulak25
2017-11-07 11:26:41
Керем менен калышын каалайм мен
0
belka
2017-11-07 11:59:23
Bulak25,мен дагы.
0
AKCAHAT
2017-11-07 13:24:38
Bulak25, мен дагы го.
0
Sawa90
2017-11-07 13:20:44
Жүрөктү оорутту го
0
sarter-9301
2017-11-07 13:27:46
Балээ басты. Даагы 1 апта кутуш керек. Алибекке жаман болду байкуш.
+2
originalkgz96
2017-11-07 14:00:47
Баласы же озу деп калба[moderated]
0
Girl1996
2017-11-10 10:30:02
originalkgz96,андай тандоо болушу мумкун эмес, эгер бала тороло элек болсо болушу мумкун болчу, а биздин бала дуйного келди
0
aliya-leyla
2017-11-07 15:22:29
Мынча аааааз
0
Nuriman2016
2017-11-08 08:35:59
Эми эмне болот экен?
0
rtuiop
2017-11-12 14:49:19
Эки күн калды жаңы сандын чыгаарына)
0
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан