СЕЛЕНА ГОМЕС МЕНЕН ЖАСТИН БИБЕР КАЙРА БИРИКТИБИ?

25 жаштагы америкалык актриса, ырчы Селена Гомес бөйрөгүн алмаштырган соң биринчи жолу эл алдына чыгып, учурдагы абалы тууралуу маек берди. Интервьюга актриса өмүрүн сактап калган курбусу менен кошо келди. Ырчынын жаңылыгы бул гана эмес. Селена Гомес жана The Weeknd каймана аты менен таанымал рэпер Эйбел Макконен Тесфайе экөөнүн ортосундагы сүйүү романына чекит коюлуптур. Бирок бул жаңылыкты экөө тең элге жарыя кылгылары келген эмес. Гоместин айланасында жүргөндөр актрисанын сүйүү оту башка менен тутанганын кеп кылышууда. Башкача айтканда, 2011-жылдан тарта 4 жыл кыз-жигит болуп жүргөн мурунку жигити, ырчы Жастин Бибер менен кайрадан жакын мамиледе экенин айтышат. Алардын сөзүн тастыкташкандай эки жылдыздын эс алуу күндөрүн бирге өткөргөн сүрөттөрү интернетке жайылып кетти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Dilbaranurdinova
2017-11-08 21:36:12
иии десе жаман болуптурго)))тамаша)))
-4
jama9210
2017-11-15 22:43:02
Тигиге буга секирбей ден соолугуна кам корбойбу
0
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан