Орус эстрада ырчысы, алпаруучу, актриса Анна Семенович сүйүктүүсү менен кол үзүштү. Ырчы 2 жылдан бери швейцариялык ишкер менен мамиле куруп келген.
Маалымат булактарынын бирине Анна Семенович маек берип, анда «Экөөбүз бири-бирибизди жакындан тааныганга убакыт жетиштүү болду. Бирок көп убакыт өткөнүнө карабай ал менин колумду сурап, баш кошуу сунушун киргизген жок. Мындан улам мени менен жөн гана убакыт өткөрүүнү каалаган адамга алтындай убактымды арнагым келбеди» дейт.
Бул билдирүүдөн кийин Анна өзүн бойдоктордун арасына кошсо да, сүйүктүүсү ортодогу мамилеге чекит койгон эмес. Анткени жакында эле Анна Грецияда концерт коюп, Стефанос аттуу жергиликтүү миллионер менен таанышып калат. Орус ырчысына суктанган Стефанос сүйүүсүн билдирүүнүн жолун издеп, Анна Семеновичти кучак толо гүлгө ороп, жолугушууга чакырган. Мындан кабар алган ырчынын экс-жигити Грецияга келип, жыйынтыгында эки мырзанын ортосунда пикир келишпестик орун алган. «Стефаностун жолугушууга чакыруусунан жаман нерсе көргөн жокмун. Ал эми мен үчүн айтыша кеткен мырзалардын окуясына мен күнөөлүү эмесмин»,- дейт ырчы.