КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)


(Башы өткөн сандарда)

– Лиза, бир эле тапшырма. Экөөбүздүн сүйүүбүз үчүн аткарып койчу?
– Сүйүүбүз үчүн? Арсен, сен эмне деп сүйлөп жатканыңды билесиңби? Сенде кайдагы сүйүү? Сенин жүрөгүңдө кымындай да жакшы нерсе калбаптыр!
– Лиза, бул жашоо күрөш!
– Биз качанга чейин ушундай жол менен күрөшөбүз? Ооба, адегенде бизге акча керек болгон үчүн мен тиги орустун башын айлантып, анын төшөгүнө кирдим. Ал байкушту өлтүрүп акчаны алдык. Инкассаторду тонодук. Бирок ошону менен токтош керек эле го? Кантип, Арсен? Мен сага сүйүүмдү билдиргенден кийин башканын төшөгүнө кирип «зордуктады деп догурун» деп жатасың?! Кантип?
– Болду, ошону менен баары токтойт. Акчаны алабыз, кетебиз.
– Билесиңби, Ошко жаңыдан Санжарга Чыңгыз экөөң барганыңда чөнтөгүңдө сокур тыйының жок болчу. Азырчы? Жок эле дегенде 200 миң доллардан ашык акчаң бар. Ыраазы болсоң болмок.
– Миңге караганда миллион кандай жагымдуу угулат.
– Сен ашыкча ач көз болуп кеттиң. Бул жакшылыкка алып барбайт. Мен сен айтып жаткан миллионериңдин төшөгүнө киргенге макул эмесмин. Кааласаң союп сал мени. Сени кантип сүйүп калганыма азыр жооп таппай турам. Айбан болуп баратасың!
– Лиза, бери кара, сага жеке өзүңө 100 миң доллар чыгарып берем, ишенип кой.
– 150 миң!- ичинен чечим чыгарып алгандай Лиза бурк этти.
– Келиштик!
– Жок, 150 миң доллар алдын ала менин банктык эсебиме которулсун. Ал иш бүткөндөн кийин мен Кыргызстанда бир мүнөт да турбайм. Мен силерден кетем.
– Бизден кутулгуң келеби?
– Ооба, мен силерден кетем.
– Келиштик. Болгону баарын ойдогудай аткарып бер,- Арсен камырабай ордунан турду. «Башкысы, Лизаны колдо кармап туруу керек» деди жигит ичинен.
Лизанын жүрөгү ооруп чыкты. Ал жакшы көргөн, ал идеалдуу деп эсептеген адамы аны дагы эле колдонуп, бирөөнүн алдына салып берип максаттарын ишке ашырууга даяр экен. Эми кимге ишенет? Жок, бул жактан кетип калганы оң. Бир да мүнөт турбашы керек. Бирок адегенде 150 миң доллар которулсун. «Кыязы өтө бай ишкерди кармаган жатат окшойт» деп ойлонду Лиза бир аз сооронуп алып. Аны кантип торго түшүрөрүнө башы жеткен жок. А Арсен жоболоңдуу оюн башында бышырып алган эле.


ххх

3 ай заматта зымырап өттү. Бул убакыт аралыгында Арсен берген диктофон Болуштун иш бөлмөсүнө Бегимайдын жардамы менен эки күндө бир каттап турду. Анын сүйлөшүүлөрүн бүт угуп, бир дептерге тизип жазып жатты Арсен. Илинчек издеди. Бирок Болуш өтө кубаттуу экен. «Туура эле ойлонупмун» деп жатты жигит, Болуштун байланыштарын, байлыгын эсептеп жатып. «Бул көпөстү бир эле жол менен торго түшүрсө болот. Тузагыма илин, анан башкача сүйлөшөбүз» ичинен дайым ушинтип кекенет.
Азыр үйүнө Гелендвагендин рулунда бара жатып да, ойлорун башында бышырып койду. Ак-Өргөөдөгү атасынын үйүнө ал анда-санда гана каттап калды. Бул жолу деле келбейт болчу, атасы чакырган үчүн гана келе жатат. Тыкан салынган чоң үйдү карап Арсен өзүнчө маашырланды. Өз акчасына ата-энесине салып берген үйү. Карындашы дарбазаны ачты. «Бул да бой жетип калыптыр» деп койду Арсен аны карап.
– Кандай, Аку? Сыртка эле токтотмокмун. Дарбазаны ачпай эле койсоң болмок.
– Кандайсыз, байке? Азыр кирсеңиз дарбазаны жаап алып коё бербей коёюн деп жатам. Бүгүн кетпейсиз. Бекитип туруп ачкычты апама берип коём.
– Кой антпе, жумуштарым көп менин.
– Жумуш, жумуш... Атам менен апам сизди сагынып болбой калышты. А сиз аларды ойлобойсуз.
– Омей, менин карындашым чоң киши болуп калган го. Сулуу да болуп кетиптир.
– Быйыл мектепти бүтөм да.
– Оо...- Арсен таң калганын жашырган жок. Карындашын дайыма кичинекей деп ойлоп жүрчү, бирок азыр анын маңдайында бой жетип, буралган, келишимдүү кыз турду. «Деги бактылуу болсоң экен» ичинен сүйлөндү, көз алдына Лиза, Бегимай тартылып кетти. Алинаны маңдайынан өөп койду.
Бул экөө сүйлөшкөнчө үйдөн Дуулат чыга калды.
– Аа, келдиңби?- деди ал салкын учурашып.
– Чакырганыңыздан...
– Чакырбасам келбейт белең? Бу сен ата-эне, тууган деген бар экенин унутуп калган эмес белең?
– Эмне, тынччылыкпы? Өткөндө Чыңгыз акча таштап кеттиби? Берип жибердим эле.
– Сенден акча сурап жатамбы? Мээңдин баары эле акча болуп калган го. Мейли мен, энеңди ойлосоң боло. Келип ал-акыбалын сурап койбойсуңбу?!
Жигит күнөөлүүдөй унчукпай калды. Келбегенине көп болуп кетти чын эле. Башын шылкыйта үйгө кирди.
Апасы күйпөлөктөп тамак жасап жаткан экен.
– Иий, секетиң кетейин. Келдиңби? Жакшысыңбы? Эмне арыктап кеткенсиң? Башың эле калган го.
– Кандайсыз, апа? Жакшы элемин.
– Апама баары арык көрүнөт. Тамак жебей жатышкандай сезилет. Бирөөнү ныгыра тойгузса эле ден соолугун оңдодум деп ойлойт,- карындашы сөзгө аралашты.
– Өткөндө Чыңгыз байке акча алып келсе, ага ойда шыкап тамак берди. Байкуш акырында баса албай калды.
Баары күлүп калышты. Арсен келгенде бул үйдө маанай оң жагына өзгөрүп турат.


ххх

Жигит кетүүгө камынды. «Бүгүн калып эле калсаңчы?» деп апасынын жалооруганына да карабады. Оштон Санжар келмек эле, аны тосуп албаса... Сүйлөшчү маанилүү сөздөрү бар. Алина маанайсыз дарбазаны ачты.
– Мейли, Аку, жакшы кал. Аа, баса, мына ал,- чөнтөгүнөн 100 доллар алып сунду.
– Муну эмне кылам?
– Билбейм, кийим ал, балмуздак алып же,- карындашынын маанайын акча менен көтөрөм деп ойлоду.
– Мейли. Эмки келгенде Чыңгыз байкени да ала келсеңиз.
– Чыңгызды эмне кыласың?- жигит чочуп кетти.
– Жөн эле, ал байкуштун жакын туугандары деле жок го. Биздикине келгенде жыргап калат өзүнчө,- Алина көзүн ала качты. Байкеси аны теше тиктеп, бир сыр издеп жатты. Бирок азыр Алина деле Чыңгызга карата эмне сезими бар экенин түшүнбөйт. Балким, аяйт, балким, байкесинин досу деп сыйлайт, айтор, аны жакын көрөт. Демек, жигит эч нерсе деле көрө алган жок. Бирок кандай болсо да Чыңгызды ал карындашына жолотпойт. Алина чет жакта окушу керек, татыктуу жигитке турмушка чыгышы керек. А Чыңгыз ким? Кылмышкер да. Гелендвагенин жулкунтуп дарбазадан чыгып кетти.


ххх

Санжар Оштон эбак келип, Чыңгыз аны Бишкектеги чайканалардын бирине алып барып сыйлап жатыптыр. Арсен алар тамак ичип баштаганда кирип келди.
– Оо, жигит, кандай?
– Кандайсыз, Санжар аке?
– Жакшы. Келсем жоксуң.
– Үйгө барып келдим, ата-энеме.
– Жакшыбы үйдөгүлөр?
– Кудайга шүгүр.
– Алина кандай жүрүптүр?- Чыңгыз сөзгө аралашты. Арсендин денесин ток аралап кетти.
– Жакшы эле,- жигит сыр алдырбады. «Жолобо ага! Сен жырткычсың!» ичинен Чыңгызга жинденип алды. «Бар, машинаны жуудуруп келчи» ачкычты сунду. Санжар экөөбүз сүйлөшчү сөз бар, сен жолтоо болбо деген ишарат болчу. Чыңгыз дароо түшүндү.


ххх

–Таак, иштер кандай?
– Баягы планды эле ишке ашырат окшойбуз, Санжар аке. Эч нерсе таппай койдум.
– Мен сага айтпадым беле башында, башка жол жок деп. Лизаны даярдадыңбы?
– Ал таарынып жүрөт. Менин үлүшүмдү чыгаргыла, силерден кетем деди. Адегенде 150 миң доллар банктык эсебиме которгула деп жатат.
– Оо, тыңып алган го.
– Бир чети аныкы да туура. Анын ордунда баары эле ошентмек.
– 150 миң которулбашы керектигин сен түшүнүп жатасың да, ээ? Эгер аны которчу болсок Лиза көз жумса банктан чыгара албай калабыз.
– Ооба, түшүнүп жатам. Бирок башкага көнбөй жатат.
– Көндүрүү керек!
– Лизаны аман алып калганга болбойт да, ээ?
– Арсен, ал ансыз да көп нерсени билет. Бизге таарынычы күчөп баратат, кээде ичип алат. Бир күн болбосо, бир күнү айтып чыкса экөөбүзгө эле жаман. Анын үстүнө Болушуңду кармоонун бир гана жолу ушул.
Бул экөөнүн ойлору жүрөк титиреткидей болчу. Алар шашпай, жайбаракат гана сүйлөшүп жатышты. Экөө бири–бирине тең келгидей жырткычка айланып бүтүшүптүр. Бийликтин, байлыктын кумары аларды биротоло азгырып алган экен...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
said9595
2017-11-07 09:37:02
Эх Лиза курман болот экен да эми
+8
aytkulova
2017-11-07 10:16:21
Акча, байлык адамды жырткыч кылат деген ушул...
+5
nurhan2702
2017-11-07 10:19:36
Кызыгы эми башталат экен да
+3
adiletik
2017-11-07 10:54:54
Курсак ток, кайгы жок. Адам омуру баарынан ойдо биздин жашоо эле жакшыго деп коем.
+7
Aitun
2017-11-07 11:21:09
Акчанын артынан куубай жай баракат эл катары жашоо откоруп жатканыма Аллага раазы болуп кеттим.
+11
dasta
2017-11-07 12:52:42
Ех чиркин
+1
originalkgz96
2017-11-07 14:15:48
Лизаны жайлашаткенда
0
Adybai
2017-11-07 14:20:17
Эхх баары эле акча э.
0
sumaya
2017-11-07 14:38:46
Байкуш Лиза...(((
+1
ludimira
2017-11-07 15:48:46
Главный каарманынар бир балеени коргону калды озуу
+3
camry_tayota
2017-11-07 16:02:01
Лизаны пайдалып кетишет экен да, байкуш
0
Biinura
2017-11-07 19:05:16
Лиза (((.
+2
Dilbaranurdinova
2017-11-07 22:36:12
Арсен арсен
0
MIRBOLOT
2017-11-09 09:12:56
Лизаны садага чабышат экен да деп жатабыз, бирок кандай болот бир гана автор билет да...
0
batyrovaferdaus
2017-11-09 10:23:47
Мен Алинанын ордуна болгум келип атат
-2
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан