70 жаштагы эне менен 26 жаштагы кыз. Эки аял, эки тагдыр, колдорунда жетелеп жүргөн эки кичинекей бала. Батирине акча жетпей, эки баланы кантип багарын билбей аргасыздыктан элге кайрылууну чечишкенин айтышты.
«ТӨРӨБӨЙСҮҢ ДЕП КЕТИРИШКЕН, БИРОК КЫЗДУУ БОЛДУМ»
-Кызым, мен сабатсызмын. Окуганды, жазганды билбейм. Атым Сайнап, жашым 70ке келип калды. Биринчи жолу турмушка 17 жашымда чыктым. Бир жарым жыл жашагандан кийин барган жерим «төрөбөйт» деп кетирип жиберген. Атам «эртең эле төрөй калчулардан алып алгыла, менин баламдын башын бошоткула» деп мени алып кетип калды. Атамдын төрүндө 9 жыл отурдум, «төрөбөгөн аялды ким алмак эле?» деп мен да жаштыгымды өткөрүп жибериптирмин. Кийин башым ооруп ооруканада жүрдүм. Ошентип жүргөндө экинчи жолу турмушка колумду сурап келишти. 3 баласы бар экен, абышка жалгыз калыптыр. Тиейин деген деле эмесмин, атам байкуш «Оомийин!» деп жибергенден кийин шагы сынып калбасын деп бардым. Ошентип жашап жүрүп бул кызымды 40тан өткөндөн кийин төрөп алдым. Жалгыз кызым ушу. Кийин атам, анан апам өтүп кетти. Кызым 5 жашында атасы рактан улам каза болуп калды. Каза болгондон кийин абышканын уулдары мени кет дешти. Абышканын эки уулуна караганда кызы акылдуу болчу. «Атамды жакшы бакты, куубай эле койгула» десе болбой мени кууп жиберишти. Кызым 6-класста окуп жатканда мен сиңдиме кеттим. Кызым ага-жеңесинин колунда калды. Аксыда 9-класска чейин окуп, андан кийин Бишкекке менин колума келди. Пенсия алайын десем эч кандай документим жок. Паспортум, нике күбөлүгүм да жок. Өзүм да эч нерсе эмес, бул кызым жана неберелеримдин эртеңки күнү кандай болорун билбейм. Айлабыз жок «жүрү, кызым, «Супер-Инфого» баралы, гезит аркылуу кайрымдуу адамдар жардам берип калар» деп ээрчишип келдик.
«АЯЛ АЛЫП АЛГАНЫН ТӨРӨТКАНАДАН ЧЫГЫП КЕЛГЕНДЕ УКТУМ»
-Аты-жөнүм Өскөнаалы кызы Батма. 26 жаштамын. 21 жашта Кайрат деген көлдүк жигит менен бир жарым жыл сүйлөшүп жүрүп турмуш курганбыз. Ортобузда 3 жарым жаштагы жана 3 айлык эки уулубуз бар. Ысык-Көлдө үйлөнгөндөн кийин бир айдай жашадык, анан Бишкекке келдик. Колдон келген жумушта иштеп жүрдү. Былтыр август айында жакшы жумушка кирген. Ал ишке 2 ай иштегенден кийин эле ижарага машина алды. Маянасы жакшы болуп 30-40 миң сомдон ала баштады. Көбүрөөк акча таап калгандан кийин да бузулуп кеттиби деп калдым.
Жакшы эле жашап жүргөнбүз, декабрь айларынан баштап жүрүш-турушу бузулуп баштады. Алгач мага «Мен аябай кыйналып жүрөм, карыздарым да көп. Сен өзүңчө жашап тур, колумдан келген жардамды берем» деди. Анткени ичкилик ичип алып МАИчилерге түшүп калып көп суммадагы айып төлөөгө мажбур болгон. «Ошол айыпты, машинанын ижарасын төлөйм, мен карызды төлөп бүткөнчө өзүң жалгыз жашап тур» деди. «Батирдин акчасын төлөп турам» деген, бирок төлөй алган жок.
Бир күнү Кайратка чалып калдым. Телефонду бир аял алып, Кайраттын кайненеси экенин айтты. «Анын аялы, эки баласы бар го» десем, «Сиз жаңылып калдыңыз окшойт. Кайрат бала-чакасы жок, үйлөнө элек бала, менин кызым менен жашайт» деди. Мен нес абалда калдым. Экинчи балам боюмда бар эле. Эмне кыларымды билбей отурсам, күйөөм түнкү саат 3тө келди. «Телефонду алган досумдун апасы болчу» деп кайра мага жаңжал салды. Мен ишендим деп айта албайм, бирок ишенбей деле чыр чыгарып ийгенге акыбалым жок болчу. Мурун эле үйгө бир келсе, бир келбей жүргөн, март айында кийимдерин чогултуп алып чыгып кетти. Анда да башка аял бар деп айткан жок. «Мен шефимдин үйүндө жашап жатам, ага карызмын, ал мени карыз төлөп бүтмөйүнчө кетирбей жатат» деди. Көрсө, ал башка аял менен батирге чыгып жашап жүрүптүр.
Кыйналып жүрүп экинчи уулумду төрөдүм, төрөтканадан чыгып келгенден кийин жашоомдогу эң оор жаңылыкты уктум. Күйөөмдүн алысыраак жеңелери «Күйөөң эбак эле үйлөнүп алган. Кайындарына барып келгенбиз. Кайрат эки баласы, аялы бар экенин айтпа деп бизди алып барды. Биз да айта албадык. Сени төрөп алсын, стресс болсо баласына зыян болуп калабы деп айтпай жатканбыз. Ал аялдын да боюнда бар» деп айтышты. 5 жыл жашаган адам мынчалыкка барат деп ойлогон эмесмин, эмчегимден сүт чыкпай, кыйналып жаман болдум.
Өзүм барып ажырашуу үчүн арыз бердим. Сот балдарыма алимент төлөсүн деген чечим чыгарган. Бирок Кайрат аны да төлөй элек. Эч бир жерде иштебейт деген маалымдама алып алыптыр. «Эмне үчүн мындай кылдың?» десем «сени кыйналбасын дедим» деди. Өзүм үчүн да кыйналып намыстанбайт болчумун, төрөлүп, өзүнө куюп койгондой окшош уулдарына акарат келтиргени мени туюкка кептеди. «Булар менин балдарым эмес, менин чыныгы балам эми төрөлөт» дегенден кийин түңүлдүм. Анткени анын башка үй-бүлөсү бар экенин кайындары билбейт экен. Эки балам менен азыр жардамга муктажмын. Анткени батирге төлөй турган акчам жок, кожоюндар алгач абалыма карап жаткан, эми алар «болду, чыккыла» деп жатышат. 3 айлык батирим төлөнө элек, алимент кестирип алсам төлөйм деп ойлогом. Бирок Кайрат «бутум чыгып кетти, иш таба элекмин» деп такыр жардам бербей жатат. Иштейин десем жаңы төрөлгөн баламды ким багат? Кээде бирөөлөрдүн баласын багышып, кийим тигишип акча табымыш болом. Ал эмнеге жетмек эле? Кайрат кеткенден бери өзүм эле эптеп келе жатам, туугандардан, тааныштардан жардам алам. Менин максатым – азыр балдарымды багып, бутуна тургузуп алуу. Жардам бере турган адамдар окуямды угуп колун сунар дейм.
Окурман, биз экинчи тарапка, тактап айтканда, Батма айымдын мурунку күйөөсү Кайрат менен байланыштык. Ал өз пикирин төмөндөгүчө билдирди:
-Мен эки баламдан баш тартпайм, колумдан келишинче жардам бергенге даярмын. Бирок учурда жумушу жок жүрөм. Бир жактан акча келет болчу, ошол акчаны күтүп жаткам. Мурунку келинчегим менен тил табыша албай ажырашып кеттик. Экинчи балабыз 1 жарым жашка чыкканга чейин расмий түрдө ажыраша албайт экенбиз. Бирок сот мага алимент төлөп турушум керектигин айткан. Алимент төлөгөндөн качкан жокмун, болгону азыр ишим жакшы болбой жатат. Учурда экинчи келинчегим менен да жашабай эле турам. Батма экинчи келинчегимдин тынчын алып, анын туугандарына чейин чала бергенден улам аны менен да азыр урушуп жүрөм. Экинчи келинчегимдин да боюнда бар. Ал жакында төрөлөт. Мен ага да жардам бергенге аракет кылам.