БИШКЕКТЕ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ӨЛТҮРҮЛДҮ. Ал «түндө эмне кылып жүрөсүң?» деген суроосу үчүн бычакталганбы?


Өткөн жумада Бишкектин борбордук бөлүгүндө 25 жаштагы милиция кызматкери бычакталып каза болду. Анын өлүмүнө шектүү деп кармалган 25 жаштагы жигит милиция кызматкерин «түн ичинде эмне кылып жүрөсүң?» деп суроо бергени үчүн бычактаганын айтууда.

ЭКИ КҮНДӨН КИЙИН КАРМАЛГАН ШЕКТҮҮ

Окуянын чоо-жайын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов айтып берди:
– Ушул жылдын 26-октябрына караган түнү болжол менен саат 3:00 чамасында Биринчи Май РИИБинин криминалдык кызматында иштеген 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков бычактан алган жаракатынан улам каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу анын бычактан алган жаракатынан улам каза болгонун аныкташкан. Бул факт боюнча Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүүнү издөө иштери жүргүзүлө баштаган. 28-октябрь күнү кылмышка шектүү катары 1992-жылы Талас облусунда туулган, эч жерде иштебеген С.К. аттуу жаран кармалды. Алгачкы тергөө иштеринде белгилүү болгондой, кылмышка шектүү ошол түнү көчөдө күйгөн жарыктардан качуу максатында жакын жерде токтоп турган автоунааларга жашынып жүргөн. Шек жараткандыктан маркум Уларбек Майрамбеков ага кызматтык күбөлүгүн көргөзүп, өзүн тааныштырып андан түндө эмне кылып жүргөнүн сураган. Кылмышка шектүү ошол учурда жанынан бычак алып чыгып кызматкерге шилтеп, өзү окуя болгон жерден качып кеткен. Ошол учур видеого түшүп калган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү өзү жашаган үйдөн ошол окуяда кийип кан болуп калган бут кийимин ыргытканы жаткан жерден кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө окуянын кандай болгонун айтып берип, кылмышын моюнуна алган. Кылмышка шектүү СИЗОго киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«ҮЙЛӨНӨМ ДЕП ЖАТКАН, ЖЕТИШПЕЙ КАЛДЫ»

Маркум Уларбек Майрамбеков 25-октябрь күнү эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн өндүрүштөгү материалдарын жана куралын тапшырып рапорт жазган. Ал ошол күнү жумуштан кийин кесиптешинен унаасы менен Бишкектин кайсы бир жерине жеткирип коюусун суранып, ошол жерден түшүп калган экен. Маркумдун сөөгү 27-октябрь күнү өзү туулуп-өскөн Ноокен районунун Масы айылында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу үчүн ИИМдин жетекчисинин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, кесиптештери жана ИИМдин мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиев катышты. Маркумдун кесиптештери «иштеген жерибиз – бизге экинчи үй. Кесиптештер – эң жакын адамдарыбыз. Уларбек ак көңүлдүгү, элпектиги жана өзүн алып жүрүүдөгү жакшы сапаттары менен эсибизде калат» деп эскеришти. Ал эми маркумдун атасы Улан Майрамбеков буларга токтолду:
– Улуу балам Уларбек 1992-жылы 25-июлда туулган. Ал мектепти жакшы окуп, спорттун эркин күрөш түрү менен машыгып жүрчү. Мектепти аяктаган соң 2009-жылы Москва шаарындагы ИИМдин академиясына тапшырып, 2014-жылы ийгиликтүү аяктап милициянын лейтенанты даражасын алган. Ошол эле жылдан баштап Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин аймактык инспектору болуп, андан соң криминалдык милиция бөлүмүндө ыкчам иликтөөчү кызматкер болуп кызмат өтөп жүргөн. Өзүнөн кийин эки иниси бар. Бишкекте чогуу жашачубуз. Ошол күнү эртең менен кадимкидей эле жумушуна кеткен. Кечинде келип, кайра саат 9дарда «жумушума кеттим» деп кеткен бойдон кайрылып келген жок. Балам ноябрь айында үйлөнөм деп жүргөн, жетишпей калды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
bond02
2017-11-07 16:41:45
Конгантиев кайра органга кирет окшойт бул кетиште.
+1
Taalaibek.
2017-11-07 17:31:05
Отпускага чыгып кайра кечинде "жумушка кеттим" дегени эмнеси?
+11
zerkala.1992.kg
2017-11-08 23:15:46
Taalaibek.,жумушка эртен менен кетип. Жумушуна барып куралдарын тапшырып ропарт жазып кайра уйуно кайткан убакта олуп жатпайбы
-3
bond02
2017-11-09 09:20:27
zerkala.1992.kg,ропарт де.
0
Mamatmuso84
2017-11-07 19:11:06
Жаткан жери жайлуу болсин
+2
Azim90jeken
2017-11-07 22:34:03
Ата Енесине сабыр
0
Daiis
2017-11-08 13:03:46
Тиги шектуунун очу бар чыгаар да
-2
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан