2018-жылдын спорттогу эң урунттуу окуясы саналган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Орусияда өткөрүлүп, кыргыз сүйүүчүлөрү үчүн футбол жылдыздарынын оюнун өз көзү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул чемпиондуктун Орусияда өтүшүнө өлкө президенти Владимир Путин да кызыкдар болуп, учурда оюндар өтө турган шаарларда кызуу даярдык иштери жүрүп жаткан маалы.
21-ИРЕТ ӨТӨ ТУРГАН ДҮЙНӨ БИРИНЧИЛИГИ
Орусия 2010-жылы мундиалды өткөрүү макамына ээ болуп, даярдыктарын көрө баштаган. Эми 14-июнь-15-июль аралыгында Орусия майрамга бөлөнөт. Тагыраагы, футбол фанаттары үчүн футбол майрамы. Себеби бул өлкөдө биринчи жолу ири масштабдагы эл аралык футбол мелдешинин өткөрүлүшү жергиликтүү тургундардын футболго болгон кызыгуусун арттырбай койбойт.
Мундиалга бир жыл калганда чемпиондук өтө турган өлкө ФИФА тарабынан репетициядан өтөт. Башкача айтканда, ар кыл континенттин чемпиондору катышкан Конфедерациялар кубогу өткөрүлөт. Ушул жылы болуп өткөн мелдештин уюштурулганына эч сын болгон жок, демек, Орусия репетициядан ийгиликтүү өттү.
11 ШААР, 12 СТАДИОН
32 команданын оюндары 11 шаарда 12 стадиондо болуп өтөт. Алгачкы жана финалдык оюн Москвада орун алат. Көпчүлүк стадиондор мамлекет жана федералдык бюджеттин каражаттары менен курулууда. Көпчүлүктү ойлондурган маселе, кээ бир шаарлардын футболдук клубдары өлкөнүн 1-2-дивизионунда гана ойноп келишет. Андыктан алардын оюндары күйөрмандардын кызыгуусун жарата албайт. Мындан улам Дүйнө чемпиондугунан кийин стадиондор каралбай калабы деген суроо эмитен жаралып баштады.
РОСТОВ-НА-ДОНУ
Өлкөнүн бул шаары дагы курулуш менен алек. Себеби стадион толугу менен курулуп бүтө элек. 19 миллиард рубль керектелген стадион 45 миң көрүүчүгө ылайыкталып салынууда. Анда шаардын «Ростов» командасы келечекте оюндарын өткөрөт.
КАЛИНИНГРАД
Орусиянын алыскы шаарлары болуп эсептелинген Калининградда мундиаль үчүн атайын жаңы «Калининград» стадиону курулууда. Шаардын бош жери атайы стадион үчүн тандалып, учурда курулуш иштери дээрлик бүтүп калган. Ал 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Дүйнө чемпиондугунан кийин аталган стадиондо шаардын «Балтика» футболдук клубу ойноп баштайт.
МОСКВА
Борбор шаардын эки стадиону оюндарды кабыл алат: «Лужники» жана «Открытие Арена». «Лужники» стадионунда кайрадан жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, ушул жылдын июнь айында бүткөн. 81 006 көрүүчүгө ылайыкталып, улуттук курама команданын оюндары өткөрүлүп турат.
«Открытие Арена» Орусиянын эң атактуу клубу «Спартак» командасынын стадиону болуп саналат. Ал 2014-жылы ачылган, 45 360 көрүүчүгө ылайык.
СОЧИ
3 жыл мурун Кышкы Олимпиада өткөн шаарда стадион куруп кереги жок болчу. Андагы «Фишт» стадиону бүгүн деле эл аралык мелдешти тосуп алууга даяр. 41 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондо «Жемчужина» футбол командасы ойнойт.
САНКТ-ПЕТЕРБУРГ
Бул шаардагы стадиондун курулушу бүтүндөй өлкөнү тынчсыздандырган. Алгач жаңы стадион үчүн 6,7 миллиард рубль керек деп айтылган болсо, жыйынтыгында 48 миллиард рубль коротулган. «Санкт-Петербург Арена» белгилүү япон архитектору Кисё Курокаванын долбоорунун негизинде жасалып, курулуш иштери 7 жылдан ашык убакытта гана бүттү. 2016-жылы ачылган 68 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондо «Зенит»футбол клубу оюндарын өткөрүп келет.
ВОЛГОГРАД
Волга дарыясынын жээгинде жайгашкан дагы бир стадион мундиаль оюндарын кабылдайт. Ал Волгоград шаарындагы «Волгоград Арена» стадиону. 16 миллиард рублга курулуп жаткан стадион толугу менен бүтө элек. 45 миң көрүүчүнү камтыган стадиондо «Ротор» командасы оюндарын өткөрөт.
НИЖНИЙ НОВГОРОД
Аталган шаардын стадиону Волга дарыясынын жээгинде жайгашып, эң кооз көрүнүштү тартуулайт. 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган, баасы 17 миллиард рублдан ашык каражатты чапчыды. «Олимпиец» футбол клубунун стадиону.
ЕКАТЕРИНБУРГ
Мундиалды тосуп ала турган эң алыскы шаар – бул Екатеринбург. Андагы борбордук стадиондо кайра оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ушул жылдын соңунда эл аралык стандартка жооп бергендей болуп ачылат. 35 миң көрүүчүнү батыра алган стадиондо «Урал» клубу оюндарды өткөрөт.
КАЗАНЬ
Татарстандын борбор шаары Казань эң биринчилерден болуп чемпиондукка даяр болгон. Шаардын «Казань Арена» стадиону 45 миң көрүүчүгө ылайыкталып, 2013-жылы Жайкы Универсиаданы тосуп алууда ачылган. Учурда «Рубин» футбол клубу оюндарын өткөрүп келет. Курулган баасы 14,4 миллиард рубль.
САРАНСК
Көпчүлүк бул шаар кантип чемпиондукту тосуп алуу укугун ала алды деген суроого жооп таппай келишет. Башкы себеп – Орусиянын башка шаарларына караганда даярдыгы жана ыңгайлуу жайгашкандыгынан улам чемпиондук дал ушул шаарда болот. 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондо «Мордовия» клубунун оюндары өтөт.
САМАРА
Бул шаарда учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан маал. Анткени стадион менен катар шаар инфраструктурасын иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. «Космос Арена» 2018-жылы гана бүткөрүлөт. Баасы – 18,9 миллиард рубль. Стадионго «Крылья Советов» клубу ээлик кылат.
БИЛЕТТЕР САТЫЛЫП БАШТАДЫ
Чемпиондуктун оюндарына билеттер ушул жылдын 14-сентябрында сатыкка чыгарылды. Билеттер 4 категорияга бөлүнүп, баалары да ошого жараша. Алар стадиондогу орундардын жайгашканына байланыштуу бөлүнгөн. Эң арзан делген билет баалары Орусиянын жарандарына ылайыкталган, андагы эң арзан баа тайпалык оюндар үчүн 1280 рубль, финал үчүн 7 миң рубль. Ал эми калган категориядагы билеттердин эң арзаны 6 миң рублдан өйдө болсо, финал үчүн эң кымбат баа – 66 миң рублду түзөт.
Белгилей кетчү жагдай, билеттер ФИФАнын расмий сайтында гана сатылат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg