Руслан Кыдырмышев, Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясынын президенти: «ЭР ТАЙМАШ – БУЛ КУМАР. Канчалык кыйынчылыгын тартсаң, ошончолук кызык»


Туулган жери
– Бишкек шаары
Туулган жылы – 1982-жыл, 3-ноябрь
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 90 килограмм
Учурда – WEF уюмунун президенти
Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 2 уулдун атасы

– Руслан мырза, саламатсызбы? Алгач Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясынын түптөлүү тарыхына токтолсоңуз.
– Биздин уюм расмий түрдө WEF деп аталып, World Ertaymash Federation деп чечмеленет. Жаштарга, деги эле коомчулукка ушундай аталыш менен тааныш. Бул спорттун түрү 1985-жылы пайда болуп, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Кулатуу-Эр таймаш федерациясы түзүлүп, 2002-жылы улуттук спорт катары катталган. Ал эми 2014-жылы ушул улуттук спорттун түрүн дүйнөгө жайылтуу максатында дүйнөлүк деген статус алдык.

– Дүйнөлүк деген статусту каалаган уюм эле ала албаса керек?
– Ооба, анын да бир нече шарттары бар. Тиешелүү кагаз иштеринен тышкары, мисалы, кеминде дүйнөнүн 12 мамлекетинде уюмдун өкүлчүлүгү болуп, жылына аз дегенде 3 эл аралык турнир өткөрүп туруу керек. Шарттарды аткарып 12 өлкөдө өзүбүздүн өкүлчүлүктү ачып, алардын айрымдарына барып беттештерди өткөрүп турабыз. WEF уюмунун башкы кеңсеси Кыргызстанда болгондуктан, калган 12 мамлекет филиал сыяктуу болуп, турнир өткөрүү үчүн бизден уруксат алышат. Мисалы, жакында эле Иран мамлекетинде турнир өттү, эми алдыда Тажикстан менен Грузияда да беттеш уюштурабыз деп жатабыз. Бул статус биздин спорттун, спортчулардын дүйнөлүк аренага чыгуусуна жардам берет. Кандай жардам десеңиз, Америкада эрежесиз уруш боюнча»Sherdog» деген портал бар. Анда ар бир дүйнөлүк уюмдун баракчасы болуп, ал уюмда беттешип жаткан мушкерлердин көрсөткүчтөрү жазылып, ошого жараша бааланат.

– Биздин өлкөгө да чет мамлекеттик мушкерлер келип беттешип калышат. Алардын да чыгымдары бар. Деги эле WEF’ти ким каржылайт?
– Тажрыйба алмашуу, күч сынашуу үчүн сырттагы мушкерлер менен байма-бай беттешип турган жакшы. Биздин уюмга башка мамлекеттен мушкерлер келип турушат. Алардын бардык чыгымдары уюмдун моюнунда. Чет элдик мушкерлердин катышуусунда бир жолу турнир уюштуруунун чыгымы 20дан 40 миң долларга чейин чыгып кетет. Ошондуктан мындай беттештерди уюштуруу татаал. Уюм түптөлгөнүнө 3 жыл болду, ушул убакыт аралыгында азыркы күнгө чейин чыгымдардын 80 пайызын өз чөнтөгүмдөн чыгарып келем. Ал эми сатылган билеттерден түшкөн акча Спорт ордосунун ижара акысын толугу менен жаап берсе, өзүн актаган мелдеш болду деп кубанып калабыз. Мындай чоң иштин каржы жагын бир адам эле тартып кете бериши оор экен. Учурда каражат жагынан гана аксап турган кезибиз.

– Бул уюмду каржылагандан тышкары кайрымдуулук фондуңуз бар экен...
– Ооба, кайрымдуулук фонд «Бакубат келечек» деп аталып, 1,5 жылдан бери иштеп келет. Максатыбыз – кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге аз да болсо акчалай жардам берүү. Мындан тышкары айрым учурларда мелдештерде билеттен түшкөн акчаны кайрымдуулукка жумшайбыз. 22-ноябрда Улуу жибек жолу деп аталган мелдештен түшкөн каражатты толугу менен кайрымдуулукка которолу деп чечтик.

– Өзүңүз каражатты кайдан табасыз?
– Жеке ишкерлик менен алектенем.

– Эр таймашта кайсы өлкөнүн мушкерлери күчтүү?
– Өзүбүздүкүн мактап жаткандай болбоюн, бирок бул спорттун түрүндө КМШ мамлекеттеринин ичинде кыргыздын жигиттери номер биринчи болуп саналат. Бул ойго Орусия, Грузия мамлекеттериндеги эрежесиз эр уруштун машыктыруучулары да кошулушкан. Алар кыргыздын жигиттеринин көздөрүндө жалыны, тайманбаган, артка кайтпаган баатырдык сапаты бар экенин айтып баа беришкен. Биздин каныбызда ушундай эрк, күч берип турган сапат бар. Ушундай мүнөзү бар биздин жигиттерге чет өлкөдөгүдөй акча төлөнсө, анда дүйнөнү тез эле багындырып коюшмак.

– Шарт демекчи, биздин машыгуучу жайларыбыз, залдарыбыз да мактанчудай эмес да?
– Эми бул маселе баарыбызга белгилүү. Аны мамлекет башчылар чечпесе, уюмдун зал курууга чама-чаркы, дарамети жетпейт. Бизде мыкты жигиттер көп, кыйын экенибизди зал менен эмес, күч менен көрсөтүп мактана алабыз.

– Акыркы жылдары эрежесиз эр уруш боюнча мелдештер арбын өтүүдө. Күйөрмандары да улам көбөйүп бара жатабы?
– WEF – убакыт өткөн сайын өнүгүп, өсүп келе жаткан уюм деп айта алам. 3 жылдын ичинде 44 мелдеш өткөрдүк. Бул да болсо, анын күйөрмандарынын көптүгүнөн кабар берсе керек. Учурунда кулатууну ойлоп тапкан Темир Турусбековдун жанында жүргөн агаларды «кулатуунун аталары» деп коёбуз. Алар бул спортту сүйүп, баалап, колдоп ушул спорттун түрүнүн негизин унутуп калбаш үчүн бизге жол көрсөтүп келишет. Кулатууну сүйүүчүлөрдүн көптүгү уюмга эле эмес, мага да сыймык жаратат.

– Эрежесиз эр уруш десе анын мушкерлери жабык мелдештерде да беттешип, кошумча каражат табышат деген түшүнүк эл ичинде калыптанып калган. Бул боюнча сиздин пикириңиз?
– Мурда атайын ортого акча коюлуп, жигиттер жабык мелдештерде мушташкан учурлар болгон экен. Менин пикиримде он чакты киши чогулуп алып, «кимдин мушкери күчтүү?» деп мушташтырганы, туура эмес. Кулатуу-Эр таймаш –
спорттун профессионалдык түрү, аны канчалык таза кармасаң, ошончо жакшы өнүгөт. Анын атын булгагым келбейт. Сунуштар түшпөй койбойт, түшөт. Бирок биз жок деп кесе жооп кайтарып келебиз.

– Ушундай ири уюмду жетектөөнүн түйшүгү кандай?
– Мен мурда таэквондо менен машыгып, кээде спортчулардын каржы маселелерине жардам көрсөтүп койчумун. Анан 2013-жылы Кулатуу федерациясында вице-президент, кийин анын президенти Эмил Токтогоновдун сунушу менен бул WEF уюмун түптөп, президент болуп калдым. Бул нерсе мен үчүн өлкөнүн президенти болуу дегендей эле жоопкерчилик. Ортодо чарчап, «мага ушунун баарынын кереги барбы? Буга сарптаган акчаны жакындарыма коротуп, тынч эле жашай бербейинби» деп ойлоп кеткен убактар болгон. Бирок бир ишти баштасаң, аны аягына чыгарыш керек деген принципти карманып, ушуга чейин улам жаңы бийиктик үчүн жан үрөп келе жатам. Ар мелдеш өткөн сайын уюмдун, спортчулардын кадыр-баркы, аброю өсүп жатат. Бул – кумар. Канчалык кыйынчылыгын көрсөң, ошончолук кызыгы арта берет.

– Быйыл жайдын башында Ысык-Көлдүн жээгинде унаа менен түшкөн сүрөтүңүз талкуу жаратып, сындар айтылган. Ошол окуянын чоо-жайын айтып берсеңиз?
– Бул окуя мындай болгон. Көлдүн жээгинде пансионаттарда атайын катер, скутерлерди сүйрөп келүүчү унааларга арналган жол болот. Ошондо бир катерди жээкке сүйрөп барып түшүргөндөн кийин, унаанын арткы дөңгөлөктөрү бетондолгон жолдо калып, маңдайы кадрга кирип калган. Ал автоунаа деле меники эмес болчу. Ойдо жок жерден эле түшүп, интернетке жүктөлгөн сүрөтүм катуу сынга кабылып, кылмыш кылгандай болуп калдым. Бүт дитиңди жакшы ишке салып, 90 пайыз кирешеңди спорт же кайрымдуулук үчүн жумшап жатсаң да, бир кичинекей туура эмес иш кылсаң, эл ошол негативди эле көрүп, көбүртүп-жабыртып жибергенине таң калдым. Эгер кылып жаткан жакшы ишиңди эл көрүп, колдоп, жакшы сөзүн айтып койсо, адам ошол жасап жаткан ишин андан 3 эсе сапаттуураак, 3 эсе көбүрөөк кылгысы келип, каалоосу күч алат.

– Маегиңиз үчүн рахмат, Ишиңизге ийгилик!

Кыргыз мушкерлер эр таймашта тайманбас.
"Американын "Sherdog" порталында биздин 400гө жакын мушкер катталган ".


Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baiaman07
2017-11-07 20:48:34
Азаматсыз иштериңизге ийгилик
0
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан