Илгери “ат адамдын канаты” дешсе, азыр адамдын канаты автоунаа болуп калган. Кыргыз шоу-бизнесиндеги сулуулар кандай темир тулпар минишет, алардын баасы канчаны чапчыйт?
САМАРА КАРИМОВА
1. Унаасынын үлгүсү – Lexus LX 570
2. Чыккан жылы – 2011-жыл
3. Кыймылдаткычынын көлөмү – 5700 сантиметр куб
4. Сатып алган баасы – 35 000 доллар
Ырчы айым арзан алыптыр, бул унаанын учурдагы базар баасы 40 000-55 000 долларга чейин.
АНЖЕЛИКА
1. Mercedes-Benz W221 S-класс
2. 2010-жыл
3. 6300 сантиметр куб
4. 30 000 доллар
Анжеликанын дөөтүсү техникалык абалына жараша 20 000 доллардан 30 000 долларга чейин сатылат.
НУРЗАТ САДЫКОВА
1. Toyota Camry (45-кузов)
2. 2011-жыл
3. 2400 сантиметр куб
4. 23 000 доллар
Учурда бул тулпарды 12 000-15 000 долларга табууга мүмкүн.
НАЗМИ
1. Lexus RX 330
2. 2006-жыл
3. 3300 сантиметр куб
4. 18 000 доллар
Назминин тулпарындай унааны эңсегендердин чөнтөгүндө 14 000-19 000 доллар болушу шарт.
КЕНЖЕ КӨБӨКОВА
1. Honda CR-V
2. 2008-жыл
3. 2000 сантиметр куб
4. 18 000 доллар
Аталган унаа учурда базарда 11 000-15 000 доллар турат.
ФАРИДА КАРБОЗОВА
1. Mercedes-Benz W220 S-класс
2. 2003-жыл
3. 3200 сантиметр куб
4. 12 500 доллар
Азыр бул унаалардын баасы 7000- 12 000 доллардын тегерегинде.
НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА
1. Lexus GS 300
2. 2005-жыл
3. 3000 сантиметр куб
4. 11 000-12 000 доллар
Азыр бул унаалардын баасы 7000- 12 000 доллардын тегерегинде.
АЙНУРА САЛАХИДИНОВА
1. Mercedes-Benz W211 Е-класс
2. 2004-жыл
3. 3200 сантиметр куб
4. 10 000 доллар
Мындай унаа азыркы тапта техникалык абалына жараша 4000 доллардан 11 000 долларга чейин барат.
ЗАЛИНА КАСЫМОВА
1. Toyota Camry
2. 2005-жыл
3. 2400 сантиметр куб
4. 9700 доллар
Бул тулпардын учурдагы баасы 7000-12 000 доллар.
АЙПЕРИ КУЛБАЕВА
1. Toyota Camry (35-кузов)
2. 2006-жылкы
3. 2400 сантиметр куб
4. 8000 доллар
Айперинин канатына айланган тулпарлардын баасы учурда 7000ден 11 000 долларга чейин турат.
НАЗИРА КАДЫЕВА
1. Honda Accord
2. 2004-жыл
3. 2000 сантиметр куб
4. 6700 доллар
Мындай тулпарга кызыккандар 5000-7000 доллар сарпташы керек.
ЖУМАГҮЛ РАИМЖАН КЫЗЫ
1. Honda Accord
2. 2004-жыл
3. 2400 сантиметр куб
4. 6500 доллар
Назира менен Жумагүл бир жылы чыккан, бирдей үлгүдөгү унааларды айдашат экен.
Сайкал Садыбакасова айдап жүргөн 2015-жылкы Toyota Highlander учурда базар баасы боюнча 35 000-40 000 долларды чапчыйт. Гүлзат Байзакова ээлик кылган 2008-жылкы Lexus RX 350 28 000 доллар. Дилшат Кангелдиеванын 2004-жылкы Toyota Harrier дөөтүсүндөй унаага кызыксаңыз 8000-12 000 доллар сарпташыңыз керек. Назира Жетигенованын Mercedes-Benz W210 Е-класс машинасы базар баасы боюнча 4000-8000 доллар турат. Назира Токонованын 2000-жылкы Audi A4 “канаты” 2000-3000 доллардын тегерегинде.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg