КҮЗ ТУУРАЛУУ

Балдар, ысык аптаптын мезгили бүтүп жергебизге күз келди. Силер күз тууралуу эмне билесиңер? Келгиле, чогуу үйрөнөлү.

1. Дарактар эң башынан баштап ылдыйга карай саргая баштайт. Анткени аба суук болгондуктан, өйдө жагы эрте жабыркайт. Дарактардын арасынан эң биринчи кайыңдын жалбырагы сары көйнөк киет.
2. Күздүн биринчи бөлүгүн алтын күз деп коёт. Анткени айлананын баары сары түскө боёлуп, аба муздай элек болот. Бул учурда түшүмдүн баары жыйналгандыктан ушундай атка конгон.
3. Канаттуулар үйүр-үйүр болуп чогулуп жылуу жактарга учууга даярдана башташат. Билесиңерби, алардын да “президенти” болот. Ал бардыгын жыйнап, алсыздарын ортого, күчтүүлөрүн аркага тизип, кайсы жерден конуп эс алышарынан бери багыт берип башкарат. Эң биринчи болуп турна учат. Эң акыркы болуп ак куу, жапайы өрдөктөр учат.
4. Жапайы жаныбарлардын күзүндө терилери түлөп, жүнү түшүп баштайт. Кар арасында байкалбаш үчүн, үшүбөсүн үчүн ак түскө жакын калың жүн чыгат.
5. Силер күздө жалбырактардан гербарий жасап, тобурчак терип алып андан фигураларды жасасаңар болот.

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 783, 3-9-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан