(Башталышы өткөн сандарда)
ххх
– Тиги каякта жүрөт?- Арсен Чыңгыздан сурады.
– Бөлмөсүнө кирди окшойт.
Жигит Лизанын бөлмөсүнө баш бакты.
– Лизка...
– Оу,- кыз мас окшойт. Араң эле жооп берди.
– Сени менен сүйлөшсөм болобу?
– Аябай сылык-сыпаа болуп кетесиң го. Арс, мен сенин айбан экениңди билем да. Мага антип анткорлонбочу.
– Сенин сөздөрүң мени таарынтып жатат.
– Ошондой де. А сенин кылгандарың адамды тирүүлөй өлүк кылып салганы менен ишиң жокпу?
– Лиза, сага колдон келген жакшылыгымды кылып жатам. Машина алып бердим, каалаганыңды кийип жатасың, түнкү клуб дегенден деле калбайсың. Сага дагы эмне керек?
– Мен сага керекмин. Сен ошон үчүн жасап жатасың мунун баарын. Пайдаланганы жатасың мени.
– 150 миң доллар алганы жатасың.
– Ошол ишти эртерээк бүтүрөлү. Мен кетем. Чыдабай калдым,- Лиза оор үшкүрдү.
– Жуунуп, тазаланып, өзүңө кел. Жакында сен Болуш менен таанышасың.
– Адегенде 150 миң долларды менин эсебиме котор.
– Жок, Лиза, андай болбой калат экен. Мен Эркин байке менен сүйлөштүм,- Арсен Оштогу укук коргоо органдарында иштеген таасирдүү таанышы аркылуу зордуктоо жалаасын ишке ашырабыз деп орус кызды ишендирип койгон болчу.
– Эмнеге болбойт экен?
– Сен ал жакка арыз жазгандан кийин текшерүүлөр башталат. Болуш да таасирдүү киши. Текшере келгенде сенин эсебиңден жанагынча акча чыкса, ит эле болобуз. Баары атайын жасалганы билинип калат.
– Ошондо эмне деген турасың?
– Билбейм, муну кайда катасың? Бирок мен колуңа эле бере алам,- Арсен өз бөлмөсүнө барып кайра келди да, кара баштыктан белинен байланган жашыл акчаларды чыгара баштады. 15 боо.
– Мына, 150 миң.
Кыздын дене бою калтырап чыкты. Ал өмүрүндө мынчалык көп акча көргөн эмес. Соолуга түштү.
– Жок, макул эмесмин мен!- кыз коркуп кетти. Ал эми гана «ушунча акчаны бергенге Арсен макул болуп жатса, демек, ал өтө эле чоң, коркунучтуу иш баштап алыптыр» деп ойлонгонго жетишти.
– Лиза, артка жол жок. Мен Санжар акеге сени макул болду деп айткам. Эгер сен баш тартчу болсоң, ал сени соо койбойт, билесиң. Мен сага жардам кылып жатам, түшүндүңбү? Таптакыр кур жалак калбасын, ушул акча менен четке учуп кетсин деп жатам. Ишти бүтүрүп, арызыңды жазгандан кийин мен айткан жериңе ушул акчаларың менен өзүм жеткирип коём.
Лиза эми туңгуюкта экенин түшүндү. Эгер муну аткарбаса, Санжар чын эле аны соо койбойт. А Арсен... Арсенде дагы эле үмүт бар.
– Сен ушул акча менен четке учуп кетишиме кепилдик болуп бересиңби?
– Жигиттик сөзүм. Кепилдик берем. Эгер сенин талаптарың аткарылбай калса, биздин жасаган иштердин баарын милицияга айтып салып, өч алсаң болот.
– А мен айтам, эгер аткарбасаңар!
– Мен баары бир сени жакшы көрөрүмдү билип кой, Лиза. Сенин талаада калышыңды каалабайм. Сага ишенген үчүн ушул жумуштардын баарын тапшырып жатам.
ххх
«Белгилүү ишкер саясатка аттанды». Бегимай бадырайып Болуштун сүрөтү чапталган гезитти алып окуду.
– Ооба, ошондой,- Болуш күлүп кофесин ууртады.
– Демек, мен жакында депутаттын аялы болуп калат турбаймынбы, ээ?
– Балким, премьер-министр болуп калаттырмын же министр.
– Министрдин аялы. Сонун угулат экен.
– Башкысы, жеңип чыгыш керек эми. Бир жумадан кийин баары чечилет.
– Жеңип чыгасыз. Сиз деген жеңиштен башканы билбеген эркексиз да,- Бегимай эркелеп Болуштун моюнуна асылды.
– Бүгүн үйгө барасызбы?
– Ооба.
– Анда мен депутат күйөөмдүн келишине эртерээк барып даярданайын,- кыз Болушту чоп эттире өөп, анын иш бөлмөсүнөн чыгып кетти.
ххх
Шайлоо иштери Болуштун шайын алып койду. Чоң акча, чоң күч сарпталды. Тизмеде 3-болгону менен, баары эле партиянын көмүскө лидери Болуш экенин түшүнүп жатышат. Ал болсо эч сыр алдырбайт. Утуп келсек башкача оюн башталат деп алакан ушалап турган чагы. Божомолдорго караганда, алар жок эле дегенде 3-орунду алышат. Бирок алдыда эмне болору табышмак. 1 жума чыдасын. Баары айкын болот.
Унаанын арткы орундугунда ар нерсени ойлоп келе жатты.
– Келдик, Болуш Сардарович.
Шашпай унаадан түштү. Кийин үйдүн алдындагы кымбат шарап саткан дүкөндөн ичимдик алмакчы болуп, бирок жакында эле достору Англиядан алып келген вискини Бегимайдыкына таштаганын эстеди. Шарап ичип, денесин жибитип алгысы келген. Өйдө көтөрүлдү.
Бегимай жанатан Болуштун унаасы үй алдына токтогонун көргөн. Коңгуроо басылышын күтпөй эле эшик ачты.
– Кандайсыз? Кечириңиз, күтүүсүз мейман келип калды биздикине.
– Аа, эч нерсе эмес. Ким?- апасы келген окшойт деп ойлоду Болуш.
– Менин курбум Лиза. Ал азыр душта. Жүрүңүз тамактаналы. Куурдак бүгүн бизде.
– Аа...- дал ушул тапта денесине сүлгү оронуп жуунуучу бөлмөдөн Лиза чыга келди.
– Ой, кечиресиз,- деди орус кыз чочуган болуп. Чачтары сууланган, көздөрү көк, сулуу жүздүү, сары чач кызды баштан этек карап алды Болуш. «Буттары сонун экен» деди дароо ичинен. Сүлгү кыздын жамбашын болор-болбос эле жаап турат экен. Кыз бурула берип жакынкы бөлмөнү көздөй жөнөгөндө Болуш ушуну байкады. Жылмайып койду өзүнчө...
(Уландысы кийинки санда)