Төлгө таштар сүйлөшөт
“Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, бийлик алмашты, Убактылуу өкмөт эл башына келди. Бирок алдыда чети да чечиле элек чиеленишкен суроолор сансыз. Кыргызстандын келечеги кандай болот? Журт башкарууну ким колуна алат? Кайсы башкаруу бизге ылайык? Мына ушул суроолорго көзү ачыктар жооп табуу аракетин көрүштү.
КУБАНЫЧБЕК МУРЗАЕВ:
– Азыр чачыранды болуп жүргөн топтор кийин бир партия болуп түзүлөт. Өлкөбүздө президенттик башкаруу өкүм сүрөт. Президенттикке үч адам талапкерлигин коёт. Кимиси болору эрте чечилет, бирок жанындагы экөө жалгыз чыкпасын деген ой менен кошулат. Алардын ичинен чачын ак аралаганы президент болот. Ал мурунку президенттик шайлоодо да талапкерлигин койгон. Ошондо эле жеңиши керек экен, бирок добуштар сатылып кетиптир. Атамбаев болот экен. Аны Манас атанын арбагы колдойт. Бул жолку президент 2-мөөнөткө барбайт. Отунбаева да президент болууга аракет кылат, бирок ага премьер-министрлик тиет. Аны Каныкейдин арбагы колдойт. Президент дайыма аны менен кеңешип иш кылат.
Азыр жалданма киши өлтүргүч даярдалып калыптыр. Учурдагы бийликке катуу каршы чыккан бир адам атылат. Эл Бакиевден калып калган системаны жок кылуу үчүн митингге чыгат. Бирок жакшылык менен аяктайт.
Өкмөт үйүн салып жатканда бир адам каза болгон. Азыр баарын ошонун арбагы башкарууда. Жаңы президент жээрде жылкы союп иш баштаса гана өлкө оңолот. Союлган бээнин канын балдар атылган жерге да тамчылатып коюу керек. Антпесе шейит кеткендердин жетөөсүнүн арбагы аянтта жүрүп, кырсыктын болушуна алып келет.
Бакиевге Литва же Эстония колдоо көрсөтүп, алар менен чогуу бизнес кылат. Юридикалык жактан акталып чыгат. Жакындарынын экөө кармалып, сурак беришет. Кийин эл тынчыганда Ак үйдүн жер төлөсүндөгү жарык берүүчү жайга бир нече мина коюлушу мүмкүн. Ал жарылса, Ак үй тыптыйпыл болот. Ошол себептен кайтаруу, текшерүү күчтүү болушу кажет.
МАЙРАМ ЖАКЫПБЕК кызы:
– Тогуз айга чейин ызы-чуу, бирин-бири буттан тартмай, партиялар арасында кагылышуулар болот. Президенттикке билими күчтүү жаш бала келет. Анын үстүнөн акыл айтып турган белгилүү адам бар. Бирок бул президент, болгону, беш жыл турат. Издөө салынып жаткандардын экөө кармалат. Бакиевдин эки жакын адамы кырсыктайт. Өзү ооруканалап жүрүп жок болот. Алдыда болчу митингдер тынч өтөт дегенден алысмын. Төлгөм боюнча дагы 2-3 жолу кан төгүлүшү мүмкүн.
Акаевдин кетерине үч ай калганда түш көргөм. Түшүмдө ата-бабаларым “Акаевге кирип айт. Бир жылкы сойсун. Болбосо көз жаш болот” дешкен. Түшүмдө Майрам Акаева экөөбүз дасторкон жаябыз. Үстүнө тамак-аш коёлу десем, Майрам: “Кайдагы нан, бар, кет!”- деп чыгарып жиберет. Ал эми Акаев: “Чүш-ш, коркуп жатам, унчукпа!”,- деп бурчта туруп алат. Азыр ошол сыяктуу түш улам-улам кайталанууда. Колдоочуларым “барып айт, Ак үйгө жылкы союш керек” деп жатышат. Ак үйдү ичи-сыртынан бери кара күчтөр курчап алышкан. Аны жок кылмайынча Кыргызстан өнүкпөйт. Ал эми табигый кырсыктарга токтолсом, эки жолу катуу шамал болот. Ал шамалдан катуу жабыркайбыз.
ДОСУМ ТАБЫП:
– Элибиз он жылда барып оңолот. Болочок президентибиз азыр Орусияда. Ал Орусияда окуп, ошол жерде иштеп калган. Аты же фамилиясы А тамгасынан башталат. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулу бар. Бул жигиттин колдоосу күчтүү. Бир нече тил билет. Ага бут тоскондор да бар. Азыр ал “кантип президент болом? Кыргызстанды канткенде көтөрүп кетем?” деген ойлор менен алек. Ичинде кири жок, жаркылдаган жигит. “Беш жылдай элдин мүнөзүн түшүнсөм, анан алга сүрөйм” деп турат. Бул жигит он жыл башкарат. Өлкөбүздө президенттик, анан парламенттик башкаруу болот. Отунбаева сак болуп жүрүүсү керек. Анткени аны аңдыгандар бар. Жер титирөө болот экен. Дагы имараттар өрттөлүшү мүмкүн.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
КЫРГЫЗСТАНДЫ УЧУРДАГЫ ООР АБАЛДАН
КИМ ЧЫГАРЫП КЕТЕТ ДЕП ИШЕНЕСИЗ?
Нурадин,
40 жашта, жүк ташуучу:
– Мен азыр эч кимге ишенбейм. Эл талыкпай эмгектенсе эле оор абалдан чыгабыз. Бийлик деген немеден таптакыр көңүлүм калды. Башында элдин ишеничине кирип, жакшы эле иш баштамыш болушат да, аягында карасаң чыккынчы болуп чыга келишет.
Лира,
70 жашта, пенсионер:
– Негизи, өлкөнү курсагы ток адам башкарышы кажет. Экономиканы жакшы түшүнгөн, жоктон бар кылган адам керек. Ошондон улам бизге ишкердүүлүктү жакшы түшүнгөн адам келсе болот эле. Мамлекетибиз ошондо гана бутуна турат.
Жеңишбек,
39 жашта, мугалим:
– Мен жаштарга ишенем. Алардын дили таза. Патриоттук сезими да күчтүү. Жаштарга бийлик берилсе, өлкөдө кандайдыр бир өзгөрүү болушу мүмкүн. Ал эми бийликке кайра баягы адамдар келишсе, эски тон кийгендей эле болуп калабыз.
Гүлмира,
42 жашта, үй кожойкеси:
– Убактылуу өкмөттүн "парламенттик өлкө кылабыз" деген чечимин туура көрүп турам. Президент деп тигинин же мунун ысымын атай албайм. Себеби элим деп чын ниетинен эмгектенген бирөөнү да көрбөй жатам.
Азамат,
22 жашта, склад башчысы:
– Эч ойлонбой туруп эле Өмүрбек Текебаевге ишенем деп айта алам. Ал киши канча жылдан бери өзүнүн позициясын кармап келе жатат. Кээ бирлерге окшоп жакшы орун сунуштаса эле башы ооп кеткен жок. Канча адамдар ага бут тосушту.
Жүрсүнай,
48 жашта, программист:
– Азыр көпчүлүк “бийлик жаштарга берилсин” деп жатышат. Мен буга кошулбайм. Саясаттын күңгөй-тескейин ылгай билген адам бийликке келиши керек. Ошол себептен учурдагы түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн курамына ишеним артып турам.
Эсенаман,
54 жашта, сүрөтчү:
– Азыр ар бир адам жерин айдап, малын багып, соодасын кылып, өзүнө гана ишениши керек. Канча жылдан бери чайналып эле келатабыз. Бийликке элдин ишеними кетти.
Бахияна Сатылганова