ЖАШООНУН ШАМЫ – ЭМГЕК

Бишкек шаарында жайгашкан ири соода борборлоруна каттаган ар бир адам MegaCom’дун сатуу борборлору жана абоненттерди тейлөө кызматынын кызматкерлери менен кез келишкен. Ал жакка барган адамды ар дайым жагымдуу жылмайган, апапак көйнөк, сыя түстөгү галстук тагынган, кесипкөйлүгү жана сылыктыгы менен жакшы маанай тартуулаган кыз-жигиттер тосуп алышат.
Кээде алдыңкы оператордун кеңселерине келген кардарлардын көптүгүнөн ары-бери өтүүгө мүмкүнчүлүк таппай каласың. Бирок компаниянын кызматкерлери ар бир кардар үчүн убакыт таап, жылуу сүйлөп узатышат. Экстремалдуу жагдайда кантип сылыктыкты жана кесипкөйлүктү сакташ керек, мындай тейлөө борборлорунун кызматкерлерине кандай окутуп-үйрөтүүчү усулдар зарыл? Бул суроолорубузга жооп алуу үчүн биз баш калаабыздагы соода борборлордун биринде жайгашкан MegaCom’дун кардарларды тейлөө борборуна барууну чечтик.

СЫЛЫК БОЛСОҢ БАРДЫГЫН БАГЫНДЫРАСЫҢ

Жакында эле «Вефада» жайгашкан MegaCom’дун сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Эми алдыңкы оператордун абоненттери мурункудан да ыңгайлуу шартта тейлөө кызматын колдоно алышат. Бирок бул кеңседеги жаңылануу өлкөбүздөгү көрүнүктүү компаниянын кызматкерлери менен жолугушуп, алардын иш процессиндеги кызыктуу учурлар менен таанышууга шылтоо гана болду.
Соода борборундагы кардарларды тейлөө борборуна баш бакканыбызда бизди кардарлар менен иш алып баруунун улук-адиси Гаухар Сулайманова тосуп алды. Анын айтымында, бул жерде жайгашкан кеңсенин дизайны алмашып, жаңы эмеректер коюлган. Чынында эле жаңылануудан кийин тейлөө борборунда мурдагыдан да ыңгайлуу, жагымдуу болуп калгандай сезилди. Абоненттер жумшак диванга кериле отуруп, брошюраларды барактап, MegaCom’дун тарифтик пландары жана башка кызматтары тууралуу кеңири маалымат ала алышат. Мындан сырткары каалоочулар түрдүү жана пайдалуу аксессуарларды таба алышат: наушник, блютуз гарнитуралары, кубаттагыч, кабель жана башка. Негизи эле борборубуздун ар бир жашоочусу тейлөө борборлорунан каалаган суроосуна жооп ала алат. Мисалы, ноутбукту колдонуп MegaCom’дун расмий сайтына кирүү кажет. Столдун үстүндө журналдар турат, алардын жардамы менен алтын жана күмүш номер тандап алууга болот. Кошумча сунуш жана нааразычылык билдирүү үчүн атайын журнал бар, бирок ал журналга көбүнчө кызматкерлерге ыраазычылык билдирүүлөрдү жазып калтырышат.
Мындан сырткары борбордун кире беришинде төлөө терминалдары орнотулуп, компаниянын абоненттери терминалдан балансын бекер толтура алышат.
«Бир күн ичинде бизге 300дөн ашуун абонент кайрылат. Алар көбүнчө SIM-картаны алмаштыруу, тарифтик планды алмаштыруу, чалуулардын детализациясын берүү боюнча кайрылышат. «Чектөөсүз 4G» тарифине кошулуу менен көпчүлүк 4G Wi-Fi Вингл жана башка модем, роутерлерди бекер алышат. Бул колдонмолор өзүнүн сапатын эбак эле далилдешкен. Акция өтүп жаткан 3 ай аралыгында кардарлар тарабынан колдонмолорду кайра тапшыруу же башка нааразычылыктар боло элек»,- дейт Гаухар Сулайманова.
Белгилеп кетүү керек, кээ бир абоненттер тейлөө борборуна маанайы жок келишет. Бирок борбордун кызматкерлеринин сылык-сыпаалыгы кимдин болбосун ачуусун басып, маанайын көтөрө алат. Адис алгач абонент кандай маселе менен кайрылганын тактайт да, анан ал маселенин чечүү жолдорун сунуштайт. Жыйынтыгында кардар кеңседен көтөрүңкү маанайда жана ыраазы болуп чыгат.
Бүткүл Кыргызстан боюнча MegaCom’дун 38 сатуу жана кардарларды тейлөө борбору иш алып барат, ошондой эле бардык тейлөө борборлорунда ыйык эреже катары «Кардарлар менен иштешүүнү жетектөө» («Руководство по работе с клиентами») документи колдонулат. Бул документте бардыгы жазылган: кардарлар менен кантип баарлашуу керек, ошол эле учурда эмнелерди кылууга болбойт. Негизги максат – кардар ар дайым ыраазы болуш керек!
«Эгер кызматкер ишинде катачылык кетирсе, анда улук-адис ага эскертүү бергенге укуктуу. Ошондой эле ар бир кардарда биздин кызматкерлерди 1ден 5 баллга чейин баалоого мүмкүнчүлүгү бар. Эгер баа төмөн болсо, абонентке кайра чалып байланышып, анын нааразычылыгынын себебин сурашат. Муну менен биздин кардарларыбыз MegaCom’дун кайсы тейлөө түйүнү болбосун жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүү болоруна ишенимдүү боло алат»,- деп кошумчалады улук-адис.

MEGACOM’ДО ДАЙЫМ ЖАРДАМ БЕРИШЕТ

Соода борборунда жайгашкан сатуу жана кардарларды тейлөө борборунун иш алып барып жатканына 11 жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында кызматкерлер жүзүнөн тааныган дайымкы кардарлар пайда болгон. Кардарлардын дагы бир чоң бөлүгүн коңшу Түштүк-2 кичи районунун жашоочулары түзөт. Мобилдик интернет боюнча кайрылган пенсионерлер, балансын толтуруу, пакетин жаңылоо максатта келген аксакалдар да бар. Анан, албетте, жаштар да арбын.
«Абоненттерибиз бизди MegaCom’догу бардык тарифтик пландар, кызматтар тууралуу билет деп ойлошот. Баарын билүү мүмкүн эмес, бирок биз билүүгө, кардарлардын талаптарына жооп берүүгө аракет кылабыз. Эгер жообу тактоону талап кылган суроолор болсо, биз компаниянын башка бөлүмдөрүнө байланышабыз. Анын үстүнө бизде дайыма кызматкерлерибиздин адистигин жогорулатуучу окутуулар болуп турат. Компаниянын маркетинг бөлүмүнүн адистери бизге жаңы тарифтик пландар жана кызматтар тууралуу түшүндүрүп беришет. Андан кийин биз алган маалымат боюнча атайын тесттен өтөбүз»,- дейт Гаухар Сулайманова.
MegaCom’дун абоненттери *500 кардарларды колдоо кызматына чалып өзүнүн маселелерин чече алышат. Кээде тейлөө борборуна барууга аргасыз кылган учурлар болот. Студенттер Александр жана Эрсултан Аалыев соода борбордогу тейлөө борборуна түнкү чектөөсүз интернет тууралуу билели деп келишкен. Алардын ою боюнча, рынокто ыңгайлуу жана пайдалуу сунуштар аз, андыктан алар MegaCom’го кайрылышкан.
«Биз дайыма видео көрүп, көп өлчөмдөгү файлдарды көчүрөбүз. Анан мегабайттар жетпей калат. Андыктан түнкү чектөөсүз интернетке кошулгубуз келет»,- дейт Эрсултан. Адистер бул жигиттерге «Күн-Түн» интернет топтомун сунушташты.
Ал эми борбордогу жогорку окуу жайлардын окутуучусу Темиржан Кабаев жакында эле заманбап смартфон сатып алып, мобилдик интернетке туташууну каалаган. «Мен 10 жылдан ашуун убакыттан бери MegaCom’дун абонентимин. Байланыштын сапатына канааттанам. Эми интернетке туташууну ойлонуп жатам. Мен интернеттен илимий материалдарды көчүрүп, мессенджерлерди колдонуп, негизи эле дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктардан кабардар болгум келет. Кандай суроо болбосун MegaCom’до мага жардам беришерин билем»,- дейт ал. Адистердин айтымында, аксакал үчүн «Элдик интернет» тарифи ыңгайлуу.

ЖУМУШУҢДАН ЫРАХАТ АЛГАНДА...

MegaCom компаниясы өзүнүн кызматкерлери үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет кылат. Элде накыл сөз бар, «Натыйжалуу иштеш үчүн эс ала да билиш керек» деген. Кардарлар өтө көп болгон учурларда тейлөө борборлорундагы кызматкерлер баш көтөрбөй иштөөгө туура келет. Андыктан кызматкерлер үчүн түштөнүү убагына чейин жана кийин 20 мүнөттөн эс алууга кошумча убакыт берилет. Биздин жамааттын көпчүлүгүн жаштар түзөт. Алар үчүн мындай жумуш – келечекте кесипкөй адис болуп чыгууга жакшы тажрыйба. Алардын арасынан мыктылары компанияда карьералык жогорку тепкичке көтөрүлүүгө талапкер боло алышат.

ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭСКЕРҮҮСҮНӨН...

«Бир жолу бизге азиат түспөлүндөгү мырза келип, кыргызча таптак, акцентсиз сүйлөп тарифтер тууралуу сурап жатты. Биз аны жергиликтүү тургун экен деп ойлогонбуз. Качан гана паспортун бергенде баарыбыз таң калдык, ал кытай улутундагы адам экен! Коңшу өлкөнүн жараны көп жылдан бери Кыргызстанда жашап жатканын жана Манастын тилин жогорку деңгээлде үйрөнгөнүн айтып берди»,- деп ой бөлүштү Атай.
«Биз 1-январда иштеп жатканбыз. Ошо күндөгү эң биринчи жана акыркы кардарга белектерибиз бар болчу. Биринчи кардар чоң эне болду. Баарыбызга белгилүү эмеспи, кары адамдар тартипти катуу кармашат. Ал эми жумуш күнүнүн акырында бир аял менен эркек келди. Алар атайын акыркы мүнөттөрдү санап күтүп турушкан экен. Балким, алар буга чейин эле бизден белек алып жүрүшкөндүр жана кандай учурда бонус берилерин жатка билген адамдар»,- дейт Мисиралы кызы Барчын.
«Манас» аэропортуна Израилден карып калган түгөйлөр учуп келишкен. Биз орусча англисче аралаш сүйлөшүп жаттык. Анан алар жогорку ылдамдыктагы интернетти кармаган SIM-карта сатып алышты. Кызыгы, алар Кыргызстанда ушундай технологиялар бар экенине таң калышты. Балким, алар биздин көчөлөрдө жапайы ак илбирстер басып жүрөт деп ойлошсо керек. Биздин мамлекет жөнүндөгү ойлорду ушинтип бузабыз»,- деп жылмайды Кундуз Элчибекова.


Айбек Болотбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан