“Алысты жакын кылган кыз” деген макал бар эмеспи кыргызда. Бирок азыр алысты жакын кылган интернет менен телефон десек туура болчудай. Мисалы, океандын ары жагындагы ырчы Омар менен интернет жана телефон аркылуу кабарлаштык. Биз күндүзгү саат үчтө телефон чалганбыз. Бул кезде Майамиде таңкы төрт болчу. Ырчы таң ата электигине карабай биз менен чын дилден маектешти.
– Омар, кандайсың? Иштериң, окууларың жакшыбы?
– Баары жакшы. Сөзүмдүн башында кыргыз элиме сагынычтуу ысык саламымды айтам. Кыргызым үчүн апрель айы өтө оор болду. Мен аны интернеттен окуп, ата-энемден телефон аркылуу угуп жаттым. Шоу-бизнестин өкүлү болуп, саясатка көп кызыкпаганым менен, аябай жаман болдум. Эл-жерим үчүн ичим ачышып, жүрөгүм ооруду. Кыргыздар эртерээк акылына келип ынтымакта бириксе экен деп Кудайдан тиледим, ошол сааттарда. Бул жердеги кыргыздар чогулуп алып, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды талкууладык. Бүт дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган окуяга кабыргам кайышканы менен, жеке жашоомдо баары жакшы.
– АКШга кеткенден бери биз менен азыр кеңири маектешип жатасың. Ошондуктан сөздү 14-августта Кыргызстандан АКШга сапар тартканыңдан баштабайлыбы?
– Аэропорттон жакын досум тосуп алды. Көрүшпөгөнүбүзгө көп жыл болгон эле. Мен аны “өзгөрүптүрсүң” десем, ал мени “өзгөрүптүрсүң” дейт. Барганда АКШнын климатына көнүш аябай кыйын болду. Бирок бир жумадан кийин окуум башталып, алаксып кеттим. Эли менен таанышып, англис тилинде пикир алышуу мага кызыгуу жаратты. Көп өтпөй бул кызыктардын баарынан тажап, жыйырмага чыккан жигит болсом дагы үйдү, ата-энемди сагынып, “кайдан да келдим эле” деп ыйлаганга чейин бардым. Мындай күндөрдүн баарын намыс жеңди. "Атайын келгенден кийин элге кеп болбой, бир нерсеге жетишип кетишим керек" деген ой мээмден кетпей койду. Аңгыча 31-август Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын майрамы болуп калды. Нью-Йорк шаарындагы “Кыргыз Клаб” уюмунун жетекчисинин чакыруусу менен барып, кыргыздарга концерт тартууладым. Ошол күндөн тарта аталган уюм уюштурган концерттердин баарына катышып келе жатам.
– Окууңдан кыйналган жоксуңбу?
– Англис тилинде окуу мен үчүн өтө деле кыйын болгон жок. Кошумча сабак да алып жаттым. Ар улуттагы улан-кыздар менен таанышып, досторду күттүм. АКШ демократиялык өлкө болгондуктан, кимдир бирөөнүн кагуусуна кабылган жокмун. Мугалимдер мага “өз өлкөсүнүн белгилүү ырчысы” деп жакшы мамиле жасап жатышты.
– Буюрса, окууңду качан аяктайсың?
– Бостондо Geos school мектебинде окуп жатпадым беле. Бостон шаары кышкысын абдан суук экен. Ошондон улам окуумду убактылуу токтотуп, Майамиге кеткем. Бул шаар кышкысын жылуу жана курорттук зона болуп эсептелет. Мени ал жерден дос кызымдын эжеси тосуп алды. Гуля эже кыргыз болгону менен, жолдошу итальян. Бул шаарда үйдү батирге алуу аябай кымбат экен. Ошентип, Гуля эженин сунушу менен алардын үйүндө жашап калдым. Барганда эле клубдардын бирине ырчы катары жумушка орношуп, анан англис тилин үйрөтүүчү курстардын бирине окууга киргем. Клубга жумасына үч жолу барып ырдайм. Андан сырткары башка клубдардан да чакыруу алып турам. Кээде эле мекендештерим келип калып суранышканда кыргызча ырдабасам, клубда жалаң англис тилинде жандуу үн менен ырдайм.
– Анда Майамиде деле үнүңдү тарбиялап, вокал жагын күчтөп жаткан турбайсыңбы?
– Бул жакта ырчынын үнүнө эмес, барабандарга, гитараларга басым жасалат экен. Ошондуктан үнүм менен иштеп жатам деп айта албайм. Бирок көптөгөн музыканттар менен таанышып, алардын тажрыйбаларын үйрөнүүдөмүн. Кээде көчөдөн “сен тигил клубда иштейсиң, ээ? Кайсыл жактык болосуң?” деп таанып калышат.
– Күйөрман топтогонго да жетишиптирсиң да. Клубдан айына канча акча табасың? Батирдин, окууңдун акчасын өзүң төлөйсүңбү?
– Күйөрман топтоп жатам десем аша чапкандык болот. Ушинтип таанып калышканда сүйүнүп калам. Кудайга шүгүр, тапкан акчам айына 2000 долларга чейин барат. Акча таба баштаганда эле батир алып, Гуля эженикинен өзүнчө чыгып кеткем. Азыр жалгыз турам. Бостондогу окуума жумасына 520 доллар төлөчүмүн. Ал эми Майамидеги окуума айына 734 доллар төлөйм. Батирге болсо айына 700 доллар кетет.
– Америкалык жаштар кандай эс алышат экен? Кечелерге барып турасыңбы?
– Ооба, бул жакта көңүл ачуучу кечелер көп болот. Жаштары “көп чыгым болбойлу” деп ресторандарга чогулушпай, үйгө отурушат экен. Мен жашаган үй чоң болгондуктан, жума сайын майрам өтүп турат. Түн ортосунда жүрсөң эч ким кол салбайт. Жаштары ыймандуу болбосо да этиканы сакташат.
– Кечеде таанышуулар болот, анан сүйүүлөр башталат дегендей. Сүйүү сезимине кабылдыңбы?
– Кечеде чогуу иштегендер, чогуу окугандар болот. Алар досторун ала келишет. Ошентип, тааныштарымдын саны өсүүдө. Сулуу кыздарга суктанам. Жактыруу сезими пайда болот дегендей. Бирок сүйө алган жокмун. Баары бир кыргыз кыздарына эч ким жетпейт.
– Көчөдөн кыргыздарды көргөндө сүйүнөсүңбү?
– Бир тууганымды көргөндөй эле болом. Жолдон токтоп 1-2 саатка чейин сүйлөшүп, телефон номурларыбызды алышабыз. Ал гана эмес, казактар менен да жакын туугандай катышып жатам.
– Кыргыздын кайсы тамагын сагындың?
– Апам жасаган тамактардын бардыгын сагындым. Айрымдар чет өлкөгө барып алышып “такыр тамагы жаккан жок. Андай экен, мындай экен” дей беришет. Адам чет жердин климатына, тамак-ашына, салт-санаасына көнүш үчүн ал жерде жок дегенде жарым жыл жашашы керек. Азыр мен баарына көнүп калдым. Бул жерде деле кыргыздардын рестораны бар.
– Ачка калган күндөрүң болдубу?
– Андай күндөргө туш болгон жокмун. Анткени жанымда тирек болчу досум бар. Ал мени талаага таштабайт.
– Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар? Качан жаңы ыр менен бизди кубантасың?
– Чыгармачылыгым алдыга жылууда десем калп болуп калат. Анткени бул жактан ыр жаздырып Кыргызстанга берип жиберейин десем, алардын музыкасы биздин менталитетке туура келбейт экен. Ырларымды бышырып алып Бишкекке барганда эле аранжировкалап, күйөрмандарыма сунуштайм. Буюрса, Бостондогу окуум июлдун аягында бүтөт. Анан Кыргызстанга биротоло барам. Бирок АКШга келип-кетип иштеп турам.
– Кызуу уйкуңду бузуп, биз менен маектешкениңе рахмат. Күйөрмандарыңды күттүрбөй эртерээк кел.
ОМАР ТУУРАЛУУ
Сүйүн Кулматова
star@super.kg