Немис окумуштуулары лабораториялык негизде этке караганда сөөктөн кайнатылган шорпо алда канча даамдуу жана пайдалуу заттарга бай экендигин изилдеп, аны жар салып келишет. Бирок бул нерсени биздин ата-бабаларыбыз эбак эле билип, «эт этке, шорпо бетке» деп шорпону ысык кезинде ичип, көп ооруларга шыпаа табышкан. Арзан, капчыкка үнөмдүү сөөк шорпосу кайсы ооруларга даба, аны кантип туура кайнатуу керек? Чогуу таанышалы.
КОЙДУН СӨӨГҮ
Пайдасы
Кимдерге сунушталбайт?
КОЙ ШОРПОСУНДАГЫ ЧҮЧПАРА
Керектелүүчү азыктар:
Койдун сөөгү – 1 килограмм
Фарш – 200 грамм
Пияз – 1 баш
Ун – 300 грамм
Жумуртка – 1 даана
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Кой этинин сөөгүн жууп, казанга салып, 2-3 литрдей суу куюп 10 мүнөттөй кайнатабыз да, суусун төгүп салабыз.
2. Сөөктүн үстүнө 5-6 литр таза суудан куюп, кайнап чыкканда чий көбүгүн алып, аябай сапырып, отту жайлатып, татымына жараша туз кошуп 2-3 сааттай кайнатабыз.
3. Шорпо даяр болгончо чүчпара түйөбүз. Ал үчүн унду элеп, ага жумуртка, туз кошуп камыр жууруйбуз. Фаршка майда тууралган 1 баш пиязды, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып, туурамжы даярдайбыз. Камырды жайып, туурамжыдан салып чүчпараларды түйөбүз.
4. Эми шорподогу сөөктөрдү чыгарабыз. Шорпону тундуруп же сүзүп алабыз да, шорпону кайра отко коюп кайнап чыкканда чүчпараларды салып бышырып алабыз. Тамагыбыз даяр!
5. Тамакты чоң чыныга куюп, майда тууралган укроптон себелеп, 1 аш кашык каймак салып дасторконго узатсаңыз болот.
УЙ СӨӨГҮНӨН ШОРПО
Керектелүүчү азыктар:
Уйдун сөөгү – 1 килограмм
Картошка - 4 даана
Түрп – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Пияз – 1 баш
Болгар калемпири – 2 даана
Сарымсак – 5 тишче
Аш көк – 4-5 тал
Лавр жалбырагы – 2 даана
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Уйдун сөөгүн жууп, казанга салып, 2-3 литрдей суу куюп 10 мүнөттөй кайнатабыз да, суусун төгүп салабыз.
2. Эми сөөктүн үстүнө 5-6 литр таза суу куюп, кайнап чыкканда чий көбүгүн алып, аябай сапырып, отту жайлатып, татымына жараша туз кошуп 2-3 сааттай кайнатабыз.
3. Сөөктөрдү чыгарып алып, шорпону сүзөбүз же бош идишке куюп тундурабыз (майда сөөктөр идиштин түбүндө калат).
4. Тундурулган шорпону казанга куюп, аарчылган сабиз, түрптү, болгар калемпирин чоң-чоң, ал эми аарчылган картошка, пияз менен сарымсак бүтүн бойдон салынат.
5. Жашылчалар бышканча жай отто кайнатабыз. Татымына жараша туз, мурч кошобуз. Кайнатма шорпобуз даяр.
6. Шорпону чыныга куюп, майда тууралган аш көктөн себелеп дасторконго беребиз. Эгер сөөктө анча-мынча эт болсо чыныга салууга болот.
ТООКТУН СӨӨГҮ
Пайдасы
Кимдерге сунушталбайт?
-Семиздиктен жапа чеккендер шорпо жасоодо тоок этинин терисин жана майларын кошпоосу керек.
СӨӨКТҮ КАНТИП ТУУРА КАЙНАТУУ КЕРЕК?
Сөөк кайнатып ичкиңиз келсе, мүмкүн болсо үй шартында багылган малдын сөөгүн ишенимдүү сатуучудан алыңыз. Анткени бүгүнкү күндө мал-жандыктарды, канаттууларды бат чоңойтуп, бат семиртүүчү тоюттар менен багып, ооруларына каршы антибиотиктерди сайышары жашыруун эмес.
Уй, кой, жылкы эттеринин сөөктөрүн 2-3 саат жай отто кайнатуу талапка ылайык. Ал эми балык шорпосу 40-60 мүнөт, тоок шорпосу 90 мүнөттө даяр болот.
1 килограмм сөөккө 5-6 литр суу туура келет.
Сөөктү сууга салып 10 мүнөттөй кайнаткан соң төгүп, ордуна башка суу куюу керек. Зыяндуу заттар чыгып кетет. Андан кийин кадимкидей чий көбүгүн алып кайната бересиз.
Табитиңизге жараша шорпого пияз, сабиз, түрп (тоголок, бүтүн боюнча) кошууга болот.
Эгер сизге кызыл шорпо керек болсо анда сөөктү бир аз майга кууруп алыңыз. Ал үчүн сөөктөгү этти шылып албай, бир аз калтыруу шарт.
Даяр болгон шорпону тундуруп, муздатып, бөтөлкөлөргө куюп муздаткычта 3-4 күнгө, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүндө 6 айга чейин сактоого болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg