ЖАҢЫ ПРОДУКТУНУН КҮЧ БЕРҮҮЧҮ КАСИЕТИ

Кыргызстандыктар азыр жөнөкөй суу эмес, «Шоро» компаниясы тартуулаган табигый таза сууну ичүүгө көнүп калган. Кыргызстандыктар мурунтан эле сүйүп колдонуп жүргөн "Легенда", "Байтик", "Ысык-Ата" бренддери.

«Биз мурунтан эле мекендештерибизге айнек бөтөлкөгө куюлган дарылык касиети бар минерал сууну тартуулоону каалап жүргөнбүз. Ошол долбоорубуз ишке ашканына кубанып турабыз. Биз элге экологиялык жактан таза, пайдалуу жана курамы жагынан уникалдуу продуктуну тартуулап жатабыз»,- дейт компаниянын өндүрүш боюнча директору Осмонбаев Нурдин Мукаевич.
«Арашан» суусунун уникалдуулугу булактын өзгөчөлүгүнө байланыштуу. «Арашан» суусу Нарын облусундагы деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктикте жайгашкан Ат-Башы тоо кыркаларынын түштүк боорунда жаралат. Бул суу байыркы аскалуу тоо тектеринен турган көп баскычтуу табигый тазалоодон өткөн, ошондуктан ал экологиялык жактан таза табигый продуктунун эталону эсептелет. Таң калычтуусу, «Арашан» тажрыйба жүзүндө түбөлүк турган тоң шартында жаралганына карабастан, «жолдо келатып» суу Тянь-Шань тоолорунда бар минералдар жана микроэлементтер менен байыганча жылуу (орточо 20°С) абалда чыгат.
«Арашан» дарылоочу ашкана суусу болуп эсептелет»,- дейт «Шоро» компаниясынын суу боюнча бренд менеджери Дильбар Тургунбаева. "Сапаттуу минерал сууну туура колдонуу бүт организмди энергия менен мыкты кубаттап, керек учурда организмге вирус жана инфекциялар менен күрөшүүдө жардам берет. "Арашан" өзүнүн курамы боюнча көмүр-кычкыл гидрокарбонаттуу кальций-натрий катышкан төмөн минералдаштырылган суу. Ошондуктан бул суу бөйрөк, заара чыгаруу каналдары жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларына пайдалуу".

«Арашан» суусун кайсы учурда колдонсо болот (Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен методикалар боюнча):
Тамак сиңирүү органдарынын оорулары:

  • Ашказандын калыптагы жана жогорку секрециялык функциясындагы өнөкөт гастритте;
  • Ашказан жана он эки эли ичеги жарасында;
  • Ичеги ооруларында;
  • Боор ооруларында;
  • Өт ооруларында.

Ошондой эле:

  • Эндокриндик систем ооруларында;
  • Тамактануунун жана зат алмашуунун бузулушунда;
  • Заара-жыныс системинин ооруларында.

"Арашан" ашказандагы ыңгайсыздыктан кутулууга мүмкүндүк берет жана ашыкча тоюп алууда тамак сиңирүүдө, зарнада жардам берет. Ошондой эле көңүлдүү кечелерден кийин адамга өзүнө келүүдө жардам берип, баш жазуу көйгөйүнөн арылтат.
Айтмакчы, минерал суулар тамак ооруларында да көмөк көрсөтөт. Эгерде тамагыңыз кычышканын байкасаңыз, жылуу минерал суу менен чайкасаңыз болот. Суудагы туздар сезгенүү процесстеринде жардам берип, микробдорду өлтүрөт. Ушул эле сууну үй шартындагы ингаляцияда колдонууга да болот. Ингаляция кылып дарылоодо сезгенүү процесстери азайып, кан айлануу, бездердин секрециялык иши жакшырат. Жөтөл дүүлүгүүсү, тамактын кычышканы азайып, какырыктын чыгышы калыбына келет.
«Биз сууну планетабыздын баалуу ресурсу катары санайбыз. Кыргызстан таза суу жагынан эң бай өлкөлөрдүн катарында. Биздин компаниянын максаты – сапаттуу продукт өндүрүү»,- дейт Дильбар Тургунбаева. "Биздин жаңы продуктубуз – «Арашан» дарылоочу ашкана минерал суусунун курамы жалаң гана пайдалуу минералдык заттардан турат. Биз продуктубуздун сапатына камкордук кылабыз жана аны өндүрүүнүн бардык этаптарында көзөмөл жүргүзүп турабыз. Ошондуктан биз «Арашан» дарылоочу ашкана минерал суусу өзүнүн уникалдуу курамы менен Кыргызстандагы минералдык суулардын өкүмдары деп ишенимдүү түрдө айта алабыз".

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
suban78
2017-11-15 16:58:41
Араб олколоруно сатууну ойлонуп корбойсунорбу.
+1
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан