БАЛАНЫН ИММУНИТЕТИН КАНТИП КӨТӨРҮҮ КЕРЕК?


Наристе бала бакчага барып баштады, бирок убактысынын көбүн ооруп үйдө өткөрөт. Мектеп окуучусунун сасык тумоодон башы чыкпайт. Мындайда ата-энелер «сыягы иммунитети төмөн» дешет да керектүү врач менен дары-дармектерди издеп башташат. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун педиатры Каныкей Дюшембиева иммунитет деген эмне экенин жана анын төмөндөөсүнүн себептерин, көтөрүү жолдорун айтып берет.

ИММУНИТЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Адамдарбы, жаныбарлар болобу, баарында иммундук систем бар. Жаныбарлар сыяктуу эле адамда да ал систем организмдин бүтүндүгүн сактоодо башкы ролду ойнойт. Башкача айтканда, организмди тамак-аш, аба, кесилген-тытылган терибиз аркылуу кирип кеткен генетикалык бөтөн заттардан (вирус, бактерия, козу карын сымалдар, мителер) коргоп жана аларды жок кылып турат. Ошондой эле организмдеги картайган жана катардан чыккан, мисалы, жаракаттан улам, клеткаларды да жок кылып турат. Кыскасы, иммундук систем дароо жана так адашпай генетикалык чоочун заттарды таанып, жок кылат.

ИММУНИТЕТ ЭМНЕДЕН УЛАМ ТӨМӨНДӨЙТ?

Кээ бир балдар суукка, гриппке көп чалдыгып, көп оорушат. Кээде оорусу 3-6 аптага чейин созулуп да кетүүсү мүмкүн. Негизи көп ооруган балдар айыккандан кийин 1-2 аптадан соң эле кайра тумоолошот. Башкача айтканда, сезонго карабай жыл бою оорушат. Иммунитет чың болсо бала анча-мынча ооруга моюн бербейт. Бирок иммунитет алсызданганда ооруганга мажбур.

ЭМНЕЛЕР ТӨМӨНДӨТӨТ?

• Жагымсыз экологиялык жагдай.
Мисалы, бала ата-энеси менен завод же фабрика жайгашкан аймакта узактан бери жашайт. Өндүрүштүн калдыктары баланын дем алуу жолдоруна кирип, алардын былжыр кабыкчаларынын коргоо функциясын бузат. Акырында былжыр кабыкчалар зыяндуу заттарды кармай албай калат да, алар мурунга, өпкөгө өтүп кетет. Үйүндө тамеки тарткан адам бар балдарга да ушундай көрүнүш тиешелүү.

•Сыз үйдө жашоо.
Мындай үйдө жашагандардын ооруга туруштук берүүсү төмөн.



•Дары-дармектер, антибиотиктер.
Бала ооруп калганда дары-дармекти врачтын сунушу менен гана берүү керек. Бирок баласы ооруса өз алдынча антибиотиктерди бергендер толтура. Минтүү баланын иммунитетин төмөндөтүп, башка ооруларга да кабылуусуна жол ачат. Кандай дары болсо да анын терс таасири бар экендигин унутпоо керек. Врачтар антибиотик жазып берүү менен ичегидеги микрофлораны калыпка келтирүүчү каражат да жазып берүүсү мүмкүн. Анткени ичеги жакшы иштесе, иммунитет түшпөйт.

•Оорулар.
Албетте, кандай оору болбосун организмдин микроб, вирус сыяктуу зыяндуу бөтөн заттарга туруштук берүүсүн начарлатат.



• Стресстер, көп чарчоо.
Организминин инфекцияларга туруштук бере албоосуна балага психоэмоционалдык жана физикалык жактан күч келүүсү, стресстер да жеткирет. Балам таланттуу акылдуу болуп чоңоёт деп мектептен кийин күндө 2-3 ийримге (мисалы, теннис, бий) жиберүү же жаш курагына карабай иш жасоого мажбурлоо организмине күч келтирет. Үйдөгү чыр-чатактар да стресске жеткирип, акырындап иммунитети төмөндөйт. Ал тургай психологиясында маселелер жаралышы да мүмкүн.
Эгер балаңыз бала бакчага баргандан тартып, көбүрөөк ооруй баштаса, анда себебин аныктап көрүңүз. Мүмкүн, ал үйдөн, ата-энеден бөлүнүп калганга стресс болуп жаткандыр. Балким, тарбиячылары жаман мамиле жасайт же ал жамаатка аралашканга али даяр эмес. Мындай болсо баланы бала бакчага 3 жашка толгондо бериңиз. Анткени баланын иммунитети коргоочу деңгээлге 3 жашта барып жетилет.

•Уйку режиминин бузулушу, кыймылдын аздыгы, баланы өтө бөпөлөп багуу.
Бала режим менен жүрүүгө көнбөсө, кечке телевизордун, компьютердин маңдайында отурса, таза абада ойнобосо да иммунитети төмөндөйт.
Баланы жылуу үйдө өтө жылуу кийинтип, жалаң жылуу сүт, чай ичирип бөпөлөп багуудан да баланын иммунитети чыңалбайт.



•Толук кандуу тамактанбоо, витаминдердин жетишсиздиги.
Булар иммунитетти төмөндөткөндөн тышкары анемияны жана башка ооруларды жаратат.




ИММУНИТЕТТИ КӨТӨРҮҮ ЖОЛДОРУ

•Сейилдөө, ойноо.
Таза абада күн нурунун алдында сейилдөө, чуркоо, ойноодон балада кан жана зат алмашуу жакшы жүрүп, оң эмоция тартуулайт. Жыйынтыгында организминин абалы жакшырат. Баланы карагай, пихта, кедр көп өскөн сейил бакка алып барса иммунитети жакшы көтөрүлөт.

•Уйку.
Күздө жана кышта организм көп энергияга муктаж болот. Түнкү жакшы уйку иммундук системди калыптандырат.


•Бассейн, душ.
Баланы 7-8 жашынан тартып контрастык душ (бирде ысык.бирде муздак суу) кабыл алууга, бассейнде сүзүүгө үйрөтүңүз. Кан айлануусу жакшырып, нерви бекемделет.




•Толук кандуу тамактануу.
Күндөлүк рациондо, жашылча-жемиш же алардан жасалган салаттар болушу керек, булар витаминдерге бай. Алсак, ачытылган капустада (балага 3 жаштан тартып берүүгө болот) ичегидеги микрофлораны калыпка келтирүүчү пайдалуу пробиотик болот. Организмде вирустарга каршы күрөшүүчү күчү бар интерферондун иштелип чыгышына балдар йогурту менен айран таасир этет. Андыктан эртең менен жана кечинде айран, йогурт бериңиз. Ашкабак, цитрус (эгерде балада аллергия жок болсо), өрүк кактарды, мейиз, курманы (финики), грек жаңгагын 3 маалкы тамак аралыгында берип туруңуз. Балыкта иммунитетти көтөрүүчү омега-3 май кычкылы болгондуктан, балаңызга балык бышырып бериңиз (4 жаштан өйдөкүлөргө). Дагы иммунитетке пайдалуулар болуп эт, буурчак, гречка, каймак май, жумуртка, карагат, петрушка, ит мурун, чычырканак эсептелет.

•Витаминотерапия.
Бала көп ооруганда организминде витаминдерди, минералдык заттарды керектөө өсөт. Анча өлчөмдөгү витаминдерди тамак-аш аркылуу кабыл алуу мүмкүн эмес. Андыктан врач микроэлементтер менен байытылган поливитаминдерди жазып берет.

•Биостимулятордук каражаттар.
Врач балага женьшень, прополис, пантокрин (бугунун мүйүзүнөн алынган экстракт), лимонниктен жана башкадан жасалган биостимулятордук каражаттарды жазып берүүсү ыктымал.


•Вакциналар.
Кээ бир оор өтүүчү ооруларга (пневмония, грипп) каршы вакциналар бар. Баланы эмдетүүгө болот.


•Иммунитетти көтөрүүчү свеча, таблетка, сироптор.
Мындай каражаттардын бирин врач бала антибиотик алып жаткан учурда же бала ооруп бүткөндөн кийин жазып берүүсү мүмкүн.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
kenje-888
2017-11-14 09:33:06
Балдарыбыз оорубай чоноюп алышса экен кдай
+21
ekaterinburg
2017-11-14 09:45:28
Хмм...Бизде кыргыздарда"куйрук"деген универсалдуу май бар.Оорусан майлап коет,иммунитет которуш керек болсо жедирип коет.Ошентип эле чонойдук эле.Бул эми заманбап кенеш да,коп нерсе озгорбодубу.Рахмат,пайдалуу кенеш.
+6
meni_kut
2017-11-14 10:06:05
ekaterinburg,т
Биздин убакта тамак аш таза эле, азыр бут химикат, бала слабый . Ошон учун салыштырганга болбойт ал заман менен азыркы убакты.
+11
mish87
2017-11-14 13:48:26
ekaterinburg,Туура айтасын куйрук менен ак май бар арча тутотупда коёт
+4
engel
2017-11-14 13:04:48
Админ сиздерден сураныч кантип баланын аппетитин ачса болот балам тамак жебейт кенеш алып бериниздерчи. Витаминдер жардам бербейт
+4
Meruet84
2017-11-14 13:27:12
Ракмат пайдалуу кеңештер үчүн .
+1
-Sumitra-
2017-11-14 13:30:56
Рахмат супер!Менин балдарым бат-баттан эле ооруй беришет.То жотолот,тоо грипп болуп эле оорудан башыбыз чыкпай атат.Аябай слабый экоо тен.
+3
momun74
2017-11-15 12:21:25
-Sumitra-,биздин балдарда ошондой 3жашка чыгышты ооруканалап журуп
+1
ludimira
2017-11-14 21:11:35
Бардык шарт бар экен менде...себеби Россиябы дейм.
0
sparkle
2017-11-14 23:10:29
Каныкей Дюшембиева сурет врач
-1
lilya8
2017-11-17 14:57:12
Админ, жаш балдар коп тамак жесе жана ашыкча жел болуп чыгарса (коп осурса) эмне кылуу керек-ушуларга да кенеш алса болобу. Озум Гармондордун бузулушу дегенден башкасын таппадым. Врачтар диетага эле сала берет, анан иммунитети да тушуп кетти
0
Naska0809
2017-11-19 09:43:26
Чооон рахмаат
0
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан