Музыка менен төрөлүп, музыка менен өскөн кыз кандай болот деп кызыксаңыз, анда Сайкалдын биз менен болгон маегине көңүл буруңуз. Жылдыздын үй-бүлөсүндө өскөнүнө карабай Сайкалдын жөнөкөй, ачык-айрым кыз болуп чоңойгону, албетте, кубантпай койбойт.
– Сайкал, учурда эмне менен алексиң?
– Азыр сессияга даярданып жатам. Ошол эле учурда “Бала чагым” аттуу ырыма клип тарттыруудамын.
– Кыргыз эли сени ырчы катары тааныйт. А эгер ырчы болбосоң ким болмоксуң?
– Ырчы болбосом, анда модельер, визажист, стилист болмокмун. Анткени ушул кесиптерге да кызыгам.
– Кенже эже күйөөгө кетип, “башкаруучулук” сага өттүбү?
– Топту башкаруу жоопкерчиликтүү иш. Буга мени Кенже «мамам» эки жылдан бери даярдап келди. Бирок ошого карабастан, апам ишимдин үстүнөн көзөмөлдөп турганга эки адамды дайындады. Алар жардамдашып жатышат. Мен дагы бир-эки жылда толук жетектөөгө даяр болом деп ойлойм.
– «Кыз-Бурактын» кыздары тамакты укмуш жасайт дешет. Сен да алардан кем калбасаң керек?
– Куурдак, манты, мастава, дымдама, шорпо, ган-фанды, анан салаттын айрым түрлөрүн жакшы жасайм.
– Бактылуусуңбу?
– Албетте, жакын адамдарым жанымда, азбы-көппү эл алдына чыгып ырдап калдым. Тынчтык менен таң атырып, күн батырган жашоонун буйругу чоң бакыт деп ойлойм.
– Жашоодо эмнени аябай жаман көрөсүң?
– Туура эмес болсо да өз оюн таңуулаганды, билип-билбей туруп каралаган адамдарды, “жасалма” досторду жек көрөмүн.
– Эч тажабай көргөн киноң кайсы?
– Бир кинону бир эле жолу көрөм. Кайра-кайра көргөндү жактырбайм.
– Кандай стилдеги ырлар жагат?
– Хип-хоп, жаз, рэп стилиндеги ырлар жагат. Элдик ырларды апамдын мажбурлоосу менен ырдайм.
– Кадимки эс алуу күнүң кандай өтөт?
– Ишемби, жекшемби күндөрү үй жыйнайм, кир жууйм. Эртеден кечке мончо жагылат. Андан кийин атайын бышырылган шишкебекти жеп эс алабыз.
– Сен бирөөгө камкор болгуң келеби же сага бирөөнүн камкордук кылышын каалайсыңбы?
– Кимдир бирөөлөрдүн ар дайым мага камкор болуп турушун каалайм.
– Өзүңдү сулуу сезесиңби?
– Сулуумун деп бой көтөрбөйм. Андан көрө ички дүйнөмдүн сулуу болушуна көңүл бөлөм.
– Башка эстрада ырчыларынан эмнең менен өзгөчөлөнөсүң?
– Жеке концертимди берем деп чуркабагандыгым жана “ашар” концерттерге катыша бербегендигим менен айырмаланам го.
– Көбүнчө өзүң тууралуу кандай комплименттерди угасың жана кандай кабыл аласың?
– Айрымдар «актёрдук чеберчилигиң мыкты» дешсе, айрымдары «ырдаганыңда көздөрүң образды так жаратат. Өтө жароокерсиң, көздөрүң сулуу» дешет. Мындай сөздөрдү уга берип көнүп деле калгам.
– Жакында Ильяз Абдыразаков бизге берген маегинде “Сайкал менен сүйлөшүп жүргөнмүн” деген эле...
– Ильяз байке экөөбүз бир казандан тамак ичип, ага-карындаштай чоңойгонбуз. “Сайкал, сени сүйөм”,- деп көп айтат. Бир нече жолу жолугушууга чакырган. Бирок ал сунуштарын мен кабыл албай койгом. Анткени, биринчиден, мен сүйүү курагына жете элекмин. Экинчиден, Ильязды бир тууган агамдай көрөм. “Эмнеге Сайкал экөөбүз сүйлөшкөнбүз деп айттыңыз?” десем, “тамашалап койдум” деп кутулуп кетти. Азыр апамдан коркуп качып жүрөт.
– Жигиттер көбүнчө сенин эмнеңе кызыгат деп ойлойсуң?
– Байкашымча, жигиттер атак-даңкыма, ырчылыгыма кызыгышат.
– Эгер сүйүп калсаң, сүйүүң үчүн эмнеге даярсың?
– Азырынча сүйүп көрө элекмин. Бул сезимдин даамын татып көрөйүн, анан ал үчүн эмнеге даяр экенимди айтам.
– Маегиңе рахмат, сессияңа ийгилик!
Толук аты-жөнү – Садыбакасова Сайкал Эргешовна
Туулган жылы – 10-декабрь, 1992-жыл
Туулган жери – Ош шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жактырган машинасы – Бентли
Тамшана жеген тамагы – Шишкебек
Фобиясы – Жылан
Жашаган жери – Ош шаары
Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Эстей жүр”, “Эстедим”, “Жан сырым” ж.б.
Жигиттердеги баалаган сапаты – Жөнөкөйлүк, чынчылдык, адилеттүүлүк, боорукердик
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg