КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫ УТКАН БАЙГЕЛЕР КӨБӨЙҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр, сценарист Актан Арым Кубаттын мыкты актёр да экенин өзүнүн тасмаларындагы аткарган ролдорунан көрүп жүрөбүз. Актёрлук чеберчилиги үчүн АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын III фестивалында Актан Арым Кубат "Кентавр" тасмасындагы ролу үчүн "Эркектин мыкты ролу" наамын жеңип алды.
Буга чейин чет элдик бир топ сыйлыктарды өңөрүп келген "Атанын керээзи" тасмасы да бизди кубантты. Сценарийин жазгандардын бири Дастан Жапар уулу: «1-7-ноябрь күндөрү Москва шаарында болуп өткөн эл аралык «Лучезарный Ангел» ХIV кайрымдуулук кинофестивалында "Эң мыкты дебют" наамын алдык. Фестивалга катышуу үчүн 460 тасманын жаратуучуларынан арыз түшкөн»,- дейт. Кинонун дагы бир режиссёру Бакыт Мукул тасма 16-сыйлыгын алганын айтып кубанды.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
OMURBEK.
2017-11-14 12:44:36
Алга кыргыз кинолору
Атанын керези толлук интернетке чыкканбы чыкса дарегин берип койгула
+3
ryslife888
2017-11-14 16:46:49
Молодцы!!!! Жакшы жанылык коп болсунчу. Ийгилик жаратып, кыргыз элин дуйного таанылта беришсин! Ушул жума жоготуунун коптугуноно ото оор жумалардан болду. Элибизде, жерибизде дайым жакшы жанылыктар эле болуп турсун!
+2
dobrajelatel
2017-11-14 22:58:08
Озгочо инсан. Биз эмес дуйно сыйлайт баалайт. Озубуз эмес озго сыйлаганы бул да болсо жетишкендик. Ийгилик. Келечекте дагы чон-чон бийиктиктерди багынтсын.
+1
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан