СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Тилимди тиштеп, эмне чечим чыгарышса да баш ийип берүүдөн башка аргам жок калды. Бирок бир топко чейин унчукпай отурган кайнатам:
– Ортоңордо эч нерсе деле жок экен, эртең кайра жол-жолуңар менен кете бергиле,- десе болобу. Кайненемдин ою боюнча, эптеп эрге тийип, башымды ачып алайын деген ниетте экем. Ошондуктан алар мага «боорукерлик» менен «жакшылык» кылышып, дос-душмандын көзүнө «эрге тийдим» деп айтуу үчүн убактылуу гана үйүндө жашап кетүүмө уруксат беришкенине катуу сындым.
Жалдыраган көздөрүмдү аяп кетти окшойт, Бактияр мени башка бөлмөгө алып кирди. Экөөбүздүн тең каректерибизге жаш айланып, бири-бирибизден жардам сурап жалдырадык.
– Тил укпаган кежирсиң, ушуну кааладың беле?! Сен ушуга татыктуу кыз белең?! Менин колумдан эч нерсе келбейт деп айттым эле го! Сени алып калам, ишен, баары бир алып калам!- деди көзүмдөн аккан жашымды аарчып.
– Чын элеби?
Мен анын сөзүнө ишене албай турдум. Бул түн мен үчүн кылымга тете болду. Ошондогу абалымды сүрөттөп жеткирүү мүмкүн эмес эле. Эжем келип айланчыктап турбаганда, жанымды кыйып, бул дүйнөнүн адилетсиздигинен биротоло кутулуп кетүүдөн да кайра тартпас элем. Артымдан айтылган ушактарды, боюмдан түшүп калганын, Бактиярдын ур-токмогун, алтургай операция болгонумду да ошондо укту. Эки жылга чукул Бактияр менен жашап жүргөнүмдү жашырып келгенимди да айттым. Эжемдин менден бетер дили ооруп, буларды угуу оңойго турган жок. Эжемди тынчтандырып, жакшы жатып жай туруусун айтып коюуну каалаган Бактиярды апасы жактырбай:
– Уктап калган, кирбей эле кой!- деп жолоткон жок. Ошентсе да болбой, ал апасынын жоктугунан пайдаланып эжеме түнкү бейпилдик каалап чыгууга үлгүрдү.
Эртең менен Бактиярдын чоң энеси келип башыма жоолук салып, көйнөк кийгизип, келин каадасын көрсөткөндө токтоно албай жаш балача ыйлап жаттым. Куду апама окшоп көзүмдүн жашын аарчып, бооруна кыса эркелетип турду. Күн сайын насаатын айтып, мени кайра жашоого үмүттөндүргөн акылга көсөм, кеңешке март бул инсанга мен да күн сайын жүгүнүп, урматын жайына коюуга далалат кылдым. Азыркыга чейин бул кемпирге миң мертебе алкышымды айтуудан чарчаган жокмун.
Мен бул күндөрдө бир нерсе жөнүндө ойлонууга алым жетпей, жашоону кечип коюп жашап жаткандай элем. Бул күнү менин жүрөгүмдөгү адамдарга болгон жылуулук муз болуп, үрүл-бүрүлдө учкундаган үмүтүм өчүп, таптакыр башка планетага келип калгансыдым. Бул убак да сирень гүлдөгөн маал эле…
Бактияр мамлекеттик экзамен тапшырып, диплом жактап жаткандыктан, тез эле шаарга кайтууга туура келди. Мени айылга таштап кетпей, өзү менен кошо алып кетүүсүн сурандым. Кайнатама болгон окуя катуу таасир тийгизип, кыраакылык менен баласынын мүнөзүндөгү жагымсыз өзгөрүүлөрдү, маңызсыз сөздөрдү байкап, ичинен жапа чегип жатканы байкалып турду. Шаарга жөнөп жатканыбызда чачымдан сылап, жаш балача көзүнөн жашы төгүлүп турду. Кеч болсо да мени түшүнгөнү үчүн ыраазы болдум.
– Ыйлаба, Малика, бул аз күндүн ичинде ичимди эзип, жүрөгүмдү ооруттуң,- деди жашын аарчып. Бул учурда кайненем да жашын төгүп, бооруна кысты. Мен адамдын карегинен анткор көз жаш төгүлөрүн биринчи жолу көрдүм. Мени гана эмес, ата-энесин да түйшүккө салып, тынчсыздандырган менин ары жок Бактиярыма дүйнө бейкапар эле.
Шаарга келгенден кийин да жашообуз, мамилебиз олку-солку тартып кыйналып жүрдүк. Мен бир гана нерседен иренжип турдум. Бактияр баарына ата-энесин күнөөлөп, алардын чечимине, көрсөтмөсүнө баш ийгенсип актанса, ата-энеси Бактиярга кол шилтеп кутулушту. Кайненем кайра-кайра «колумдан эч нерсе келбейт, өзүңөр билесиңер» деп күнөөсүн жууп жаткансыды. Чындыгында анын колунан эч нерсе келбей калган болчу. Эми баары кеч. Биздин махабатыбызды сууткандан кийин гана ушул сөздү айтып отурат.
Шаарга келгенибизде бизди «куш бооңор бек болсун» деп жан дили менен куттуктап келгендер көп болду. Менин туулган күнүм менен бирге жакын жоро-жолдошторубузга тойчук да жасадык. Бактияр студент болгондуктан, бир тыйыны жок. Анын үстүнө мен иштеген ишкана каатчылыкка учурап, айлык берилбей жатты.
Куттуктап, сурап келгендерди күзөтүү, аларды коноктоо менин көйгөйүмө айланды. Колумда болгон кымбат баалуу жасалгаларымды күрөөгө таштап, акча алууга туура келди. Арга калбаганда курбумдун шакегин да күрөөгө койдуруп, акча алдым. Ар бир алган акчамдын пайызы өсүп, ого бетер көбөйүп жатты. Бир чети аларга да кол шилтеп койдум. Анткени эмне жоготушум, кимди жоготушум керек болсо, менде баары жоголуп жатты.
Кайра кызматыма барышым керек эле. Эки ай мурун мени менен бирге иштеген кызды ала качып кетип, кийин дасторкон жасап, кешик алып келип, сый тамак менен кызматка келген болчу. Мени ошентип алып баруу күйөө сөрөйүмдү кызыктырып да койгон жок. Кайра эле өзүм бир айласын табышым керек болду. “Ош базарында” иштеген курбумдан акча сураганы бардым. Анын эки-үч күндөн бери жумушка чыкпай жатканын айтышты. Эртең түшкү саат бирде кесиптештерим чогулуп мени күтүп алышарын ойлосом ичим тызылдап, заманам куурулат. Бир-экөөнөн акча сурап, «ай, күйөөңчү?! Эркек го, тапсын!» деген жоопторун угуп, калгандарынан сураган жокмун.
Жерге күүгүм түшүп калган убак. Ойлонууга да кудуретим жетпей, аргасыз башымды көтөрдүм. Маңдайымда жылдызым жанып туруптур. Чолпон жылдыз… Жалгыздыктын символу… Эмне үчүн дал ушул жылдызды тандадым экен?..

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
siezd
2014-05-26 20:23:00
мынча не Бактыярга жармаштын эркек куруп кеткенсип
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан