Тилекке каршы, Кыргызстан жол кырсыгы эң көп катталган жана андан каза тапкандар боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда. Жол кырсыктарын азайтуу, анын алдын алуу боюнча аракеттер жасалгандай болгону менен, майнап чыкпай келет. Ал тургай 2015-жылы жол эрежесин бузууларга карата айып пулдун көлөмү 2 эсеге көбөйгөн эле, бирок жыйынтык байкала элек.
КЫРСЫК 10 КИШИНИН ӨМҮРҮН АЛДЫ
Күн кур эмес жол кырсыктары катталууда, арасында бир нече адамдын өлүмү коштолгон жол кырсыктары да көп. Акыркы 2 күндө эле 3 ири жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 19 киши каза болду. Алардын бири 5-ноябрдан 6сына караган түнү Бишкек–Ош унаа жолунун 457-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына жакын жерде ДАФ үлгүсүндөгү газ ташуучу унаа менен Хонда Степвагон унаасы бетме-бет кагышкан. Бул кырсыктын кесепетинен 10 киши каза тапты.
«КИМ КҮНӨӨЛҮҮ ЭКЕНДИГИ ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫККАНДА БИЛИНЕТ»
Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков экспертизанын жыйынтыгы чыкканда гана кайсы унаанын айдоочусу күнөөлүү экендиги аныкталат дейт:
-Кырсык болгон жерге Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги жана Таш-Көмүр ШИИБинин өздүк курамы барып кароо жүргүзүштү жана окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Жалал-Абад ОИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү (Транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала кароолордун жыйынтыгына караганда, ДАФ унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кетип Хонда Степвагон менен бет маңдай сүзүшкөн. Бирок экспертизалардын жыйынтыгы чыга электигине байланыштуу азырынча ким күнөөлүү экендигин так айта албайбыз.
КАЗА БОЛГОНДОРДУН ТИЗМЕСИ:
1. ДАФ-XF95D үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Шабданов Куштарбек Өзүбекович, 1977-жылы туулган.
2. Хонда Степвагон үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Абдувалиев Фахридин Камалдинович, 1988-жылы туулган.
3. Абдувалиев Хуснидин Жамалдинович, 1989-жылы туулган.
4. Набиджанов Кодиржан Адылжанович, 1994-жылы туулган.
5. Ашурова Барнохон Хатамжановна, 1994-жылы туулган.
6. Розахунов Акмалжон Махмуджанович, 1989-жылы туулган.
7. Кодиржанов Камолдин, 1994-жылы туулган.
8. Расулжон кызы Наврузхон, 1995-жылы туулган.
9. Мамадалиев Абубакр Шафкатович, 2016-жылы туулган. Расулжон кызы Наврузхондун уулу
10. Адилбеков Хасанбай Махаматюсупович, 1988-жылы туулган.
«БУГА ЧЕЙИН ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛГАН ЭМЕС»
ДАФ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун артында 4 баласы калганын маркумдун иниси Кыялбек Шабданов билдирди:
-Байкем айдоочу болуп 4 жылдан бери иштеп жүргөн. Ал буга чейин бир да жолу жол кырсыгына кабылган эмес. Кырсык болгон күнү ал Бишкектен Ошко чыккан экен. Мен кечки саат 7лерде телефон аркылуу сүйлөшсөм, ал «жүк бар эле, ошолорду салып эле жолго чыгам» деп айткан болчу. Артында 4 баласы калды. Улуусу 9-класста окуйт, кичүүсү 8 жашка чыкты. Эми байкемдин үй-бүлөсүнө өзүбүз каралашып турабыз.
«ЖАРДАМГА МУКТАЖБЫЗ»
Маркум Барнохон Ашурованын таежеси Якутай Седерова «кырсык жээнимдин 4 жашар кызын жетим калтырды» дейт:
-Барнохондун сөөгүн Таш-Көмүрдөгү өлүкканадан алып келип жерге бердик. Ал эжемдин кызы болот. Жолдошу менен ажырашып 4 жаштагы кызы өзүндө калган. Энеси дагы ооруп каза болгон. Анын турмуш тиричилиги жакшы эмес эле. Жолдошу кызына алимент төлөбөйт. Барнохон тиричилик кылуу үчүн кызын апама таштап, өзү Орусияга иштеп келүү үчүн жолго чыккан. Кызына эле кыйын болду.
Кырсык болгон учурда Барнохондун заманбап үлгүдөгү телефону жана апасынан калган алтын сөйкөсү бар эле, сөөгүн өлүкканадан алганда ал буюмдары жок экен.
Артында калган кызына мен каралашайын дегем, бирок менин абалым деле жакшы эмес. Жолдошум да каза болуп калган, өзүм пенсиянын акчасы менен күн көргөн жанмын. Сиңдим Барнохондун туугандары кайрымдуу адамдардын жардамына муктажбыз.
«КАЙСЫ АЙДООЧУДАН КҮНӨӨ КЕТКЕНИН БИЛБЕЙБИЗ»
Давран Ибрагимовдун карындашы Наврузхон 1 жарым жашар баласы Абубакр менен бирге кырсыктан көз жумган:
-Карындашым Наврузхон бир жарым жашар баласын Орусиянын Самара шаарына дарылатууга алып бара жаткан. Себеби баласы 6 жарым айлык болуп төрөлүп, ошондон бери ооруп жүрчү. Карындашымдын жолдошу аялы менен уулун Орусиянын Самара шаарында күтүп жаткан эле, жетпей калышты. Карындашымды акыркы сапарына узаттык, жолдошу да келди. Кырсык тууралуу азырынча так маалымат жок болуп жатат. Кайсы айдоочудан күнөө кеткенин билбейбиз.
ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ ҮРӨЙ УЧУРУУДА
14-сентябрда Бишкек–Ош автожолунун 480-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагында Ауди C4, Ауди 100 жана Хундай Портер үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Ауди 100 үлгүсүндөгү унаадагы 5 адам окуя катталган жерде, бирөө ооруканада каза тапкан. Хундай Портердин ичиндеги бир киши жаракат алып Шамалды-Сай шаардык ооруканасына түшкөн.
1-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунда «Тез жардам» кызматы Бает айылынан Чолпон-Ата шаарына кош бойлуу келинди алып келе жатканда артынан Мерседес-Бенц унаасы келип сүзгөн. Жыйынтыгында «Тез жардамдын» унаасы оодарылып кетип, анда бараткан айдоочу, фельдшер, кош бойлуу келин жана анын тууганы каза тапкан. Кырсыктан кош бойлуу келин менен кошо 5 адам каза болгон.
7-октябрь күнү жол кырсыгынан 38 жашында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жана 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев, 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов жарык дүйнө менен коштошкон. Вице-премьер-министр бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы таңкы саат 7:30да Бишкек–Чалдовар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында КамАЗ менен сүзүшкөн.
8-октябрда Бишкек–Ош жолунун 423-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына жакын жерде Вольво үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган автоунаа менен Хонда Фит унаасы кагылышкан. Жыйынтыгында Фитте болгон 5 киши каза болгон. Маркумдардын баары бир үй-бүлө мүчөлөрү, туугандар экени кабарланды.
5-ноябрда таңкы саат 4 жарымдар чамасында Бишкек шаарынын Айтматов көчөсүндө 2 Тойота Камри жана Тойота Витц үлгүсүндөгү 3 унаа кагышып, унаалардын бири күйүп кеткен. Бул кырсыктан 5 киши каза болуп, дагы 3 киши жаракат алган.
6-ноябрда кечки саат 8дер чамасында Бишкек шаарынан «Манас» аэропортуна бараткан жолдо БМВ үлгсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыктан улам рулду башкара албай, жол четиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 4 адам каза таап, 1 адам жаракат алган.
Нурбек Абдыкадыров
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg