Азия Кубогуна тандап алуу оюну: МАКАО 3:4 КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ

Кыргыз футболчулары 2019-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарынын 5-турунун алкагында 14-ноябрда Макао менен кез келди. «Ак шумкарлар» атаандаштарын утуп, өз карамагына 3 упай кошо алды.
 
КОНОКТОГУ ЖЕҢИШ

Эки өлкөнүн беттеши 14-ноябрь күнү Макаонун олимпиадалык стадионунда орун алды. Оюн конокто өткөнү менен, Кыргыз футболчулары топко ээлик кылууну баштапкы мүнөттөрдөн күчөттү. Буга ортоңку бөлүктө Топ-Лигада "Алайда" мыкты сезон өткөргөн Муролим Ахмедовдун таасири болду. Оюндун эсебин учурда клубу жок, азырынча улуттук курама командада гана өзүн көрсөтүп жаткан Антон Землянухин пенальтиден ачты. Ал эми анын артынан Виталий Люкс чабуулчу экендигин көргөзүп, экинчи голду киргизди. Муну менен ал өзүнө гана эмес, улуттук курамга да дем-күч берди. Эске салсак, Люкс акыркы жолу былтыр 29-мартта Тажикстан менен болгон оюнда айырмаланган. Акыркы оюндарда күйөрмандардын сынына кабылып келе жаткан чабуулчу өз голу менен Крестининдин ишеничин актагандай болду.

ЧАБУУЛ БАР, КОРГОНУУ ЖОК

Экинчи бөлүктө Землянухин дагы бир жолу айырмаланып эсепти 3:0гө жеткирди. Оюндун тагдыры ушул убакытта чечилгендей туюлду. Бирок «Ак шумкар» бошоңдук кылып, коргонууну бат эле унутуп койду. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Макао курама командасы катары менен эки жолу гол киргизди эле, буга Мирлан Мурзаев 4-гол менен жооп берди. Голдор менен атаандашуу муну менен да бүткөн жок. Макаонун футболчулары чабуулун токтотпой, дагы бир голду айып соккудан киргизе алды. Дагы убакыт болгондо эмне болорун ким билсин, бирок калыстын ышкырыгы кыргыз футболчуларынын 3 упайын сактап калгандай эле болду.

ЭМИ УПАЙ ЖОГОТКОНГО АКЫБЫЗ ЖОК

Жеңиш менен кошо Кыргыз өлкөсү 7 упай топтоду. Алдыда Индия 13 упайы менен финалдык баскычка чыкты, артта 5 упайы менен 3-орунда келе жаткан башкы атаандаш Мьянма.
«Ак шумкар» алдыда 2 оюн өткөрөт. Мьянма менен нейтралдык талаада (качан, кайсы жерде болору белгисиз) жана Индия менен өз үйүндө. Бул оюндарда упай жоготууга болбойт. Анткени учурда Мьянма башкы атаандаш, бир эле жолу жаза бассаң атаандаштар алга озуп кетет. Мьянмага утулуп калган күндө Индияны жеңсек да жардам бербей калат. Себеби Мьянма аутсайдер саналган Макао менен упай жоготот деп ишенүүгө болбойт. Андыктан бардыгы Крестининдин шакирттеринин колунда. Тагыраагы, буттарында. Футболчуларыбыз эки оюнда тең дарбазага таамай сокку узатышса эле, Азия Кубогунун финалдык баскычына чыга алабыз.

КИЧИН МЕССИНИН ЖОРУГУН КАЙТАЛАП...

Кичин улуттук курама командага чакырылган сайын жаракат алып же узак учуулардан чарчап калабы, айтор, Кыргыз өлкөсү үчүн ойноону токтоткон. Учурда ал "Енисей" командасы менен Орусиянын Жогорку Лигасына чыгуу аракетин көрүп жаткан чагы. Улуттук курама команда деген жөн эле команда эмес, бул бүтүндөй өлкөнүн жүзү болгон команда. Кичин эмнеге баш тартты деген суроолор четтен чыгат, бирок мындай нерсени Месси деле кылган. Демек, таң калуунун кереги жок. Айлап-жылдап бир жолку оюн үчүн Кичин "Енисейдин" негизги курамына илинбей калууда. Анын Орусиянын Жогорку Лигасында мыктылар менен ойноону туура көрүп тургандыгын да түшүнсө болот. Айта кетчү жагдай, футболчулар улуттук курамга кайра кайтып келишкен учурлары толтура. Демек, Кичинди Азия чемпиондугунда көрүп калабыз деген ишенич бар. Месси деле кайтып келбеди беле...


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2017-11-21 09:49:49
Олее,ооле,олееее....Кыргызстан,алгааааа!
+2
Tyty1990
2017-11-21 11:52:30
Кичинди мессиге тенебей эле койгула. Месси ким,кичин ким. Кичинди унуткула.
-1
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан