АЙСААНА ОМОРОВА – КОМУЗДАН БАКЫТ ТАПКАН КЫЗ

Бүгүнкү каарманым АКШдагы популярдуу «OneBeat» музыкалык долбооруна катышып, кыргыздын көөнөрбөс музыкалык байлыктарын даңазалап келди. Учурда «Мурас» фольклордук ансамблинин солисти Айсаана Оморова 5
жыл "Ордо сахна" этно-фольклордук театрында иштеген.

ОМОРОВА АЙСААНА СҮЙҮМБЕКОВНА

Туулган жылы, күнү – 1997-жыл, 2-июнь
Туулган жери – Чүй облусу, Кант шаары
Билими – Атактуу комузчу Зайнидин Иманалиевдин шакирти, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищенин бүтүрүүчүсү, учурда К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын вокал (элдик ырдоо) факультетинин 1-курсу


БАЛАЛЫК

Каарманым 6 жашында музыка чөйрөсүнө баш баккан. Ал кезде азыркы жеткен ийгилик даамын татам деп күтпөгөнүн айтат.
-Мен Чүй облусуна караштуу Кант шаарында төрөлгөм. Атам жеке ишкер, апам кесиби боюнча эсепчи. Мен 1 жашка чыкканда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Кочкорго көчүп кеткенбиз. Ал жакта апам музыкалык мектепте башкы эсепчи эле. 6 жашка чыкканымда белгилүү комузчу Зайнидин Иманалиев ошол мектепте иштегендиктен бир жолу айлык акысын алганга үйгө келген. Үйгө кирип, бөлмөдө илинип турган комузду көрүп «тээтиги комузду кармачы» деп, колумду карап «комуз черткенди үйрөнөсүңбү?» деди. Дароо эле макул болгом. Бирок кандай профессионал адам менен жолукканымды билген эмесмин.
Ошол жылдары «Ага-хан» фондунун алдында «Устат-шакирт» салттык-музыкалык долбоору түзүлгөн. Долбоордун негизги максаты – улуу муундун комузчулары, чоорчу-кыякчылары аймактарга барып, таланттуу, шыгы бар балдарга билим берүү эле. Музыкалык борбордун Нарын аймагы боюнча устаттары ырчы Кенже Кубатова жана Зайнидин Иманалиев болчу. Экөө жетектеген «Жаш тилек» ансамблинде «Ордо сахнанын» азыркы музыкалык жетекчиси Аскат Жетиген уулу, Канат Токтобек уулу, Чыңгыз Кубат уулу, Адилет Алайдар уулу жана мен окуп тарбияландык.

УСТАТ-ШАКИРТ

«Бактылуу балдар экенбиз, азыр устаттарыбыз биз менен сыймыктанып, батасын берип турушат. Кичинебизде биздин кыял-жоругубузду көтөрүп, бир сөзгө баш ийдирип берген тарбиясын унутпайбыз» дейт.
-Биз Нарындагы Ормон-Хан айылында Зайнидин агайдын үйүндө жатып окучубуз. Эртең менен тургандан тартып кечинде көзүбүз жумулуп, отурган жерлерибизде уктап калганча комуз колубуздан түшчү эмес. Оң колубуздун манжалары канаса таңып алып, сол колубуз менен чертип «тажадым, комуз чертпейм» деп ыйлаган учурларыбыз көп болгон. Зайнидин агай «Токтогулдай көп кырдуу талант болуп, акындык өнөрдү да аркалагыла» деп ыр жаздырып, бири-бирибиз менен атаандаштырчу. Азыр үзүрүн көрүп жатабыз.
Устатыбыз мени өз кызындай көрүп, суранычымды четке какчу эмес. Баары бир балабыз да, ойногубуз келгенде балдар «Зайнидин атамдан сурап келчи, эшикке чыгып ойноп туралы» дешет. Мен барып «атоу, эшикке чыгып ойноп келеличи» деп уруксат алып, эшикке чыгып ойноп келчүбүз. Азыркы ийгиликтерим устаттарымдын мээнети. Чет жакка чыкканда устаттарымды эстеп «апа, ата, силерге ыраазымын» деп кат жазып турам.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК

Кичинекей болсо дагы сынакка катышуу үчүн оюндан, уйкудан чектеткен чыгармачылык.
-1 жыл катуу даярданып, 2005-жылы этнограф, Кыргыз дипломатиялык академиясынын профессору маркум Гүлмира Мамбеталиева негиздеген мектеп окуучуларынын арасындагы «Жаш таланттар» кароо-сынагында эки баш байгени утуп кеткенбиз. Жеңүүчүлөрдү Гүлмира эже ошол эле жылы Түркияда өткөн «Түрк дүйнөсү» балдардын эл аралык сынагына алып барган. Ал жактан 128 мамлекеттин ичинен баш байгеге ээ болуп, алтын медаль тагынганбыз. Бул биздин алгачкы жеңиштерибиз болчу. 1 жылдан кийин Канат Токтобек уулу топтон чыгып кетти. Анын ордуна Гүлзаир Сагынова деген кыз келип, бирок мектепти аяктагандан кийин топ чачырап кетти.
2012-жылы үй-бүлөбүз менен кайра Бишкекке жер которууга туура келди. Бул жакка келгенде Нурлан Нышанов жетектеген «Устат-шакирт» долбоорунун мүчөсү болдум, жыгач комуз, ооз комуз черткенди үйрөндүм.
2012-жылы «Ордо сахнанын» курамы жаңыланды. Бул фольклор-этнографиялык театрга «Устат-шакирттин» мыкты тарбиялануучуларынан тандап алышчу. Жаңы курамга мен дагы илиндим. «Ордо сахнада» 5 жылдай иштеп, тили, дини башка элди, башка маданиятты, башка искусствону тааныдым. Гастролго көп чыккандыктан окуума тоскоол болуп, «Ордо сахнадан» кеттим. Былтыр Нью-Йоркто өткөн «Борбор Азиядагы заманбап музыка академиясы» долбооруна катыштым.
Учурда «Мурас» фольклордук ансамблинин солистимин. Бул ансамблдин түптөлгөнүнө аз эле убакыт болгону менен, эл аралык сынактарга эки ирет катыштык. Анын бири Самаркандда өткөн «Шарк Тароналари» салттуу музыкалык сынагында 58 мамлекеттин ичинен суурулуп чыгып 2-орунду багындырдык. Чет жактарга барып сынак-долбоорлорго катышканда каражат жагынан маселе жаралбайт, анткени уюштуруучулар жол киребизге чейин камсыздап беришет. Биз кийген кийимибизди тиктиргенге гана акча коротобуз.

ИШКЕ АШКАН КЫЯЛДАР

Мындан бир ай мурда дүйнө жүзү боюнча 3000ден ашуун музыканттын арасынан тандалып, «OneBeat» долбооруна катышууга мүмкүнчүлүк алып, АКШны түрө кыдырып келген Айсаана тажрыйбасын арттырганы боюнча ой бөлүштү.
«ОneBeat» музыкалык долбоору АКШнын мамлекеттик департаментинин демилгеси менен 6 жылдан бери өткөрүлүп келет. Долбоордун негизги максаты – салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрдүн башын бириктирип, эл аралык байланышты өнүктүрүү. Буга чейин Кыргыз өлкөсүнөн эки жолу балдар барып, катышып келген. Мен дагы катышууну каалап, жарым жыл мурда интернет аркылуу өзүм тууралуу видео жибергем. Июнь айында мени тандап алгандары тууралуу кат келди.
АКШга барганда Орегон штатында болуп, жергиликтүү музыканттар мастер-класс өтүштү. Концерттик турнеде музыканттардын деңгээлине, дегеле угуучуларына таң бердим. Музыка жаратуучулар менен угармандардын табити төп келишип, кандай чыгарма болбосун маанисин түшүнүп угушат экен.
Бизде комуз чертүү көнүмүш нерсе го. Чет өлкөлүктөр комуз черткенибизде "колдун бийи экен" деп суктанып жатышты. Ар бир концерт үчүн жаңы ырларды даярдап, кайталоо деген болгон жок. Бирок Нурак Абдырахмановдун «Мезгил жаңырыгы», Саид Бекмуратовдун «Паризатын» бардык концертте аткардык. Анткени уюштуруучулар өздөрү жактырып, бул чыгарма ар бир концерттин баса белгиленчү номерине айланды.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Өзүн композитор катары да сынап жатканын айтат.
-Жүрөгүмдү багындырган мырза бар. Ал дагы чыгармачыл чөйрөдөн. Азырынча үй-бүлө курууга шашылган жокпуз. Ал эми алдыдагы чоң максаттарымдын бири – өзүмдүн калемиме таандык чыгармаларды жаратып, музыкадан ийгиликке жетүү.

 

"OneBeat" долбооруна 19-35 жашка чейин, англис тилин билген музыканттар, композиторлор катыша алышат. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча жалпы 25 гана музыкант тандалат".
"Жаш тилектин" курамы. Солдон оңго: Аскат Жетиген уулу, Чыңгыз Кубат уулу, Адилет Алайдар уулу, Канат Токтобек уулу жана мен (2005-жыл)".
"Үч кыз, бир уулду тарбиялаган ата-энем билимдүү музыканттар эмес, бирок экөөндө тең талант бар".


Бактыгүл Момбекова
(Сүрөттөр каармандын
өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Комуздан баар тапкан Айсаана Оморова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
meni_kut
2017-11-21 17:15:19
Дуйнолук музыкаларды кууго тушургон Чолпон Мелисбекова жана Жедигер Каныбековдон интервью алгылачы кутом.
+1
admin_media
2017-11-21 17:49:27
meni_kut,
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+1
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан