Адистин кеңеши. «БОЙДОН ТҮШҮРҮҮЧҮ ТАБЛЕТКАЛАРДЫН ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?»


Окурмандардан келген суроолорго «Мир здоровья» медициналык борборунун гинекологу Айпери Соурбекова жооп берет.

«ЖАТЫН МИОМАСЫ ЧОҢОЮП КЕТКЕНДЕР ӨЗ АЛДЫНЧА ТӨРӨЙ АЛЫШПАЙБЫ?»

– Учурда 8 айлык боюмда бар, биринчи балам. Дарыгерим «Жатын миомаңдың көлөмү чоң, 48 миллиметр экен, өзүң төрөй албайсың. Кесарево жолу менен төрөтөбүз» деп жатат. Жатын миомасынын көлөмү чоңдор өздөрү төрөй алышпайбы? Мен табигый жол менен эле төрөсөм деп жаттым эле. Оюмду ишке ашырууга болобу?

Айдай, Ош шаары

– Жатын миомасы 48 миллиметр болсо, албетте, чоң деп саналат. Негизи миомалар жатындын ар кайсы жеринде жайгашуусу мүмкүн, сыртында, ичинде, жатын булчуңдарынын ортосунда, жатын моюнчасында дегендей. Алардын жайгашуусу УЗИнин жардамы менен аныкталат. Эгер жатын миомасы баланын төрөлүүсүнө тоскоолдук жаратса, анда кесарево жолу менен төрөгөн оң. Миомалар төрөт учурунда баланын башы менен эмес, жамбашы же буту менен келип калуусуна түрткү болот. Ушул учурларды эске алып дарыгерлер төрөт ыкмасын сунушташат. Операция учурунда баланы алып чыгуу менен бирге миоманы да алып салган учурлар көп эле учурайт.

«ЭТЕК КИРИМ ӨЗ УБАГЫНДА КЕЛБЕЙТ»

– 24 жаштамын. Сизге суроом, 7 жылдан бери этек кирим өз убагында келбейт, 4-5 айда, кээде 7 айда бир жолу келет. Бул эмнеси? Дарыгерлерге көрүнүп, дарыланып, гормоналдык таблеткаларды ичтим. Дарылануу убактылуу эле жардам берет, кайра эле мурункудай көрүнүш кайталанат. Турмушка чыккандан да кооптонуп турам.

Фатима, Бишкек шаары

– Этек кирдин өз убагында келбей жатышы гормондордон көз каранды. Андыктан гинеколог-эндокринологдун текшерүүсүнөн өтүңүз. Сиздин дартыңызда дары-дармек менен узак убакытка дарылануу зарыл. Турмушка коркпой чыга бериңиз, дарылануу аркылуу балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аласыз.

«ТӨРӨТТӨН КИЙИН БУТУМ СЫЗДАП ООРУЙТ»

– Мындан 1 жыл мурун кесарево жолу менен төрөгөм. Ошондон кийин операция жасалган жерим жана сол бутум сыздап, какшап оорутат. Кантип дарылансам болот?

Айсалкын, Аксы району

– Жашаган жериңиз боюнча гинекологго жана невропатологго барып көрүнүп, дарыланыңыз.


«БОЙДОН ТҮШҮРҮҮЧҮ ТАБЛЕТКАЛАРДЫН ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?»

– 21 жаштамын. Мындан 3 жыл мурун боюмда болуп калып, аргасыздан 1,5 айлык түйүлдүктү таблетканын жардамы менен түшүргөн элем. Сурайын дегеним, бойдон түшүрүүчү таблеткалардын ден соолукка зыяны жокпу? Жакында турмушка чыктым. Эне болуу бактысына ээ боло аламбы?

Дариха, Ош шаары

– Бойдон түшүрүүчү таблеткалардан мурун бойдон алдыруунун, түшүрүүнүн өзү организм үчүн өтө зыян. Бул учурда организм гормоналдык бузулууларга дуушар болот. Гормоналдык бузулуулар, албетте, келечекке өз залакасын тийгизбей койбойт. Андыктан балалуу болууну пландабаган учурда бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу кажет. Эгер сиздин балалуу болуу оюңузда болсо, анда гинекологго көрүнүп, кеңешин алып туруңуз.

«ЖАТЫНДЫН КЫЙШАЮУСУНА ЭМНЕ СЕБЕП?»

– Мен 10 күн мурда спираль салдыртканы барсам, «жатының кыйшык экен» деп араң салды. Жатын эмнеден улам кыйшык болушу мүмкүн? Биринчи балам 2 айлык кезинде жолдошум ошол тушка тепкен эле. Ошондо көгөрүп бир топко чейин оорутуп жүргөн. Себеби мындан эмеспи? Жолдошум менен кошулганда, төрөт учурунда да оорутат. Түздөөгө болобу?

Асыл, Бишкек шаары

– Гинекологиялык сезгенүү ооруларынан улам кичине жамбаш сөөгүнүн ичиндеги органдар бири-бирине жабышып калат. Мындан улам жатындын кыйшайып калуусу мүмкүн. «Жолдошум тепкен» деп жатпайсызбы. Оор жаракат алган учурда да жатын сезгениши ыктымал. Мындан сырткары жатындын кыйшаюусу тубаса болгон учурлар бар. Бул маселени операция жолу менен түздөөгө болот. Врачка көрүнүп, дарыланыңыз.

«ЖАТЫН ВАРИКОЗУНУН ТҮЙҮЛДҮККӨ ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?»

– 7 айлык боюмда бар. Учурда жатын варикозунан жабыркап жүрөм. Анын түйүлдүккө зыяны жокпу? Негизи жатын варикозу эмнеден улам пайда болот?

Алтынай, Бишкек шаары

– Кош бойлуу кезде жатын варикозунун пайда болуу себептери көп, алсак:

• Түйүлдүк менен катар жатын чоңойгон сайын ири кан тамырларды басып калат, мындан улам кан айлануу начарлап, варикоз жаралат.
• Кош бойлуу кезде гормондордун өзгөрүүсү (жыйынтыгы кан тамырдын кеңейишине алып келет).
• Кош бойлуу болгонго чейинки гинекологиялык оорулар (энелик жумуртканын өнөкөт сезгенүүсү, эндометриоз, этек кирдин бузулуусу жана башкалар).
• Тукум куучулук да чоң роль ойнойт.
• Ичтин көп катуусу.
• Аз кыймылдоо жана башкалар.

Түйүлдүккө зыяны жокпу? Албетте, жатындагы варикоз балага өз таасирин тийгизбей койбойт. Себеби түйүлдүк кан тамырлар аркылуу азыктанып, өсүп, чоңоёт. Андыктан өз дарыгериңиздин жана флебологдун көзөмөлүндө болуп, алардын айткандарын так аткарып туруңуз.

Эч кимге ооз барып айта албаган, олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге, 0557 75 63 19 WhatsApp номерине же kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринен жооп алып беребиз.


Дамира Арстанова

kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
bond02
2017-11-21 09:16:18
Бойдон тушуруп туйулдукко убал кылбай напсинди анан алиги ХХХХ бутоп журсон эле зыяны болбойт.
+6
engel
2017-11-21 12:23:30
Байкушту тепкен дейт анан кантип жашап журосун андай айбан менен?!
+16
Kaary
2017-11-24 01:41:59
engel, жөн! Аралашпа! Маалыматты ал болот ошол! Эрди катын урушат, эси кеткен болушат! Маселенин эки жагын билбей туруп, антип айтпоо керек! Билген чакта да айтпаш керек! Сен ага эр болуп бербейсиң го?
+8
engel
2017-11-24 08:53:32
Kaary,анда келтек жеп журо берсин ээ. Бир куну ошентип отуруп койсун! Кандай гана маселеле болбосун суйлошуп чечиш керек тепкилешип эмес. Аны сизге окшогон жана тиги аялдын куйоосуно окшогон карангы адамдар маселесин ошентип чечишет! Бизде аялдын укугу корголбойт ошого ичим куйот.
+2
toma95
2017-11-21 12:34:03
Коз жара элек эжекелерибиз аман эсен коз жарып алсын.Ден-соолуктарынан жапа чегип жургон эжекелерибиз тезиреек сакайып ктишсин.
+29
lilya8
2017-11-21 19:47:01
Менин эки уулумду торогондон кийин эки жолу таблетка мн боюмдан тушургом дагы кийинкиси оспой калды бул ошол таблетканын зыяны экен
+4
Ainura93
2017-11-21 20:02:35
Toma95 Айтканыныз келсин!
+4
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан