Кыргыз эстрада ырчысы Иса Өмүркулов эки жылдан бери Бишкек шаарындагы спорт клубдардын биринде бокс менен машыгып келет. Спорт менен машыккандан бери өзүндө көп өзгөрүүлөр болгонун да жашырган жок. Анда ырчынын машыгуусуна назар салалы.
– Мен мындан эки жыл мурун 103 килограмм салмакта болчумун. Өзүм жаш болсом, мындай салмакта жүргөнүм туура эмес деп фитнес клубга бара баштадым. Бирок менин салмагым азайбай эле, булчуңдарым чыга баштады. Жакындарым «cен күзөт кызматкериндей эле болуп калдың» деп тамашалашты. Спортто түшүнүгү бар адамдардан кеңеш сурасам «бокс менен машык» дешти. Боксто көбүрөөк кыймылдап денедеги ашыкча майлар кетет экен. Ошентип эки жыл мурун 103 килограмм болсом, азыр 77 килограмм салмактамын. Спорттун пайдасы – мыкты дене түзүлүшкө ээ болуу менен катар оорубайсың, өзүңдү ишенимдүү сезесиң.
ЧУРКОО
– Машыгуу аптасына 3 жолу эки сааттан болот. Алгач булчуңдарды жибитүү үчүн 1 сааттай алдыга, артка жай ыргакта чуркайм.
ОТЖИМАНИЕ
– Отжиманиени 30 жолудан 4-5 жолу кылам.
СКАКАЛКА
– Скакалка секирүү бул арыктоонун эң жакшы методу. Секирген сайын ашыкча майлар кетет. Бетиңден баштап, бутуңдун манжаларына чейин арыктайсың. 2 мүнөт секирем, 1 мүнөт эс алам. 3 мүнөт секирип, 2 мүнөт эс алам. Ушинтип төрт жолу жасайм.
БРУС
– Бруска 4 ирет 15-20 жолудан тартынам. Мурун колу-бутум апапак, жумшак болчу. Азыр кан тамырларым көрүнүп, булчуңдарым чыгып калды.
АРКАН
– Арканды эки колго кармап силккенде бел, көкүрөк омурткаларга пайда. Бул көнүгүүнү 2 мүнөттөн 4-5 жолу жасоо жетиштүү.
ДӨҢГӨЛӨК АҢТАРУУ, БАЛКА МЕНЕН УРУУ
– Дөңгөлөк аңтаруу, аны балка менен уруу булчуңдарды чыгаруу менен катар бел омурткаларынын бекемделишине жакшы. Мисалы, спорт менен машыкпаган адам бир кап унду көтөрсө бели ооруп калышы мүмкүн. Биздин организм андайга жол бербейт.
– Бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусунун да кеңешин алып турам. Башында рингге чыкканда сүрдөгөм. Машыгуу бүткөндө «каалоочулар өзүнчө мушташа бергиле» дейт. Бирок мен кетип калам. Бирөө мени катуу уруп койсо, мушташып кетишибиз мүмкүн.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg