Ырчы Аваз Акимов эми коомдук транспорттун кызматынан пайдаланбайт. Анткени ал темир тулпарлуу болду. Унаасы тууралуу ырчы: «Бул менин 4-унаам. Жогорку ылдамдыкты жана ыңгайлуулукту жактыргандыктан 2004-жылы чыккан BMW 740I үлгүсүндөгү унааны алдым. Чет өлкөдөн унаа ташып саткан таанышым бар. Аларга техникалык абалы жакшы унаа болсо айтып койгула деп жүргөм. Таанышым ушул унааны сунуштап калды. Буга чейин BMW’ны айдап көргөн эмесмин, ошондон улам кызыгуу пайда болду»,- дейт. Дөөтүң ак жолтой болсун, Аваз!