Жакында эле «кайсы жакка барып эс алып келсем, кайсы өлкөнү сунуштайсыңар?» деп күйөрмандарына кайрылуу жасап жаткан ырчы Дайыр Исмадияров Египетке сапар тартты. Интернеттеги баракчасына эс алуусунан байма-бай сүрөт жүктөгөн ырчы мырза бир ок менен эки коён атып, эс алып эле тим болбостон, «Кош бол, сүйгөнүм» деген жаңы ырына Египеттен клип тарттырып да жүргөнүн билдирди.