СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Иман талуу жерине бирөө тийип өткөндөй онтоп алды. Бирок үн каткан жок.
– Эмне, үмүтүң биротоло үзүлдү-бү?
Иман «ооба» дегендей башын ийкеди.
– Оңой-олтоң элеби?
«Бул дагы эмне дейт?» дегенсип Имандын кабагы чытыла түштү. Байкаса да байкамаксан болгон Анвар болчудай эмес.
– Катуу тийсе кечирип кой, бирок сенин үмүт үзгөнгө акың жок, досум. Ал бала сенин каның экенин эч ким тана албайт. Жок дегенде бир сүйлөшүп, бооруңа тартканга аракет кылып көрсөң боло. Баланын талантын го, өзүң көрдүң. Ага ата эле эмес, так сендей устат керек.
Анвар көпкө сүйлөдү. Сүйлөгөн сайын Имандын сыздаган көкүрөгүн дарыдай эле айыктырып баратты. Гүлнарадан башка бар дүйнөсүн унутуп салганын азыр сезди. Уулун ойлогондо көкүрөгүн мыжыккан оору басаңдай түшкөнсүдү. Иман башын көтөрүп, Анварды суроолуу карап калды.
– Эмне кылышым керек, Анвар?
– Аракеттен, Имаке, жатпа. Баланы изде, тап, сүйлөш. Качса, аркасынан кууп ал. Иши кылып эбин тап. Анан дагы көрөбүз. Кой, мен жумушка барайын. Кечинде сага тийип өтөм. Аа, баса, буларды аяшың сага арнап салып берди. «Өзүң карап отуруп ичир» деген.
Анвар термоско куюлган тамак, мөмө-жемиштерди столдун үстүнө коюп кирди.
– Ой, булардын баарын эмне кылам?
– Эшикке ыргытасың... Албетте, жейсиң. Мен эми барайын,- деп шашкан Анвар коштошуп алып жолго чыкты.
Иман конок бөлмөгө кирди да, Гүлнаранын чоңойтулган портретинин жанына келип, чөгөлөй калып сүйлөнө кетти.
– Эмне кылайын, асылым, барайынбы?! Балким, өмүрүмдүн жабылган эшигин кайрадан каккылап куру убара болуунун кажети жоктур. Эмне дейсиң? Үн катчы, акыл айтчы, кечке эле томсоруп тура бересиңби?! Сагындым сени, Гүкүтай!
Сүрөт болсо бир калыпта мостоёт. Ушул учурда эмнегедир Гүлнаранын акыркы жолу айткандары кулагына жаңыра түштү. «Өх, жаным ай, жоголгон уулуңду изде. Эмдигиче чоңоюп калгандыр, түшүнөт. Түшүнбөсө да издеп табуу – сенин аталык парзың» дебеди беле. Кызык, эмнеге ошентип айтты экен? Же экинчи жолу жолукпасын билдиби? Көрсө, өзү өлгөндөн кийин да кантип жашашты айтып кеткен тура.Капыстан жоготкон бактысын таба койгонго сүйүнүп кетти.
– Рахмат, асылым! Баары сен ойлогондой болот. Мен эми сен үчүн, сен жөнүндө музыка жаратуу үчүн жашайм.
Ошол замат ордунан тура калып бат-баттан жуунуп-таранып, жумушка жөнөп калды. Канчадан берки кайгы эзген көкүрөгүнө таза абадан кере дем алып, көңүлү сергип, тереңде бүлбүлдөгөн үмүтүн демөөр кылып уулуна шашып баратты.

***

Рустам машыгууга шашып бараткан жеринен теңтуштарынын биринин үнү токтотту.
– Сени Шамил агай чакырып жатат.
– Эмнеге?
– Билбейм.
Ийинин куушурган досу жанынан өтө берди. Рустам шашкан боюнча Шамил агайынын кабинетине жөнөдү.
– Эмнеге керек болуп калдым экен? Алматыдан келгенден бери жанымды тындырбас болду. «Эмгектен» деп турат. Дагы эмнеге чакырды экен?,- деп шашып-бушуп кирип барган Рустам маңдайында турган Иманды көрүп, бүткөн бою чымырай түштү.
– Мен анан кирейинчи, агай,- деп шарт бурулуп жөнөй берди эле, Шамил колунан шап кармай калды.
– Ай, шайтан, сени менен кишилер сүйлөшкөнү келип отурса, кайда шашасың?!
– Менин бул адам менен сөзүм бүткөн!
Рустам агайынын сөзүн кескин бөлүп жиберди да, колун силкип алып чыгып кетти.
– Рустам, Рустам дейм, токто!
Артынан кыйкырган агайын карап койбостон узап кетти.
– Кой, жөн кой, Шамил. Мен өзүм... Рахмат сага,- деп Иман уулунун артынан армандуу тиктеп кала берди. Бирок ушуну менен эле ата жүрөгү тынч алып жатып калган жок. Ар күнү келип уулунун артынан акмалап жүрө бергенди адат кылып алды. Анын жүзүн, көзүн көрүп, үнүн угуунун, ата болуунун өзү бакыт экенин эми сезип турду. Күн көрбөй калса, кымбат нерсесин жоготконсуп бир орунга тура албай калат.
Ал күнү Рустам менен Айнура сабактан кийин сейилдеп басып жү-рүшкөн. Аңгыча Айнура Рустамды колтукка түртүп:
– Рустам, карасаң, сени баягы киши дагы карап турат. Оо, карасаң, сүрөткө да тартып жатат. Мына кызык!
Рустам жалт карады.
Ал Иман артынан ээрчип жүргөнүн сезген. Артынан калбаганына жини келип, Иманды көздөй басты.
– Сен кайда, Рустам?
– Азыр, сен бара бер.
Иман өзүн беттеп келаткан уулун көрүп, апкаарый түштү. Рустам болсо сумсайган калыбында басып келди да:
– Сизге эмне керек?!- деп катуу унчукту.
– Уулум, мен...
– Мен сиздин уулуңуз эмесмин! Эч качан антип атабаңыз! Менин атам болгон эмес! Атасыз деле жашайм! Болду, жетишет! Мындан ары менин артымдан ээрчигениңизди токтотуңуз!
– Кантип, балам?! Мен азыр таптакыр жалгызмын! Менин сен менен Айшадан башка бул жарык дүйнөдө эч кимим жок! Ооба, ат көтөргүс оор күнөө кылгам, тагдырдын жазганы ошол болсо кантмекмин, Рустам?!
– Токтотуңуз, апамдын атын атаганга акыңыз жок! Сиз үчүн, сиз үчүн... Болду, эч нерсе деп айтпаңыз! Рустам ушуларды катуу айтты да, алыстай берди.
Уулунун мүнөзүнүн ушунчалык катаалдыгына таң калган Иман тагдырынын өкүмүнө көнүп калган жок. Ошол күнү Айшага кат жазганы отурду.

***

Сырттан кирип келген Рустам апасынын жүзүн көрүп чочуп кетти.
– Апа, апаке, эмне болду?!
Айша уулунун көкүрөгүнө башын жөлөп күбүрөй берди.
– Мен аны бекер күтпөгөн экем да. Эбак үмүтүм үзүлүп калганда...
– Кимди, апа?!
Айша жооп берген жок. Көзүнөн аккан жашын шыпырып алып, өзүнүн бөлмөсүнө жөнөдү. Кайрадан Имандан келген катты окуй баштады.
“Айша, менден кат күткөн эмес-тирсиң. Албетте, ортодон көп жылдар өттү. Бул жылдар сени да, мени да өзгөрттү. Бирок кайрадан тагдыр экөөбүздү жолуктуруп, бет келиштирип отурат. Ушунча жыл бою мен сенден кабар албадым. Кечир, мени. Сенин көргөн азабыңды беш ооз сөз менен актай албасам керек. Ошентсе да аялдык жүрөгүң менен мени угуп, катымды аягына чейин окуп чыгарыңа ишенем. Тагдыр мени өзү жазалады. Бала дегенде ак эткенден так этсем да, бир перзенттүү боло албадык. Ушул күндөрү мен сени, сенин балаңды көп ойлочумун. Бирок алдыңа барып кечирим сураганга дитим барбады. Анан да экөөңдүн жашооңо аралашкым келген жок. Анткени силердин жашооңордон өзүмө орун жок деп эсептечүмүн. Бирок уулумду көргөндөн бери түн уйкум төрт бөлүндү. Рустамдын мага сырткы келбети гана окшобостон, мүнөзү да окшош экенин сездим. Анткени мендеги катуулук уулумда да бар экен. А сен андай эмессиң. Баарынан да сенин мээримдүү көздөрүң өзгөрбөгөнүнө таң калдым. Ушунчалык таң калдым. Эх, айта берсем арман көп. Сага кат жазганымдын себеби... Эмнеге кат жазганымды өзүм да билбейм. Бир билгеним, жүрөгүмдө муштумдай таш турат. Сени менен жолугуп сүйлөшсөм дейм. Эгер мүмкүн болсо. Дагы бир жолу кечирим сурайм. Эгерде жолуга ала турган болсоң, менин телефонум ушул...”
Айша алакандай баракты тиктеп көпкө отурду. Жүрөгү катуу согуп, тагдырынын жаңы барагын барактачудай апкаарыды. Көпкө чейин ойлонуп отурду. Анан ордунан акырын туруп, Имандын телефон номерин тере баштады.
– Алло...
– Иман... Бул мен...
– Айша... Айша, сенби?! Телефон чалганыңа рахмат!

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AazamatBBB
2010-05-28 20:24:14
)))
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан