Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин калемине таандык «Булбулум» аттуу ыры Түркиянын TRT Avaz телеканалынан атактуу түрк ырчысы Ирфан Гүрдалдын аткаруусунда комуздун коштоосунда жаңырды. Залда отурган түрк көрөрмандардын, кийин видео интернетке тараган соң көптөгөн колдонуучулардын колдоосуна арзыган Ирфан мырза менен байланышканыбызда ал буларга токтолду:
– Мен 30 жылга чукул түрк тилдүү элдердин музыкаларын изилдеп, салттуу ырларды аткарып жүрөм. TRT Avaz телеканалындагы музыкалык берүүлөрүмө кыргыздардан таланттуу инсандар, анын ичинде Бакыт Шатенов, Дилшат Кангелдиева өңдүү ырчыларды чакыргам. 2011-жылы Ош шаарында өткөн музыкалык фестивалда Элмира Кайып кызы менен таанышып калдым. Андан кийин ар кандай фестивалдарда жолугуп калчубуз. 2014-жылы TRT Avaz каналындагы «Turk Toyu» көрсөтүүсүнө Элмира Кайып кызы келди. Ошондо экөөбүз «Булбулумдун» жаралуу тарыхы боюнча сүйлөшүп, мага ыр жагып калып, аткаруу үчүн Элмирадан уруксат сурадым. Ал менин сунушума макул болуп, ырдын автору Элмирбек Иманалиев дагы каршы болбосун айткан. Жакында эле Элмиранын дүйнө салганын уктум. Аябай капаланып, эскерүү иретинде «Булбулумду» ырдап чыктым.