«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» демекчи, шайыр, тамашакөй ырчы Курал Чокоев өзүн актёр катары сынап жаткан учуру. Орусиялык тасма жаратуучулар тартып жаткан сериалга Курал Чокоевден башка режиссёр Эрнест Абдыжапаров, актриса Сайра Эсенбаева, Мээрим Атантаева жана актёр Анвар Осмоналиев роль жаратууда. «Тасмага тартылуу үчүн атайын кастингге катышып, өзүмө тиешелүү ролду алдым» деген Курал Чокоев сериал тууралуу буларга токтолду:
– Келишим боюнча, азырынча тасманын продюсери, режиссёру жана аталышы тууралуу толук маалымат берүүгө болбойт.Анын үстүнө сериал толук тартылып бүтө элек, 1-сериясы гана тартылды. Сериалда Орусияда жашаган кыргыз үй-бүлөсү тууралуу баяндалат. Сериал баш аягы 8 сериядан туруп, 7 сериясы келе жаткан жылы тартылат.