Болливуд жылдызы Рахат Фатех Али Хан «Banjarey» ырына Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдөн клип тарттырды. Романтикалуу клиптин баш каармандары индиялык актриса Ниту Чандра жана кыргызстандык модель, «Mister Universal Ambassador-2016» эл аралык сынагында «Келечектен көптү үмүттөндүргөн модель» наамына ээ болгон Нурсултан Айталиев болушту. Клип тууралуу Нурсултан Айталиев: «Индиядагы киностудиялардын бири биздин моделдик агенттикке «клипке тартылууга жигит керек» деп кайрылышты. Менеджерим менен кеңешип, өзүм тууралуу керектүү маалыматтарды жибергенбиз. Көп убакыт өтпөй мени тандагандарын билдиришти. Эки тарап макулдашкан соң алар Кыргызстанга келишти. Тартуу иштери сентябрь айында Ысык-Көлдөн болуп, муздак болгонуна карабай таңкы саат 6да сууга түшүп жаттык»,- дейт.
Белгилей кетсек, буга чейин дагы бир Болливуд ырчысы Анкит Тивари Кыргыз жергесинде клип тартып кеткен.