ПАВЛОВНИЯ – КЕРЕМЕТ ДАРАК: ГҮЛҮ ТАМАККА, ЖАЛБЫРАГЫ ТОЮТКА, ЖЫГАЧЫ ҮЙ КУРУУДА КОЛДОНУЛАТ


Токтогул районуна караштуу Токтогул шаарынын 60 жаштагы тургуну Болотбек Батырканов 1 гектар жерге жалбырактары ашкабактыкындай далдайган, бою теректей болуп бийик, бирок андан да 2 эсе бат өсчү павловния дарагын өстүрүүдө. Ал эмне болгон дарак, пайдасы эмнеде экенин билүү үчүн жерине барып көрүп кайттык. Эмесе, калганын каарманыбыз өзү баяндасын.

ПАВЛОВНИЯ ДАРАГЫ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

  • Кытайда жалбырагы элдик медицинада жана фармацевтикада колдонулат. Андан жасалган дары боордун, өттүн, бөйрөктүн иштөөсүн жакшыртат.
  • Уругунан техникалык май алынат.
  • Японияда император дарагы деп аташат жана гүлү менен жалбырагынын сүрөтү тыйындарга түшүрүлөт.
  • Жыттуу сырьё катары парфюмерия жана косметологияда да колдонулуп келет.


«КУРТ-КУМУРСКА ЖОЛОБОЙТ, ЖЫГАЧЫ ОҢОЙ МЕНЕН ӨРТТӨНБӨЙТ»

– Мен музыка мугалимимин. Бирок жашымдан өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жакынмын. Өткөн жылы радиодон павловния дарагы тууралуу угуп калдым. Кызыгып интернеттен карасам, жалбырагы тоютка, жыгачы там курууда пайдалана турган керемет дарак экен. Ошо кызыгуум менен багбандардан сураштырып уругун Кытайдан
23 000 сомго алдырып, өстүрүп жатам.
Интернеттен билгендеримди айтсам, павловния же адам дарагы – көп жылдык, 8-9 жылда толук жетилип бийиктиги 15-20 метрге чейин жетет. Жалбырактарынын көлөмү 20-50 сантиметрге чейин жетет. Кадимки дарактарга салыштырмалуу көмүр кычкыл газын 10 эсе көп жуткандыктан абасы булганган аймактарга отургузуу сунушталат. Бою бат өсүп, тамыры бат жайылгандыктан өрттөнгөн, сел алган аймактарга отургузса ошол жерлерди эрозияга учуратпай, бат эле көрктөндүрүп жибере турган касиети бар экен.
Дарактын жыгачы жеңил, курамында чайырдуу заттардын аздыгына байланыштуу өрткө туруктуу, ал эми таниндин көптүгүнөн курт-кумурска жолобойт. Андыктан эмерек, музыкалык аспаптар, спорттук инвентарлар жасалат. Фанера алынат. Азыр Орусиядан келип жаткан карагай, тактай дегендер кымбат. Андыктан павловния өстүрсөк, арзан курулуш материалына ээ болобуз. Мен өзүм музыкалык аспаптарды жасап жүргөндүктөн, дарактар жетилсе андан чоор, комузга капкак жасап көрүүнү да пландап койгом.
Павловния Түндүк Америка, Европа жана Азияда кеңири таралган. Мекени Кытай, ал жакта ажыдаар дарагы деп аталат экен. Учурда башка климаттуу аймактарда да өстүрүү колго алынып, акыры бизге да жетти. Маалыматтарга караганда, 7-8 жылдык дарактан 1 куб метр жыгач алынат.

«5 АЙДЫН ИЧИНДЕ КЭЭ БИРИНИН БОЮ ҮЧ ЖАРЫМ МЕТРГЕ ЖЕТИП КАЛДЫ»

– Менин адырдагы багымда 700 түп павловния бар. Алды жаздан бери (5 айда) 3-3,5 метрге чейин жетип калды. Эң кичинелеринин бою – 1,2 метр. Окумуштуулардын айтканына караганда, жалбырагынын курамынын 20 пайызы протеинден (белок) турат жана даамы беденин даамына окшош, андыктан малга тоют катары колдонулат. Муну билген соң жалбырактарынан жулуп малга салып көрдүк, жешти. Салат үчүн колдонсо да болот экен. Бирок аны жасап көрө элекпиз. Багыбыз быйыл гүлдөгөн жок. Бирок гүлүнүн жыты ванилдин жытына окшошуп кетерин жана аны Европа өлкөлөрүндө десертке даам берүү үчүн кошорун интернеттен окудум. Дарак уругу жана тамыры калемчеси аркылуу көбөйөт.

ӨСТҮРҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮ КЕРЕК?

– Павловниянын уругу өтө майда. Жазга чейин өнүп, көчөткө жарап калсын деп өстүрүүнү кышында баштадым. 3 мүшөк кара топурак сатып келип, аны жашиктерге салып, урукту септим, 12-13 күн дегенде өнүп чыкты. Бойлору 3-4 сантиметр болгондо бир жолу колдонулуучу стакандар менен кайра кара топурак алып келдим. Стакандарга кара топурак менен кыкты аралаштырып салып, көчөттөрдү бирден көчүрүп отургуздум. Бою 10-15 сантиметр болгондо гүл отургузчу идиштерге которууга кезек келди. Гүл идиштер кымбат болот экен, андыктан акчанын жетишинче алардан алып, калганына консерва идиштерин колдондум. Бул үчүн кара топурак, торф сатып келдим. Анан идиштердин ичине клёнка, кара топурак, торф салып көчөттөрдү көчүрдүм. Жазында жерге отургузганда баягы клёнкасы менен сууруп алып, ошол клёнкасы менен отургуздук. Анткени андагы кара топурак мында да азык болуп, көчөттүн бат тамырлап кетишине шарт түзмөк.
Жерге отургузарда үшүк албасын, түбүндө ным сакталсын деп бир нече рулон клёнка алдым. Жерди айдаткан соң отургузулчу көчөттөрдүн аралыктарын белгилеп клёнкаларды узунунан жерге салдык. Анан көчөттөр отургузулчу жерлерди тешип, бойлору 15-20 сантиметр болуп калган көчөттөрдү отургузуп бага баштадык. Көчөттөрдүн аралыктарын 4x4 метр кылып отургуздук. Бою бийик болуп түз өсүүсү үчүн капталдарына чыккан бутактарды кол менен жулуп, сындырып салабыз.
Суунун бул жакка келиши кыйын. Каражат болсо тамчылатып сугаруу ыкмасына өтсөм дейм. Бактын тегерегин коргогонго темир торго (сетка мак), түтүктөргө 90 000 сомдой кетти. Жазда кара топурак, торф, клёнка, идиштер үчүн
15 000 сомдой кеткен.
Бакты кайтартуу үчүн кароолчу алгам, ага айына 5000 сом төлөйм. Дарактын жалбырактары катуу суук түшкүчө саргайбай жашыл бойдон тура берет экен. Муну өзүңүздөр да көрүп турасыздар. Жалбырактары түшсө чогултпай калтырып койсо өздөрүнө кайра жер семирткич болот экен. Кышта сөңгөгү эле калат да жазда кайра көктөйт.
Менин билишимче, Ысык-Көлгө да 5 гектарга павловния тигишкен.

Аталышы орус императору Павел Iдин кызы Анна Павловнанын атынан, тагыраагы, атасынын атынан коюлган. Дарактын гүлдөп тургандагы көрүнүшү, уругу жана гүлү.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлү тамакка, жалбырагы тоютка, жыгачы курулушка колдонулган павловния дарагы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Siren90
2017-11-21 15:40:17
Уругу кыргызстанда сатылабы, кайдан тапсак болот
+4
Talant0906
2017-11-24 07:35:36
Урматтуу супер инфо ушул адамдын толук дарегин же телефон номерин айтып койунуздарчы.
0
admin_media
2017-11-29 10:28:05
Talant0906,
Саламатсызбы! Токтогул шаары, ул. Ашырова 14. Болот Батырканов
0
zhalyn001
2018-01-06 08:18:29
магада керектуу дарак экен он штук уругун канчадан алсак болот мисалы
0
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан