ЫСЫК САЛАТТАР

Ысык салаттарды универсалдуу азык деп атасак жарашат. Анткени алар тоюмдуу болгондуктан, эртең мененки жана кечки, жадакалса түшкү тамактын ордун да толуктай алат. Келиңиз, менюбузду ысык салаттардын рецепттери менен толуктайлы.

УЙДУН ТИЛИНЕН ЫСЫК САЛАТ


4 порция
Даярдоо убактысы –
90 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Уйдун тили – 200-300 грамм
Козу карын – 200 грамм
Туздалган бадыраң – 50 грамм
Бөдөнөнүн жумурткасы – 5-6 даана
Пияз – 1 баш
Каймак май – 1 аш кашык
Черри помидору – 5-6 даана
Өсүмдүк майы – 1 чай кашык


Соус үчүн:

Горчица – 1 аш кашык
Зайтун майы – 1 аш кашык
Лимон ширеси – 1 чай кашык


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

1. Уйдун тилин бычак менен кырып, муздак сууга жууп, жай отто кайнатып бышырабыз. Эми тилдин терисин сыйрып салабыз да, тилди узун-узун туурайбыз.
2. Туздалган бадыраң менен пияз жарым тегерек, помидор чоң-чоң, козу карын ичке тууралат.
3. Бөдөнөнүн жумурткасын 2-3 мүнөткө кайнап жаткан туздуу сууга салып, чыгарып дароо муздак сууга салыңыз.
4. Козу карынды каймак майга бышканча кууруп алабыз.
5. Зайтун майына горчица, лимон ширесин кошуп салат үчүн атайын соус даярдап алабыз.
6. Чоң идишке тууралган тилди, бадыраңды, пиязды жана куурулган козу карынды салып, үстүнө соустан куюп аралаштырабыз. Салатыбыз даяр!
7. Салатты тарелкаларга салып, экиге бөлүнгөн жумуртка, помидор менен кооздоп коёбуз.


«ХАНЫША» САЛАТЫ

6 порция
Даярдоо убактысы
– 60 мүнөт


Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 4 даана
Уй же кой эти – 300 грамм
Помидор – 2-3 даана
Болгар калемпири – 2 даана
Сыр – 200 грамм
Сарымсак – 3-4 тишче
Майонез 3-4 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

1. Баклажандарды калыңдыгын 0,7 миллиметрдей кылып аягына жеткирбей 6-7 кесимге тилип, туздан себелеп 30 мүнөттөй тыныктырабыз.
2. Уйдун этин кайнатып бышырып алабыз.
3. Болгар калемпирин узатасынан 5-6 бөлүккө бөлөбүз, помидорду жарым тегерек формасында, сыр менен этти жалпак кылып туурайбыз.
4. Баклажандын ортосуна ирети менен эт, сыр, болгар калемпирин, помидорду салып, үстүнө майда тууралган сарымсак, мурч кошулган майонезди сүйкөйбүз.
6. Баклажандарды табага тизебиз да, 180 градуста 30-40 мүнөт бышырып алабыз.


«ДЕҢИЗ БЕЛЕГИ» САЛАТЫ

4 порция
Даярдоо убактысы
– 20 мүнөт


Керектелүүчү азыктар:

Балык – 400 грамм
Помидор – 2 даана
Салат жалбырагы – 2 боо
Жумуртка – 3 даана
Картошка – 2 баш
Төө буурчак саадагы – 100 грамм
Бал – 1 аш кашык
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

1. Лимон ширесин жана балды аралаштырып соус даярдайбыз.
2. Сууга бышырылган жумуртканын кабыгын аарчып, узатасынан 6 бөлүккө бөлөбүз. Помидор менен салат жалбырагы чоң-чоң тууралат.
3. Төө буурчак саадагын туздуу сууга бышырып алабыз.
4. Балыкты кылканынан тазалап, этин 2x3 сантиметр өлчөмүндө, картошканы ичке, жалпак туурап өз-өзүнчө кызарта кууруп алабыз.
5. Эми азыктардын баарын бир идишке салып, татымына жараша туз, мурч, атайын салат үчүн даярдаган соусубузду кошуп аралаштырабыз.



ВИТАМИНДҮҮ ЫСЫК САЛАТ


6
порция
Даярдоо убактысы –
20 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:

Шампиньон – 400 грамм
Шпинат – 1 боо
Болгар калемпири – 4 даана
Пияз – 2 баш
Зайтун майы – 4 аш кашык
Апельсин ширеси – 4 аш кашык
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Грек же кедр жаңгагы (маңызынын майдаланганы) – 4 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

1. Жашылчалардын баары жуулуп, тазаланат да, болгар калемпири төрт чарчы, пияз жарым тегерек, ал эми козу карын ичке-ичке тууралат.
2. Пияз менен козу карынды зайтун майына 3-4 мүнөт кууруп, үстүнө болгар калемпирин салабыз.
3. Жашылчаларды дагы 5 мүнөт кууруп, оттон чыгарабыз.
4. Салатка апельсин жана лимон ширесин, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
5. Шпинатты тарелкага тизип, үстүнө салатты салып, куурулган грек же кедр жаңгагынан себелейбиз. Салатыбыз даяр!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
deva
2017-11-21 09:25:51
Даамдуу салаттар окшойт, жасап көрүш керек
+2
hanisa
2017-11-21 11:16:29
Витаминдуу ысык салаты жаккты
+3
Aelina2017
2017-11-21 12:10:50
Мммммм даамду витаминдуу оной жасалган салаттар экен созсуз турдо жасап коробуз
+3
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан