– Мен барбайм, сиз мени жаздырган курска барбайм. Кечке эле сиз каалаган нерсени кыла беремби?
– Барасың!- деп жерди бир тептим.
– Мен бар-рбайм!- дедиң да чыгып кеттиң. Эшикти күч менен тарс жаптың. А мен корктум. Биринчи жолу сенин эркиндигиңди чектеп жатканымды байкадым. Өзүм эркиндикти ушунчалык сүйүп туруп сенин эркиндигиңди чектеп жатканым кандай? Атаң айтмакчы, чектен чыгып контролдоп жибердимби? Кана, кайда ошол чек? Уулуңду коруу менен анын эркиндигин чектөөнүн ортосундагы чекти мага ким таап берет? Ким бул туура, бул туура эмес экенин айтат? Энелик зор бир иш. Жоопкерчилик дагы. Сыртка чыгып балдар менен көпкө турганды адат кылып алдың. Менден сыр сактачу болдуң. Кээде жөн гана жооп бербей койгонго өттүң. Чоңойдуңбу? Мен кантип байкабай калдым? Минтип чоңоюп кеткенге качан үлгүрдүң?
Бирок сен азыр деле мен үчүн кичинесиң, 30-40-50гө чыксаң деле мен сени дал ушундай жамандыктан сактап, коруп, уйку көрбөй санааркап чыгам. Билем, барып турган акылсыздык. Дагы канча жолу бул эшик так маңдайымдан жабылар экен? Канча жолу пикир келишпестик болор экен? Балким, сен 18 жашка чыкканыңда үйгө келбей баштаарсың. Балким, сабагыңдан начарлайсың, бети-башың көгөрүп келет. Ох, мен ага кантип чыдайм? Ойлонуп отуруп мен сага кат жазууну чечтим. Бул катты сага качан береримди билбейм. Балким, бербестирмин. Ошентсе да...
Жаным уулум, сен менин башыма келген эң чоң бакытсың. Сенден башка балдарым да бар, дагы болор деп үмүт кылам. Бирок сен мен үчүн башкасың. Анткени сен мени адам кылдың! Ооба, сен мени, апаңды, башы-аягы жок жүргөн адамды, жоопкерчиликсиз, кежир, өзүн да, өзгөнү да аябаган ташбоор, катуу адамды өзгөртө алдың. Эч кимдин колунан келбеген ишти, атүгүл өзүмдүн колумдан келбеген эрдикти сенин кичинекей жүрөгүң жасады. Сени төрөдүм да, сени менен кайра жаралдым.
Сени биринчи кучагыма алган күндү эч унутпайм. Сен мени эч ким бактылуу кыла албагандай бактылуу кылгансың. Кучагымда бир ууч болуп жаткан сени көрүп өмүрүмдө мынчалык бакытка мас болбогонумду билдим. Биринчи жолу адамга ушунчалык керек экенимди сездим. Сени менен өзүмдү болуп көрбөгөндөй күчтүү сездим. Сен акырындап чоңоё баштадың. Биринчи күлкүң, тишиң жарылганы, биринчи кадамың, бала бакчага барганың, биринчи сүйүүң, мектепке барганың, бардыгы эсимде. Мен бул этаптын ар биринде корктум. Аяк таштаганыңда жыгылып кетеби деп, бала бакчага барганыңда ачка калдыбы, балдар уруп коёбу, айтор, ар бир нерседен сени сактаганга аракет кылдым. Сени ар балээден сактагым келет. Балким, өзүңдөн дагы... Ката кетирүүңдөн... Мүнөзүңдөн... Сенин жумшактыгыңдан... Ишенчээктигиңден... Таш боор адамдардан... Кечир мени, туура эмес кылам. Чоңойгонуңду унутуп калам дайыма. Бирок билгин, мушташып көзүң көгөрүп келсең менин жүрөгүмө бирөө муш салганы. Сен жыгылсаң менин тизем какшаганы, сен оорусаң эки миң эсе ооруганым. Бул нерсе жылдар өтсө да өзгөрбөйт. Болгону ошону бил. Анан мен жазып койгон курска сага жакпаса да барып көрүшүңдү каалаар элем!
Апаң